Перизат Кутманалиева 19-июнь 2017, 10:41
Урматтуу мекендештер! Мен бир кызык окуяны угуп, төбө чачым тик турду. Ошол окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура таптым. Таанышым ооруп жаткан кудагыйынын ал-акыбалын сураганы барып калат. Жашы 93тө экен. Ден-соолугун сурап отуруп калдык. Анан бир маалда эле кудагый апа: “бекер кылышты, бекер кылышты, – деп күңгүрөнүп сүйлөп калды дейт. – Аны камаштын кереги жок болчу. Атаңа наалат, бекер камашты…” “Кудагый, кимди айтып жатасыз,” – деп жеңем сурап калбаспы. “Кимди айтмак элем, жанагы Ө.Текебаевди айтып жатам. Бекер эле камашты,- дейт кудагый апа кайталап. – Бул адам элди ойлогон адам. Мындай адам чанда бир келет заманга. Ажобуз айныды. Бекер камады, Мунун арты жакшы болбойт…” Байбиче ошентип сүйлөп жатып, бир топко унчукпай калды дейт. Биз “карыган адам чарчаса керек” деп, турганы жатканыбызда кичүү келин ага суу бермекчи болуп, бир аз желеп, башын көтөрсө, кудагый апа жарыктык менен кош айтышып кете берген экен. “Отургандар ызы-чуу эле түшүп калды, – дейт таанышым. – Таң калдык, эмне үчүн Текебаевди айтып кетти?”-деп. Таанышымдын сөзүнө мен да таң калдым. Тообо, жан берип жатып, кемпирдин күңгүрөнгөндүгүн эмне деп жоорусак болот?..
Марлен Асанов
Булак: “Алиби”
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!
Ак ийилет бирок сынбайт.Талант Джантелиев жанында журдун беле,марадерлук жасап жатканда.Атамбаев айткан он кубонун бироосу сенсинби.Соттун чечими чыга элек адам,сырттан чечим чыгарбайлы.Ар кимибиз озубузду ондойлучу.Президенттибиз баш болуп,антпесек денгээлибиз томон болуп кетти.Ушактан ойдо которуло албай калдык.
Текебаев, азыр эч ким эмес. 7 жыл мурунку Текебаев менен азыркы Текебаевдин айырмасы Асман мене жердей. Байкуш кемпир, мурунку Текебаевдин образын туу тутуп, отуп кетиптир. Текебаевдин жаны тарыхын билбей отуп анткени, мумкун ырас эле болгондур, жок дегенде бир адам Аны идеал тутуп, бул дуйно менен коштошуптур. Бирок..., кемпирге боорум ооруйт...!
Текебаев ким болуп кетиптир, анын соодасы партиялаштары, Текебаевдин санкциясы менен мародерлук жасашканда эле буткон, аны эч ким деле сыйлабай эле калды. Текебаевдин азыркы аракеттеринин баары тен, мал мулкун сактап калуу.