www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭКСКЛЮЗИВ - Казакстан-Кайрат Нуртас, ырчы: “Он беш жыл азан чакырган адам бейишке кирет эмеспи, менин кыялым мечитте азан айтуу”

Айдар Нуралиев 31-май 2017, 21:40

Маек Маданият


ЭКСКЛЮЗИВ - Казакстан-Кайрат Нуртас, ырчы: “Он беш жыл азан чакырган адам бейишке кирет эмеспи, менин кыялым мечитте азан айтуу”

Сиздер көптөн күткөн күн келди. Казакстандын атактуу ырчы мырзасы Кайрат Нуртас 26-май күнү борбор калаабызга Бишкекке келип жеке концертин тартуулады. Ал эми биздин сайт убадалагандай ырчы мырзадан эксклюзивдүү маек алып келди. Анда, төмөнгө назар салыңыздар!

 - Кайрат, Кыргызстанга кош келипсиң! Акыркы учурда тынымсыз концерт берип, жер кыдырып эле жүрөсүң. Качан эс аласың?

- Кош келдим. Эми темирден жаралган эмеспиз го... Жаныбыз бар. Бирок, Жараткандын колдоосу, элдин аркасы менен аман жүрөбүз. Бул үчүн шүгүр кылам. Чынын айтсам, бош күнүм жок. Бир күнүм экинчи күнүмө окшобойт.

- Өмүрдүн өзү күтүү жана үмүттөнүү деген эки сөздөн турат экен. Сен буга кошуласыңбы?

- Ооба, сөзсүз кошулам. Себеби, бала чагымдан элге кызмат кылган ырчы болсом деген үмүтүм бар болчу. Аны эс тартканга чейин күттүм. Максаттарыма жеттим.

- Абдан жөнөкөй жансың. Сендеги бул сапат сага кимден өткөн?

- Чынын айтсам, мен муну түшүнбөйм. Кимден өткөнүн билбейм... Бирок, кээ бир учурда өз ордумду биле турган мезгилдер болот. Ата-энемдин тарбиясы, мени курчаган досторумдун таасири менен жөнөкөй болуп жүрсөм керек.

- Сен аткарган ар бир ыр хитке айланат. Ырды кантип тандайсың?

- Ырларымды өзүм тандайм. Себеби, өнөр улутка эч качан бөлүнбөйт. Кайсы тилде болбосун жакшы ыр болсо, сөзүн түшүнбөсөм да обонуна ашык болуп калмай жайым бар. Мына ошондуктан, мен обонго көбүрөөк көңүл бурам.

- Футболго жакын экениңди билем. Кайсы клубга күйөрмансың?

- Спорт тууралуу кеп кылсак, мага футбол ойногон абдан жагат. Мен футболдук клбударга эмес, оюнчуларга күйөрмандык кылам. Месси менен Криштиануну мыкты оюнчулар деп эсептейм.

- Ар бир концерттериңде күйөрмандарыңа костьюмдарыңды белекке берип жүрөсүң. Өзүңө костьюм калдыбы?

- Сахнада жүргөнүмө он жылдан ашты. Он жылдан бери келе жаткан костьюмдарым абдан көп. Аларды эмне кылмак элем? Музейге койбойм же сатпайм. Костьюмдарымды белек берүү чон кубаныч го... Аны алган күйөманым тумар кылып сактап, ар дайым сүйүнүп жүрөт.

- Ишке аша элек кыялдарың барбы?

- Ооба. Менин эң башкы кыялым мечитте азан чакыруу. Он беш жыл токтобостон азан чакырган адам бейишке кирет деп айтылат. Кудай буюрса, Жараткан мага да он беш жыл азан чакырууга насип кылса деп тилейм. 

- Ниеттериң кабыл болсун! Сага ийгилик!

- Ыраазымын!

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83