www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нурайым Шаршенбаева: “Чындап сүйөсүңбү мени, айтчы ...?!”

Гүлжан Шерипбаева 26-июнь 2017, 20:38

Саясат


 Нурайым Шаршенбаева: “Чындап сүйөсүңбү мени, айтчы ...?!”

АЛТЫН КАПАС - МАХАБАТ (повесть)

Көздөгөн жерине жетпей, ушинтип орто жолдо каламбы деп, бушаймандана, анда-санда бир өткөн машиналарга кол көтөрүп,Карлыгач жол жээгинде турду. Айлана күүгүм тартып,көк тиреген тоолор айбаттуу көрүнө баштаган кез. Бул жолдон анда-санда гана машина жүрбөсө, айлана тыптынч.Жаратылыштын ажайып сулуулугуна суктана карап, жолду катар кыңылдай обон созуп келе жаткан Карлыгач, эми минтип өң-алеттен кетип, бирөө көрүнө калчудай тегерегин жалжылдай карап турду. Алыстан дагы бир машина көрүндү.Кылдырап араң келе жаткандай... Эмнеси болсо да, ичинде жардамы тийчүдөй бирөөболсо экен деп, келе жаткан машинага үмүттүү карады. Жалтыраган капкара машинанын жанындагы сулуу бийкечтин кол көтөрүп турганын көрүп, Мырзабек машинасын өтө барып токтотту. Карлыгач сүйүнүчүн жашыра албай күлмүңдөп, машинадан түшкөн жигитке:

- -Саламатсызбы?-деди каш серпий.

- -Салам-деди Мырза кайдыгер,-Машинаңыз бузулуп калдыбы?

- -Ооба...

Карлыгач ийинин куушура, эмнеден билбейм дегенчелик кылып:

- -Карап бере аласызбы?-деди.

Мырзабек унчукпай, машинанын сырт турпатын текшергендей,айлана басып, чылым күйгүздү.

- -Мен мындай машинаны оңдоп көрбөгөм-деди өзүнчө. Көпкө дейре ойлуу, машинаны карап турду да:-Кана ачып көрөлү,-деп, машинанын капотун ачты.Машинанын тетиктери жөнүндө эч түшүнүгү жок болсо да, Карлыгач Мырзабекке кошулуп капоттун ичин карап турду. Мырзабек бат эле капотту жапты да:

- -Кана, машинаңызга отуруңуз да, от алдырып көрүңүз,-деди.

Карлыгач шашкалактай машинага отуруп ачкыч бурады.Бир аз эле мурун “дүрт,дүрт” этип кыйналып турган машина, жан киргендей, от алып кетти. Машинадан түшө калып:

- -Рахмат...-деди жигитке колун сунуп.

- -Эч нерсе эмес,жардам керек болсо кайрылып туруңуз,-деди Мырза кызга тамашалай жооп кылып:

- -Жалгыздап,кеч курун кайда бара жаттыңыз эле?

- -Аа...-Карлыгач тайсалдай түштү,-Ушул жакта, кымыз ичип даарылана турган жер бар экен го,ошол жакка бара жаттым эле.

- -Кымыз ичип...

Мырза ойлонгондой токтоло калды.

- -Ооба,бул жердин өзү эле көп ооруга даары... Жалгыздабай жолдошуңуз менен же курбуларыңыз менен келсеңиз жакшы болмок да. Эми жалгызсырайсыз го,-деди Карлыгачка сырдуу карап.

- -Жалгызсырабайм... Жалгыз болгум келип...

- -Аа,мейли анда бийкеч,жолуңуз болсун. Сиздей сулуунун жалгыздап жүргөнү...Анан да тоо жеринде...

Мырза кыскасүйлөп, машинасына бет алды.

- -Бул жакта сулуу жегичтер барбы?- Карлыгач тамашалай, жигиттин артынан кыйкыра сүйлөдү. Мырза Карлыгачтын сөзүн укпагандай, эскилиги жеттип, кылдырап араң жүргөн машинасын от алдырды да, Карлыгачка кол булгап койду.Бул жигит кетип калса эле кайрадан машинасы жүрбөй калчудай шашкалактаган Карлыгач, машинасынын ачкычын бурады...

ХХ  ХХ  ХХ  ХХ  ХХ  ХХ  ХХ

- Чоң кыз,туруңуз,күн шашке болоюн деп калды,-деген үндөн ойгонгон Карлыгач,колункенен жая керилип алды.Кыргызча оймо түшүрүлгөн чепкен кийген,эки бети анардай жанган толмоч аял тигиле карап:

- -Кандай уктадыңыз?Кечээ жол жүрүп чарчады го деп, эрте ойготконум жок.Бээнин сүтү муздап калды го...-деп,Карлыгачтын жообун күтпөй,эттектерин жерп эттире сыртка чыгып кетти.

- -Рахмат эже,жакшы эс алдым,-деген Карлыгач бул аялдын акыркы сөздөрүнө түшүнө албай: “Бээ сүтүнүн муздап калганы эмнеси?”- деди ичинен ойлоно.

Канча жылдап догдурдан догдурга,табыптан табыпка барып,дартына дабаа таппай айласы кетип, ушундан бир натыйжа болоор деген үмүт менен тоого келген. Жолдошунун арты менен курорттордон да калган жок.Догдуру деле,табыбы деле ден соолугуң ордунда,төрөйсүң дешет. Канчасы, боюңда болгонго жардам берем деп акчасын алып,эч кандай жардам бере алышкан эмес. Турмушка чыккан сегиз жылдын ичинде сексен жолу көрүндү го. Бирок бир майнап чыкпай койду.Жолдошу “сен да көрүнсөңчү”-деген сөзүнө кулак салбай койгон. “Мен жакшы элемин.Балдарым жок болсо бир жөн эле. Тигине үчөө эрезеге жетип турат го,”-деп жинденип койгону да бар. Мындай жооптон соң, жолдошун балалуу болгонго кайдыгер караганына Карлыгач ызаланып кала берген. “Менин бала төрөп бербегениме, негедир капа болгонун деле байкабадым... Кантсе да балдары бар эмеспи... Мага үйлөнүп алганына, мүмкүн, азыр өкүнөттүр... Эки үй-бүлө күтүү деле оңой эмес чыгаар. Кээ бир эркектердей болуп, биринчи жашоосунан таптакыр кол үзүп кете алган жок. Билгизип-билгизбей балдарына күн алыс каттап, алар үчүн жанын берүүгө даяр экенин айтпаса да түшүнүп турам... Балдары эрезеге жетип, өз алдынча турмуш курууга жакындаган сайын, алардан кызганчу болдум. Ушинтип, балалуу боло албай калсам, качандыр бир кезде аларга кайтып кетишине күмөн жок... Качанкыга чейин жалгыз мени кастарлап, алаканына салып жүрө берет дейсиң?! Балалуу аял канчалык бактылуу! Күйөө жокто, жаныңда арка-бел болуп, кубанычың бөлүшкөн, ыйласаң жашың аарчыр, кыйналсаң жардам берээр, сүйлөсөң сөзүң угаар бала эмеспи... А менин Соорондон башка кимим бар да, эмнем бар?! Кудай бир туугандан айтпаса да, жок дегенде бала берсе кана! Бир тилегим, перзентүү болсом... Эркелетип, саамайынан жыттап, эч ким бере алгыз мээримиме бөлөсөм... Арманым жок эле!”

