www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенерин билдирди

Махабат Алымбекова 29-май 2017, 15:15

Дүйнө жүзүндө


Трамп күйөө баласы Жаред Кушнерге толугу менен ишенерин билдирди

АКШ президенти Дональд Трамп кеңешчиси жана күйөө баласы Жаред Кушнерге  толугу менен ишенерин билдирди.

The New York Times кабарлагандай, Трамп күйөө баласы миллиарддаган долларларды үнөмдөөгө жол ачкан программалардын үстүнөн иштөө менен өлкө үчүн чоң иш жасап жатканын айткан.

Бул арада президент Твиттердеги баракчасында ММКларды Акүйдөн чыккан жалган маалыматтарды таратууга айыптады.

АКШда Трамптын шайлоо штабынын Орусия менен былтыркы ыктымал байланыштарын иликтөө улам тереңдеп баратат. 25-майда ФБР президент Трамптын бир тууган күйөө баласы, азыр Ак үйдүн кеңешчиси Жаред Кушнерди да текшерип жатканы билинген.

Конгресстеги демократтар Кушнердин Сенаттын комитеттеринде жана Өкүлчүлүк палаталарында көрсөтмө берүүсүн талап кылышты. Президенттин күйөө баласы Трамп президенттик кызматына кирише электе Орусия элчиси менен жолуккандыгы үчүн сынга кабылууда. Ички коопсуздук министрлигинин башчысы Жон Келли болсо Орусия менен кошумча каналдарды түзүү – жакшы идеа деп эсептейт.ку


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83