www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муфтият битир-садаганын баасын бекитти

Махабат Алымбекова 23-май 2017, 11:18

Коом


Муфтият битир-садаганын баасын бекитти

Чогулган каражат комиссия түзүлгөндөн кийин бир айдын ичинде муктаждарга таратылат.

 Орозо айында бериле турган битир-садаганын өлчөмү бекитилди. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Рамазан айында берилүүчү битир быйыл 1 адамга 1 килограмм 600 грамм буудайдын баасына барабар болот. Натыйжада базар баасы менен алганда битир ар бир адамга 30 сомдон эсептелди.

 Ошондой эле битир-садага буудайдан башка ун (1 кг 600 грамм), мейиз (1 кг. 600 грамм), арпа (3 кг 200 грамм), курма (3 кг. 200 грамм) менен да өлчөнөт. Алсак, мейиз – 368 сом, ун – 35, арпа – 48 сом болсо, курманын битирге тиешелүү баасы 380 сом деп эсептелген. Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришкендей, мусулмандар жогоруда көрсөтүлгөн сумманын каалаганын тандаса болот. Бирок муктаждарга көбүрөөк жардам берүү үчүн эң жогорку баа менен битир берүү сунушталат. 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83