Карлыгачтын жан-дүйнөсүн, жалгыз гана, балалуу болсом деген тилек ээлеп, перзентүү болууга бардык күч-аракетин жумшап, кандай тоскоолдук болсо да жеңүүгө даяр кези...

Карлыгач сыртка чыгып, теребелдин сулуулугуна суктана карап, кенен дем ала, колун жая керилип алды. Нарыда карап турган аял  жанына басып келди да: “ Көп эле кериле бербесеңчи, кыз кишинин эл көзүнчө керилгени жакшы эмес,”-деди. Карлыгач “кайсы кишинин”- дегенчелик, тегерегин карап койду. Бул аялдын кичине кызга айткандай кептерин  жактырбагандай карады.

- -Жүрү, сүттөн ичип ал.

Аял нарыда жайгашкан тапчанды көздөй басты. Артынан илең-салаң араң баскан Карлыгач негедир улуттунуп койду. Чынынын түбүнөнкуюлган сүттү колуна алды да,  жактырбагандай чүрмүйө жыттады.

- -Тамакты жыттабайт. Жөн ич,-деди аял Карлыгачтын сүттү жыттап турганын жактырбай. Карлыгач сүттү көзүн жуумп араң ичип, чыныны аялга сунду:

- -Рахмат!

Аялга, дагы эмне дейсиз дегенчелик, тигиле карады.

- -Сүттү ичээрде “оорума дабаа болсун,”- деп тилек кылып, сүйүп ичсең, дабаасы көбүрөөк тийет. Ырбыйбай мына мендей болуп күчкө толосуң, - деп аял чыныны  алып, чөгүндөгү суудан куюп, чайкап ордуна койду. Бул аялдын улам бир кеңешин уккусу келбеген Карлыгач боз үйдү көздөй басты.

- -Ай, кыз... Атың ким эле?

Аял кыйкыра,атын сурады.Артынкылчая караган Карлыгач:

- -Менинби? – деди, суроонун өзүнө каратаайтылганын билсе да.

- -“Ии,”- дегендей аял баш ийкеди.

- -Карлыгач...

- -Аа, Карлыгач... Сонун атың бар экен. Мени Салкын эже десең болот. Ар бир эки саатта унутпай, мага келип, сүт ичип тур. Өзүм чени менен берип турам. Ашык эч нерсе жебе. Бүгүн-эртең кыйналасың, анан көнүп кетесиң. Ичиңди да алып кетиши мүмкүн, шалдырап алың да кетет... Коркпой эле кой... Макулбу?... Азыр жатып эс алсаң болот. “Жок”- десең, карачы күн сонун болуп турат, тоого чык, гүл тер... Суу жээкте... Шаардан мындай эс ала албасаң керек,- деди.

- -Ии, макул эже,- деген Карлыгач ичинен “ишиңиз канча”- дегиси келип турду. Оюн билдиргиси келбегендей жылмайып койду да, боз үйгө кирип кетти.

ХХ    ХХ    ХХ    ХХ     ХХ      ХХ

Чокусунан эзели ак кар,көк музу кетпеген асман тиреген тоолор, канча кылымдар канча элдин тарыхын сыр кылып ичине катып мелтирейт. Андан ылдый колот-колотко бөлүнгөн жапыз тоолор жапжашыл арча-кайың, ар түрдүү өсүмдүктөрдөн кийим кийип, табигаттын көркүн ачат. Тоо койнунан суурулуп чыгып, алда-кайда шашкандай күрпүлдөгөн чоң суу...  Безелене сайраган түркүн куштун, анда-санда бытбылдык деп үн салган бөдөнөнүн үнү бир керемет.

Карлыгач шаарда кийип жүрчү, жука, этеги кыска ак көйнөгүн кийип, суу жээгинде отурду. Айланасын суктана карап, жалгыздыктын да өзүнчө бир сонун жактарын сезип турду. Шаарда,бир аз гана жалгыз калса тумчугуп, бук болуп кетээр эле.   А азырчы?... Эч кимдин кереги жоктой. Ичинен кыңылдайобон сала,үнүн улам бийиктетип, өз үнүнө өзү куштар боло, тоо койнунда үндүн да өзүнчө бир ажайып сулуулугун эшиткендей болду.  Аңгыча эле ачык турган күндүн көзүн булуттар тосуп, жамгыр анда-санда “тып-тып” этип тамчылагандай болду да, көз ачып- жумганча нөшөрлөп жиберди. Карлыгач төмөндөгү боз үйлөрдү көздөй жүгүрдү. Өзү турчу боз үйгө жетээр менен, азыр эле нөшөрлөп куюп турган жамгыр токтоп, күн жылмайып булуттардан чыга калды. Мындай аба-ырайын Карлыгач эзели көрбөптүр. Эмне деген сыйкыр!

Башынан ылдый чакалап суу куйгансып, көйнөгү сымбаттуу мүчөсүнө жармашып, чачтары ылдый суу агып, көзгө, асмандан түшкөн перидей кубулуп турду. Карлыгачтын мындай турпатына  тапчанда жаандан корголоп турган Мырза: “Кандай гана сулуулук,”- деп кумардуу,көз арта тигилди. Карлыгач өзүнө тигилген көз карашты сезгендей, жоон санына жармашкан көйнөгүнүн этегин силкий, боз үйгө шып эте кирип кетти.

