www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Египеттеги зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Махабат Алымбекова 29-май 2017, 09:35

Коом Дүйнө жүзүндө


Египеттеги зыяратчыларга кол салуу үчүн ИМ тобу жоопкерчилик алды

Египеттеги христиан-зыяратчыларга кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. Экстремисттер 32 адам өлтүрүлгөнүн билдиришүүдө.

Египет бийлигинин маалыматында окуядан 29 адам каза таап, 13ү жаракат алганы жана алар ооруканада экени айтылат.

25-майда куралчан топ өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Минья провинциясындагы монастырга бараткан зыяратчылардын автобусуна кол салган.

Окуядан кийин Египет президенти Абдел Фаттах ас-Сиси "Ислам мамлекети" террордук тобунун Ливиядагы машыгуучу базаларына абадан сокку урулганын жарыялады. Ишембиде аскерлер зыяратчыларга кол салууга катышкан согушкерлер даярдалган бир нече база жок кылынганын билдирген.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83