Гүлжан Шерипбаева 31-январь 2017, 14:26
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-январда өлкөнүн ички иштер министри Улан Исраиловду кабыл алды.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Мамлекет башчысына укук тартибин жана коомдук коопсуздукту камсыздоо жана кылмыштуулук менен күрөштү күчөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралу маалымат берилди.
Улан Исраилов мындан тышкары Президентке өлкө ички иштер органдар системасын реформалоо алкагында ички иштер органдарынын ишинин натыйжасын арттыруу чараларын жүзөгө ашыруу жөнүндө айтып берди.
Президент Алмазбек Атамбаев коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иштер комплексин андан ары күчөтүү зарылдыгын, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу чараларын күчөтүүнүн маанисин баса белгиледи.
Мамлекет башчысы ички иштер министри менен милиция кызматкерлерин турак-жай менен камсыздоо жана ички иштер органдарынын кызматкерлерин социалдык колдоо маселелерин талкуулады.
Булак: президент.кж
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!