ХХХХ   ХХХХ    ХХХХ    хХХХ     ХХХХХ      ХХХХ

- -Саламатсызбы, чоң кыз?

Көздөрүн жүлжүйтө, батып бара жаткан күнгө суктанып караган Карлыгач, жанына келип калган Мырзабекти байкаган эмес.

- -Ой!- деди кылыктана чоочуп:

- -Саламатсызбы? Сиз каяктан?...

Ордунан тура калды.

- -Отура бериңиз,- деди Мырза жылмайып:

- -Катуу чочудуңуз го. Шаарда, күндүн уясына батып бара жаткан мезгилин көргөн эмессиз го?...- деп тамашалай, Карлыгачка тийише сүйлөдү.

- -Шаарда... Мен эмне, өмүр бою шаарда жашаптырмынбы... Айылда эле өсүп чоңойгом.

- -Кайсы жерден болосуз?

- -Кайсы жерден экенимдин сизге кандай кызыгы бар?

- -Кыргыз сураша келсе тууган чыгат дешет го... Мүмкүн экөөбүз да тууган болуп калабызбы дейм да...

Мырзанын тамаша сөзүн кабыл алгысы келбегендей, Карлыгач ойлуу, тоону тиктеди.

- -Айтпасаңыз өзүңүз билиңиз. Бирок кайсы жерлик болсоңуз да биздикиндей сулуу жерди таппайсыз го...

- -Шумдук... Баарына эле өзүнүн жери сулуу да...

- Мырза “таарынбачы,”-дегендей:

- -Өзүмдүн дегеним жок го. Биздин жер дебедимби...-деди жылмая карап.

 Карлыгач үн-сөз жок, тээ алысты тиктеп, кыялында бала болуп, улам бир адырдан кол булгалап, жүгүрүп бара жатты. “Чын эле... Кандай гана ажайып жер...  Абанын тазалыгы көңүл сергитет... Көйкөлгөн көк шиберде жылаңайлак жүгүрүп, улам бир гүлдү искеп, арча-кайыңга жашынып жашынмак ойногон бала кезим болсо эмне?!”

- -Эрке окшойсуз ээ?

Тынчтыкты Мырзанын суроосу бузду.

Карлыгач Мырзанын суроосун укпагандай мелтиреп күндү тиктеп отурду да:

- -Чындап эле жериңер абдан кооз экен,- деп Мырзага күлө карады.

- -Даарыланганыңыз кандай болуп жатат? Таасири билинчүдөйбү?

Мырза сөз уланткысы келип, Карлыгачтын ден соолугуна кызыкдар боло суроо узатты.

- -Аны эми шаарга барганда билем да...

- -Шаарга?... Эмне бул жерден билинбейби?

- -Кантип?

Карлыгач кыткылыктай күлүп, дагы бир нерсе айтчудай болуп токтоду.

- -Бул жерден болбо-о-ойт...-деп өзүнчө кобураган Карлыгач, узун бойлуу,кер мурут, мүчөсү келишкен алп жигитти биринчи жолу көрүп тургандай  карады. Көздөр-көзгө чагылыша түштү... Бир саамга, убакыт токтоп, бул дүйнөдө жалгыз экөө калгандай, теребел тынчый түштү. Жаңы эле, кыткылыктай күлүп, эч нерседен бейкапар отурган Карлыгачтын көздөрү бир башкача жайнап, жүрөгү жарылып кетчүдөй катуулап согуп, денесин билинээр-билинбес майда калтырак басып кетти. “Бул эмнеси?! Жигит көрбөгөндөй, апкаарыйм да!” Өзүн-өзү тыйып, уйкудан ойгонгондой силкинип алды. “Капырай...Көздөрүндө кумарланткан сыйкыр барбы?! Тигилип караганы дене-бойду дүргүтүп... Жан-дүйнөмдү  аңтарып жибергендей... Ойлорум бир заматта тумандап, мас кишидей дендароо боло түшкөнүмдү кара...” Бүлүнүп кеткен жан-дүйнөсүн жашыра, көздөрүн ала качкан Карлыгач сөз улагысы келген кишидей, оюна келген биринчи суроосун узатты:

- -Сиз... Бул жерде жашайсызбы?

- -Ооба... Тиги өйдөрөөктө, тоонун этегинде үңкүр бар. Ошол жерде...- деди Мырза суроого жооп кылып, тамашалай. Сөздөрүндө тамаша болгону менен,анын да жүрөгү туйлап, Карлыгачты көптөн бери сагынып, күтүп жүргөн периштесиндей сүйүп турду...

- -Жөн сүйлөбөйт окшойсуз ээ? Өткөндө, аябай момун жигиттей көрүндүңүз эле...

- -Момун элемин... Сизди көргөнгө  көңүлүм  алып-учуп, өзүмөн-өзүм шайырланып, сүйлөгүм эле келет.Сиздин да көңүлдү көтөрүп дегендей...Жалгыз жүрүп да тажасаңыз керек. Кошуна боз үйдөгү коноктор менен таанышып албайсызбы? Алар да сиздей даарыланганы келишкендер,-деп Мырза, Карлыгачтын жанына көк чөпкө отура кетти.

- -Таанышкым келген жок. Жалгыздыктан тажай элекмин. Бул жерде жалгыз болгон жакшы экен. Эч ким оюңа тоскоол болбой...

- -Мен тоскоол болгон жокмунбу?

- -Сизби?...

Мырзанын суроосуна  ойлоно калды. Эмнегедир, бул жигиттин жанында эле отура беришин каалап: “Сиз менен сүйлөшүп отуруу, жалгыздыкка караганда алда-канча жагымдуу”-дегиси келип турганы менен:

- -Тоскоол болбосоңуз да, менин жанымда көп отура бербесеңизчи, ушак болобуз- деди кабатырланып.

- -Ким көрүп, ким ушак кылмак эле...Жөн гана сүйлөшүп койгондон эле корко бермей адатыңар бар аялдардын. Же эмне туура эмес иш жасап жатабызбы?

- -Ошентсе да...

Карлыгач сөзүнүн аягына жетпей ордунан туруп, боз үйдү көздөй басты.

- -Жакшы калыңыз,- деди Мырзага.

