Гүлжан Шерипбаева 30-май 2017, 14:55
Орусиянын Москва шаарында болгон катуу шамалдын кесепетинен каза болгондордун катарында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Катуу шамалдан жабыр тарткандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жок экендиги элчилик тарабынан такталууда. Орусиялык расмий кызматтардын берген алдын ала маалыматтары боюнча жалпы тизме бар. Бирок азырынча паспорт боюнча жарандыктары тактала элек", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Эске салсак, 29-майда Орусиянын Москва шаарында катуу шамал жүрүп, бактар кулап, 140ка жакын адам жабыркап, 13 кишинин өмүрүн алганы айтылган. Бүгүн дагы бир адамдын каза болгону белгилүү болду.
Камчыбек Бостон, NazarNews.kg
Москва шаары
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!