www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат журналист Бабакуловдун макаласына баа берүүнү талап кылды

Махабат Алымбекова 01-июнь 2017, 14:06

Коом


Депутат журналист Бабакуловдун макаласына баа берүүнү талап кылды

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айрым депутаттар улуттар аралык кастыкты козуткан адамдардын жоопкерчилигин күчөтүп, атүгүл жарандыктан ажыратууну сунушташты. Буга журналист Улугбек Бабакуловдун “Фергана.ру” сайтына жазган макаласы себеп болду.

Эл өкүлү Мурадыл Мадеминов июнь коогасынан кийин тынчтык зор күч менен орногонун айтып, кастыкты козуткан адамдарды жарандыктан ажыратуу маселесин көтөрдү.

- Азыркыга чейин каргашалуу июнь калабасында балдарын жоготкон аялдардын көз жашы тыйыла элек, жүрөктөрү ооруп турат. Журналисттин макаласы - чагым. Бул макала окуя болгон күнгө жакын жазылып жатат. Кыргызстанда эми гана тынчтык орноп келатат. Аны ушундай бир сөз менен бузуп коюуга болот. Тартип коргоо органдары мындай макалаларга көнүл буруп, баа бериши керек.

Журналист Улугбек Бабакулов эл өкүлдөрүнүн сынын чет кагып, айрымдар макаланын маанисин түшүнбөгөнүн “Азаттык” радиосуна билдирди.

- Мен социалдык тармактарда улуттар аралык мамилени козуткан пост, пикирлер жазылып жатат деп, ошолорду которуп жазгам. Ошого атайын кызматтар бөгөт койсо дейм. Мен ошол маселени көтөрдүм. Атайын кызматтар саясат менен алектенбей, ошол нерселерди да көзөмөлдөшү керек.

2010-жылдын июнь айында Ош, Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, 442 адамдын өмүрү кыйылган.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83