- -Жакшы туруңуз.

Мырза улуттуна Карлыгачтын артынан узата карап:

- -Чоң кыз, бүгүн ырас жылуу кийинип алыптырсыз. Бул жер тоо...Абайлаңыз...Өткөндөгүдөй жука кийим менен дагы жаанда калсаңыз ооруп калышыңыз мүмкүн,- деп кыйкыра сүйлөдү. Шөмтүрөп, үстүнөн ылдый суу болуп, боз үйгө чуркап келгенинде өзүн суктана карап турган көз караштын кимдики экенин билген Карлыгач, унчукпай жылмайып, боз үйгө кирип кетти.

ХХХ                  ХХ                ХХ                     ХХ         ХХ                           ХХХ

Карлыгач түнү менен чабалактап, бирде, тээ алыста калган балалыгы эске түшсө,бирде, бул жарык  дүйнө менен эртелеп кош айтышкан апасы менен тайнесинин элестери көз алдына тартылып, бирде кечээ эле болуп өткөн окуялар менен алпурушуп жатты. Тоого келгенине үч күн болду. Үч күндө денеси жай ала, кабагы көтөрүлүп, өткөн өмүрүн дегеле эстебей, бүгүнкү күндүн жыргалы менен жүргөн. Бүгүнкү күн караманча тескеринен болду. Күнү ар ойдон чыга албаганы аз келгенсип, түнү да уктай албай кыйналды. Бул жердин аалам жаңылыктарынан алыс экенине, жадагалса телефондун антенасы тартпай, кулак-мурун кескендей тынчтыгына да кайдыгер эле. Жалгыздык жанына жагып,өзүн болуп көрбөгөндөй бактылуу сезип жүргөн.

Түнкү тынчтыкты бузуп, тоо жаңырта кыйкыргысы келип чыкты. Өзүнөн өзү буулугуп, көзүнөн мончоктоп аккан жаш жаздыгына сиңип жатты.”Эмне болуп турам?! Кээде өзүмдү өзүм түшүнбөй, жан-дүйнөм эмнени каалап, эмнени эңсеп турганын биле албай кыйналсам, мени ким түшүнүп, ким жардам бере алат?! Эртелеп, ажал энеден айрып койбогондо, мүмкүн тагдырым башкача болоор беле?... Тагдырым дейм... Бардыгы суктанышат. “Күйөөң табышкер... Экинчи аялы болсоң эмне экен. Колунда жок жаш неме менен жашаганча... Улуу болсо да, сый... Сүйүү бар ортоңордо...  Кудай бала эле бербей койду. Жок дегенде бирди төрөп берсең, өмүр бою бөпөлөп алат...”-дешет. А менин ич дүйнөм менен ким эсептешет?!”  Карлыгач тагдырына таарына, кимдир бирөөдөн күнөө издеп толгонду.

“Улуу кишиге... Атам менен тең кишиге... Ага башымды байлаганга ким күнөөлүү эле?! Өзүм да... Жалаң гана жокчулуктан арылалбай жүргөнүмдө, бирөөнүн мээримине, камкордугуна муктаж болуп турганымда, белек-бечкек берип, жылуу сүйлөп, маңдайыман сылап эркелетип турганында, мен да ага ашык болдум, сүйүү деген ушул экен  дебедимби... Ошол кезде аны атамдай жакшы көрүп турганымды, анын камкор мамилеси гана керек экенин билбедим го...”

Үстүнө жылуу халатын желбегей жамынып, сыртка чыкты. Бул жер чындап эле бейиштин төрүндөй экен... Асманда ай толуп, жылдыздар жымыңдаша, өздөрүнө чакырышат. “Сыйкырдуу дүйнө бизде гана”- дегендей, азгырышат. Тоонун сыдырым жели ичиркентип, азыр эле чабыттап турган ойлору баш ийгендей, эс ала түштү. Көкүрөк кере кенен дем алып, бээлер байланып турчу желени көздөй басты. Арсылдап үргөн иттин үнүнөн селт эте, кайрадан боз үйдү көздөй кайрылды да, дөңгөчтөн жасап койгон отургучтарга көчүк басты.

Көз алдына Мырзанын элеси тартыла түштү. “Татынакай, келбеттүү экен,”- деди ичинен: “Жакшы жигит көрүнөт.” Негедир өз оюнан өзү чоочуп кетти. “Аны неге ойлоп турам... Тоо койнунда өсүп-чоңойгон бир жигиттир...Өзү тамашалагандай, тоо этегиндеги үңкүрдө таттуу уйкуда жатса керек.” Күндүзгү аны менен сүйлөшүп отурган кезди элестетип, жылмайып койду.

“Кой, Карлыгач,кой... Эсиңди жый, аны ойлоого эч акың жок”-деди ичинен өзүн өзү  тыя. Бир саамга, тоо тарапты теше тиктеп отурду да: “Ө-өх!”-деп кемпирчесинен үшкүрүп, боз үйгө кирип кетти.

ХХХ                    ХХХ              ХХХ         ХХХ                ХХХ                       ХХХ

Карлыгач апасын сүрөттөрдөн эле көргөн. Кичинесинде тайнесине таарынганда, апасынын сүрөттөрүн алып, төркү бөлмөгө жашынчу да, далайга чейин сүрөттөр менен сүйлөшүп отура бере турган. Кээде апасынын жапжаш, татынакай сүрөттөрүнө суктанып, кимгедир мактана, сыймыктанса, кээде эки көзү кыпкызыл болгончо жаш төгүп алчу. Тайнесинин айтымында төрөттөн каза болгон имиш. Ымыркайынан тайнесинин колунда калыптыр. Чаң жугузбай бөпөлөп, кызымдан калган белек деп, эркелетип өстүрдү. Кээ күндөрү тайнесинин ыйлап отурганын көрчү. “Тайне, эмнеге ыйлап жатасыз? Ыйлабаңызчы,”- деп, жанына отура калып , бытыйган колдору менен тайнесинин көз жашын аарчып, беттеринен алмак-салмак өөп коё турган. “Жөн эле...”-дечү анда тайнеси чачынан сылап. “Секет кетейин, каралдым, кызымдан калган белегим,”-деп эркелетип, саамайынан “шуу”эттире жыттап коёр эле.Кээде өзүнөн өзу жинденип, албууттанып, идиш-аяктарды калдырата, сыртка бир чыгып, үйгө бир кирип, бирөөлөр менен уруша берчү. Андай күндөрү Карлыгач тайнесин таң калычтуу карап, бурчта бүрүшүп отура берээр эле. Бир жолу: “Тайне, кимди урушуп жатасыз?”- деп сураса: “Ишиң канча?!Баладай эмессиң ээ! Энеңди сен эле жуттуң...”- деген эле. Анда бул сөздүн төркүнүнө түшүнө албаптыр. Бирок,кийин эс тартканда түшүнгөн... Тайнесинин кабагы бүркөлүп турган  мезгилдерде,  суроо бербей, жалдырап, тайнесинин албууттанган түрү оңолмоюнча отура берчү болгон. Бир маалда эч нерсе болбогондой, күлүп-жайнаган тайнеси: “Келе гой, ананайын, курсагың ачтыбы?”- деп, тамагын бапестеп берээр эле...

Апа мээриминен ажал ажыратса, атасынан тирүүлөй ажыраган. Атасы анда-санда гана учурашып кеткени болбосо, атадай камкордукка бөлөй алган эмес. Кийинчерээк таптакыр каттабай да кеткен. Тайнеси каза болуп калгандан кийин, атасынын дареги менен издеп барып, алардын да жашоосу жарытылуу эмес экенин көрүп, өгөй энесинин: “Баары бүтүп, ушул кызың калды эле! Бизди жыргатып жаткансып... Эми мунуңду да бак...  Бир каргага да бок керек,”-деген сөздөрүн угуп, кайрадан тайларынын колунуна кете берген.Орто мектепти бүтөөр менен, борборго келип, тай жагынын алысыраак туугандарынын биринин үйүнө баш калкалады.Үйдүн кожейкеси жакшы киши экен. Бат эле Карлыгач экөө тил табышып, бир тууган эже-сиңдидей ынак болуп кетишти. Карлыгачка бир кафеден иш таап берди. Кафенинин полун жууйт, терезе-эшиктерин тазалап, гүлдөрүнө суу куюп, бапестеп карайт. Кандай жумуш болбосун, шыпылдап таза, өз убагында бүтүрөт. Бир күнү кафенини кожоюну Карлыгачтын кыңылдап ырдап, гүлдөргө суу куюп жүргөнүн көрүп, өзүнө чакырып: “Сен официант болуп иштеп көрдүң беле?” - деп сурады. “Жок,”- деди Карлыгач уялыңкы. “Анда,эртеңден баштап официант болуп иштөөгө үйрөтүшөт. Мен администраторго айтып коём,”- деди да, аягында : “Ушундай татынакай өң, сымбаттуу мүчөң менен... У-ух! Кийимиң гана жупуну болуп турат да,”- деп, карсылдап күлүп, басып кетти. Баардыгы ошондо башталды...

Кафеге кандай гана адамдар келбейт. Жөнөкөй, карапайым адамдардан баштап, бир креслону ээлеп отургандар да... Той-топур дегендин баары кафеде өтөт турбайбы, шаарда... Келген адамдардын арасында соосу да, масы да, жакшысы да, жаманы да...  Карлыгач башында, тийишкендерге көнө албай, канча жолу стол тейлебей, качкан күндөрү болду. Бара-бара ага да көнгөн.Жолдошун биринчи жолу ошол кафеден көргөн. Көп келет экен. Кээде жоро-жолдоштору менен, кээде жалгыз...  Тамактанат да, акысын столго таштап, унчукпай чыгып кетет. Бакылдап көп сүйлөгөнүн, ичкенин, шапар тээп бийлеп-ырдаганын да көргөн жок Карлыгач.“Абдан жакшы киши болсо керек,”-деп суктанып койчу. “Бир калыбынан жазбайт... Кийими да дайыма тыкан...”

Ошондой күндөрдүн биринде таанышышкан экөө. Анан баары бат эле болуп кетти... Ошентип Соорондун экинчи аялы болду да калды. Кээде Сооронго жолуктурган тагдырына ыраазы болуп кетет да, кээде бардыгына кайыл болуп басып кеткиси келет. Соорондун сүйүүсүнө катуу ишенет. Сүйбөсө, ага башка кыз жок беле? Өзүнүн даражасы бул болсо, Соорон ал үчүн кол жеткистей сезилчү... Бирок, жетпедиби... Сулуулугу менен, кол менен жасап койгондой сымбаттуу мүчөсү менен... Анан да уялыңкы мүнөзү, ичинде арамдыгы жок бала кыялы...  Бардыгы Сооронго жаккан. Эч нерсеси, эч кимиси жогуна кайыл болуп, жоро-жолдошторунун, ага-туугандарынын, дегеле эч кимдин сөздөрүнө караган эмес. Бирок... Жыл өткөн сайын сонундары тарап, ортодо перзенттин жоктугунанбы, айтор, бири-бирине суук тартып калышкандай...Балдарына шылтоолоп, биринчи үй-бүлөөсүнө көп каттоочу болду. Улам бирин чогуу ала келип, алардын оюндагыларын аткарууга жан-дили менен макул болот. Балдары жанында болгон күндөрү көңүлү көтөрүлүп, тамаша аралаштыра сүйлөп, Карлыгачтын бар-жогун элес албагандай мамиле кылганында,  Карлыгач өзүн артык баш адамдай сезип кетет.

Карлыгачта баары бар азыр... Кааласа үйү, кааласа машина... Акчаны каалаганындай колдонот. Бирок... Булардын баардыгы ал үчүн эч нерсеге татыбай кетчү болду... Соорону жанында болсо да, жүрөгү жалгыздыктан эзилип, жанын коёрго жер таппай, кайсалап калган күндөрү канча.Жүрөгү капаска түшкөн чымчыктай туйлап,кайдадыр көкөлөп учуп кеткиси келет. Энесиз калган чаарчыктай жол таппай кайсалап, эртеңки күндөн үмүт кыла үшкүрүп алат. Өзүнө тааныш эмес бир сезим көкүрөгүн өйүтүп келет.Жайдарыланып жүргөнү менен, жүрөгү ыйлай берчү болду... Эмнени эңсеп, эмнени каалап ыйлайт?... Өзүнө да табышмак...

ХХХ               ХХХ                 ХХХ                ХХХ                ХХХ                  ХХХ            ХХХ

Карлыгач эртең менен илең-салаң араң турду. Денеси талыкшып, түнү менен уйку бетин көрбөгөнүн айгинелеп,көздөрү шишиген. Сергийин деп, муздак сууга бетин чайыды да, көнгөн адатындай бээ сүтүнөн ичти. Алда кимди издегендей тегерегин карап көпкө турду. Адатынча жылуулап сүт берген  Салкын эже, шыпылдай басып кулундар байланып турчу желени көздөй жөнөдү.

- -Эже, -деди Карлыгач,- Мен бир нерсе сурайын дедим эле.

Эки-үч күндөн бери дегеле сүйлөгүсү келбеген эжеге, өзү суроо менен кайрылды.

- -Ии, сурай кой...

Салкын Карлыгачка суроолуу карады. Карлыгач буйдала түштү. Сөздү эмнеден баштаарын билбей, үн-сөзсүз Салкынды тигиле карап турду да: “Кечирип коюңуз, жөн эле...”- деп, суроосун жашыра, шашып кетти. Салкын Карлыгачка таң калычтуу карап:

- -Сен бүгүн шишип калыптырсың. Эмне, бир жериң ооруп турабы? Сүт жакпай калган жокпу? – деди.

- -Жок, оорубай эле...

- -Сенден сурабапмын... Жашыруун болбосо... Эмне дарт менен келдиң эле? Бизге эмне, баары бир да, догдур болбогондон кийин...

- -Эч жерим деле оорубайт...

- -Оорубасаң... 

Салкын суроосун толук бербей, Карлыгачка тигиле карады. Карлыгач келген себебин айтсамбы, айтпасамбы дегендей ойлонуп турду да:

- -Эже, бээнин сүтү боюмда болгонго жардам береби? – деди уялыңкы.

- -Бойдо болгонгобу?..

Салкын ойлоно түштү.Чынында мындайды дегеле угуп көрбөптүр. Бирок,Карлыгачтын көңүлүн көтөрө:

- -Жардам берет... Сен жөн ичпей, ниеттиңди коюп ич... Кудайдан сура... Жашсың да, бала да болот,- деди да, Карлыгачтын татынакай, мөлтүрөгөн көздөрүнө суктана карап:

- -Жапжаш эле экенсиң го...Бала эле бойдон... Канча жыл болду турмушка чыкканыңа?- деп сурады.

- -Беш...

Карлыгач чындыгын жашыра, дагы суроо берсе, көп сырын билип койчудай оңтойсузданып:

- -Мейли эже, рахмат. Сизге тоскоол болдум окшойт, - деп, боз үйгө кирип кетти. Артынан ойлуу тиктеген, Салкын: “Беш жыл дейби... Бала эле бойдон го... Бала туруп, бала дейт да...” – деп, ишенбегендей кейиптенди. “Шаарда жашаса... Кылаарга иши жок, кылактап, жалгыз өзүн карап жасанып жүрсө... Ыйлаган баласы жок... Жолдошу да жакшы киши окшойт, муну сереңдетип жалгыз тоого жиберип койгон.  Анан, бул мөлтүрөп жапжаш болбогондо, тоодо таңдан-кечке тыным албай жүгүргөн, шамалга бетибиз туурулуп капкара болгон биз жаш көрүнмөк белек...” Өзүнөн алда-канча жаш, кызындай болгон келиндин сулуулугуна, аялдык ичи тарлыгы ойгонуп кетти...

ХХ                      ХХ                    ХХ                     ХХ                            ХХ                       ХХ

Карлыгач суу жээгинде отурду. Анда-санда таш алып, агын сууга ыргытып коёт. Бала кези эсине түштү. Кээде ушинтип, айыл четиндеги арыктын жээгинде, суу шилеп койгон кум менен үй жасап, өзүнчө кыялданып, кеч киргенин сезбей ойноп отура берээр эле. Тайнеси артынан издеп келип: “Карлыгач! Кайда жүрөсүң? Бас, кеч кирип кетти. Дэ-эги ушул жерге келгениңди токтотпой койдуң го?!”- деген үнүн укканда гана, шаша үйгө чуркачу. Тайнесинин белинен кучактап, кечирим сурагандай, жалооруган көздөрү менен карап, күлүп коёр эле.

Суу жээктеп өйдө көздөй басты. Негедир тоо этегинен Мырза айткан үңкүрдү издеди. Ал жигиттин үңкүрдө жашаарына ишенбесе да, “А мүмкүн, чын эле үйү ушул тараптадыр”- деген үмүткө алданып, тоо этектеринен көзүн албай турду. “Аны неге издедим?” Жүрөгүнүн түпкүрүнөн чыккан кыйкырык: “Ал сага керек. Аны сен сүйүп калдың,”- дегендей... “Жок, жок... Мага баладан башка эч кимдин кереги жок.  Кудай! Чын эле бар болгон болсоң, мага бир эле перзент берчи. Калган жашоомо ыраазымын...” Чын эле тилегин Кудай угуп тургандай, өз оюнан өзү чоочуй: “Бир эле деп коём. Бирөө болбойт... Мага окшоп жалгыз калуусун каалабайм... Мага көп бала бер. Бешти... Жок... Онду...” Кудай менен соодалашып жаткандай кобурап койду.

Мырзабек тууралуу ойду көңүлүнөн алып салууга канчалык  аракет кылбасын,  көкүрөгүн башкача бир сезим  кытыгылап, жүрөгүндө ага болгон арзуу тынчтык бербей, кыялы чабыттап алып-учуп, жалындап бара жатты... “Ушундай белең, махабат?! Күтүүсүздөн, чакыртпастан жүрөгүмдү ээлеп, туткунуңдан чыгарбай эсимди эки кылып эзесиңби?! Мага сенин керегиң бар беле? Сенсиз, күнүм күндөй, түнүм түндөй, жашоом майрам болуп турбады беле?Күлсөм күлүп, ыйласам сооротуп, канча жылдан бери маңдайымдан сылап, эркелетип турган жолдошума  неге арналган жоксуң? Аны да бир кезде сүйгөм деп ойлоп, жаңылыштымбы?  Же... Мүмкүн, азыр да жөн гана азгырып турган жоксуңбу?!  Ушунун баары, бекер жүрөк оорутуу... Ал ким мага?! А менчи?”

- -Жамийла!!!

Алыстан үн угулду. Ойдун кучагынан чыга албай, бир жерди теше тиктеп, нес болгон немедей катып турган Карлыгач селт эте түштү. Тегерегине көз жүгүртүп, алыстан атчанды көрдү.

- -Жамийла!!!

Атчан кайра кыйкырды. “Бул жакта менден башка да бирөө барбы?”   Карлыгач тегерегин карады. Тиги атчандан, анан өзүнөн башка эч ким көрүнбөйт. “Мени Жамийла дегенге окшоштуруп жатса керек,”- деп, атчанды көздөй утурлай басты.  “Баягы жигит окшойт...” Жүрөгү алып учуп,жүзү тамылжый түштү. Айткандай, атчан жигит,  Мырзабек эле. Көңүлүн тымызын ээлеп, жан-дүйнөсүн кытыгылаган жигиттин карааны жакындаган сайын, Карлыгач өзүн коёрго жер таппай кайсалап, денеси бир башкача дирилдеп, беттери албырып, өзүн бир саамга унута түштү...

Мырзабек Карлыгачка жакындай келип:

- -Жамийла... Асел... Толганай...   Ой, Толганай эмес... Ким элеңиз?!- деди күлүп.

- -Саламатсызбы? Сиз эмне, мени чакырып жаттыңыз беле?! – деди Карлыгач Мырзабекке суроолуу.

- -Ооба, анан кимди?! Бул жакта сизден башка ким бар дейсиз?

- -Мен Жамийла бекенмин?

Карлыгач наздана күлүп, жанатан ойлоп турган адамдын,маңдайына издетпей келгенине кубанып турду.

- -Атыңызды билбесем... Жактырган ысымдарды айтам да...

Мырзабек аттан секире түшүп, Карлыгачка кол сунду:

- -Менин атым Мырзабек. Сиздики ким болду экен? Канча күндөн бери тааныштай болуп калганыбыз менен, атыбызды сурашбаптырбыз го - деди жылмайып.

- -Атымды сурап эмне кыласыз? Сиз менен таанышкым келип турат дейсизби?- деди Карлыгач кылыктана.

- -Мейли анда, айтпасаңыз айтпаңыз. Мен сизге Жамийла деген жаңы ысым берейин. Же, Асел болгуңуз келеби?- деди, Мырза да тийише.

- -Сизге Айтматовдун каармандары абдан жагат окшойт?

- -Ооба... Аларды жактырбагандар жок болсо керек деп ойлойм. Же, сизге жакпайбы?

- -Жагат...

Карлыгач ойлуу жылмайды. Мектепте окуп жүргөн кезинде анча-мынча гана чыгармалары менен таанышканы болбосо, дегеле китеп сүйүп окубаптыр.

- -Чыңгыздын чыгармалары сонун да... Окуган сайын, улам бир окуяга кызыгып, каармандары менен чогуу жашап калам. Баарынан да “Жамийланы” жазданып жатып окугам.  Андагы окуяларды сиз кандай деп ойлойсуз? Жамийланын образы сизге жагабы?- деди Мырзабек Карлыгачка суроолуу.

- -Билбейм... Бала кезде, согушта жүргөн күйөөсүн неге таштап кетти деп, көп жактырган эмесмин. Азыр ойлонбопмун деле...

- -Мен да бир кезде ошентип ойлогом... Бирок, сүйгөн адамың үчүн эмнеге гана барбайсың?! -деди Мырза күлүп:

- -Кел, мен Данияр болоюн, сиз Жамийла болуңуз. Экөөбүз тоо аралап качып кетебиз...

- -Кимден?  Эмнеге?

Карлыгач чоочуй, суроо артынан суроо бере, Мырзаны таң калычтуу карады. Экөө бири-бирине түшүнбөгөндөй, бир саамга тиктеше түшүштү да,негедир каткыра күлүп жиберишти.

- -Сиз менен кол кармаша, эл көзүнөн алысыраак качып кетким келип жүрөт.

- -Мени мененби?.. Экөөбүз сүйүшүп жүргөндөй сүйлөйсүз да.

Карлыгач бул жигитти тымызын жактырып, караанын көрүүгө куштарланып, жанында тура беришин каалап турганын билип койгондой, уяла түштү.

- -Сизди билбейм, атын айтпаган сулуу... Менин ойлосом оюман, уктасам түшүмөн кетпей калдыңыз. Арсыз жүрөгүм сиз деп согуп, акылыма баш бербей, кыйнап жибергенинен аны аяп, сиздин  жаныңызда турам. Жүрөгүмдүн жалгыз сиз деп согуп калганына түшүнүп, мени менен тоо аралап качып кетүүгө көнөт бекен деп, алдыңызга тизе бүгүп келип калдым...

Карлыгачбетин басып, каткырып күлүп жиберди:

- -Сиз театрда оюн коюп жаткандай эле, сүйлөдүңүз го... Артист эмес белеңиз?!

Мырзабектин айткандарын тамаша катары кабыл алганы менен жүзү тамылжып, кыялы көкөлөп учуп турду. Мырзабек Карлыгачтын күлгөнүнө көңүл бурбай,суроосун жоопсуз калтырып, жаттап алгандай сөздөрүн уланта берди:

- -Баардыгына кайыл болуп мени менен кол кармашып, дүйнө кезип кетүүгө макулдугуңузду берсеңиз, бүгүн эле жолго чыгууга даярмын. Ааламды айлантып чыгууга чамам жетпесе да, кыялым менен, сизге болгон арзуум, акактай тунук махабатым менен, эч кимдин буту баса элек, буту эле эмес акылы жете элек, өзүмө гана тааныш сезимдердин туу чокусуна чыгарууга кудуретим жетет. Өмү бою алаканыма салып алпештеп өтөм...

Карлыгач күлкүсүн токтотуп, Мырзабектин сахнада ойноп жаткан артисттердей берилип сүйлөгөн сөздөрүнө муюп, кумарлуу көздөрүнөн көздөрүн алалбай азгырылып баратты. “Үнүнүн жагымдуулугу... Бул тоого эс алганы келген артисттерден го... Анда... Кылдырап араң жүргөн машинаны кайдан таап алды экен?” Күлүк ойлор чабыттап, бир заматта Карлыгачтын мээсине айланып, суроолоруна жооп издеп, ошол эле мезгилде Мырзабектин айткандарын талдап жатты...

- -Менин сунушумду кабыл албай койсоңуз, бир жигиттин убалына калдым деп эсептей берсеңиз болот... Анда эле... Жапжалгыз, көзүм көргөн жакка тентип кете берем...

Мырзабек Карлыгачтан жообун күткөндөй, “кандай дейсиз?”-дегендей кадала карады.

- -Кайдагы кепти айтпаңыз, чоң жигит... Атыңызды ким дедиңиз?.. Мырзабек беле?.. Менин жолдошум бар... Анан да, сизге жаксам эле, мен да сизди жактырып турат дейсизби?

- -Жактырмак түгүл, сүйүп калдым деп көздөрүңүз айтып турат го.

- -Көздөрүм?....

Карлыгач көздөрүн жашыра, кыткылыктап күлүп жиберди:

- -Жооштон жоон чыгат... Сизди момун экен десем, абдан эле ачык көрүнөсүз. Же артисттик өнөрүңүздү көрсөтүп турасызбы?

- -Кайдагы артисттик өнөр?.. Сезимди ачык айтыш керек. Жашырып коюп, арманда калайынбы?

- -Өткөндө, күндүн батканын көрө элек белеңиз деп, мени шылдыңдап турдуңуз эле... А сиз тоодо жүрүп, мендей сулуууну көрө элек окшойсуз?- деди Карлыгач Мырзабекке тийише.

- -Көргөм... Далайын көргөм. Бирок,сизди жактыргандай жактырган эмесмин.

Азыр эле, жайдары турган Мырзабектин өңү өзгөрүп, кабагы бүркөлө түштү.

- -Мейли, чоң кыз... Сиздей шаардык сулууларга мендей тоолук бирөө жакмак беле... Жакшы эс алыңыз...- деди да, атына секире минип, Карлыгачка карап:

- -Сурабай, жалгыз таштаганамын туура эмес болот го, ылдый түшөсүзбү, учкаштыра кетейин,- деди.

- -Рахмат... Азыр кетпейм. Өзүңүз бара бериңиз.

Карлыгач Мырзанын артынан көпкө карап турду. Жүгүрө жетип: “Кетпеңизчи, сиз да мага жагып калдыңыз,”- деп айткысы, “Мен сүйүүмдү таптым!”- деп, ааламга жар салып... Тоо жаңырта кыйкыргысы келип турду...

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ                        ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Бүгүн кечке майда жаан себелеп, күндүн көзү ачылбай койду. “Тайнем айтчу ак жаан окшойт.” Карлыгач боз үйдө отура берип , тажап чыкты. Бала кезиндегидей, чачтарын жая салып: “Жаан, жаан дагы жаа, чачтарымды өстүрүүгө жардам бер,”- деп, колдорун көкөлөтө, көкүрөгүн жаанга тоскусу келип турду. Жамгыр майдалап себелеп турганы менен, шамал удургуп, боз үйдүн эшигин улам черткилеп, сыртта бир укмуш бороон болуп жаткандай таасир берет. Карлыгач калчылдап, үшүп чыкты. Оронгон жуурканынын жылуулугу жоктой...  Мындайда убакыт да бир ордунан жылбагандай...  “Карачы, мага өчөшкөндөй жамгырдын токтобой куюп турганын... Күн ачык болсо... Сыртка чыксам... Ага жолугат белем?”  Негедир Мырзабекти сагынып чыкты. “Эми жолуксам, башкача сүйлөшөм... Ал да мага жагып калганын айтам,”- деп, бир ою турса: “Жок... Таптакыр сүйлөшпөй эле коюш керек. Жөн гана жүрөк оорутуунун кандай кажети бар,”- деп, экинчи ою каршы турду.

Жамгырдын дыбырт үнүнө аралаш, ырдын обондуу кайрыгы угулду.  Көпкө тыңшады да, жакын эле жерде жагымдуу коңур үндүү эркектин ырдап жатканын туйду. “Мырзабек окшойт!” Карлыгач сүйүнүп, ордунан тура калды. Өз оюнан негедир уялып кетти. “Ал эмне, жаанда, ушул жерде турат дейсиңби, мага серенада ырдап... Кошуна үйдө ырдап жатышса керек да,”- деп, кайра ордуна отура кетти. “Жок... Жакын эле жерде ырдап жатат...” Бирөө укчудай, бутунун учу менен басып, боз үйдүн эшигин акырын ачты да, сыртты шыкаалады. Боз үйгө жанаша салынган тапчанда Мырзабектин ырдап отурганын көрүп, жүрөгү бир башкача дүкүлдөп чыкты. Мырзабек Карлыгачтын аңдып турганын көрмөксөнгө салып, уккулуктуу коңур үнүн созуп, Карлыгачка тааныш эмес, сүйүү ырын созолонтуп жатты. Кандайдыр бир күч Карлыгачты Мырзабекти көздөй жетелеп бара жатты... Мырза да көздөрүн Карлыгачтан албай, обон менен кошо термелип, сыйкырдуу дүйнөдө жүргөндөй сезим бийлеп,акырын гана Карлыгачтын  жанына басып келди да, колдорунан кармады. Карлыгач Мырзабектин көздөрүнө тигилип, сүйүү обонуна азгырылып бара жатты....

- -Ай, Карлыгач! Үйдөсүңбү?- деп, боз үйгө кирип келген Салкынды экөө жалжылдай карап, чоң ууруларын карматкандай калдастап, орундарынан тура калышты. Кечтин кандай киргенин, сүт ичээр маалдын өтүп бара жатканын да капарларына албай, сүйлөшүп сөзгө тойбой отура беришкен тура.

- -Апээй! Сен да бул жерде белең?! Бул кыздын, эмне эле дымы чыкпай калды десе...  Демейде сыртта эле жүрчү эле, дейм да...

Мырзабектин  бул жерде отурганын жактырбай, Салкын кабагын чытый сүйлөндү.

- -Сыртта жаан да...- деди Мырзабек ыңгайсыздана.

- -Кайдагы жаан?.. Жаан небак эле токтогон...

Салкын эттектерин желп эттире сыртка чыгып кетти. Экөө бири-бирин үн-сөзсүз тиктеп турушту да, каткыра күлүп жиберишти. Жаан эчак эле токтоп, күн уясына кыпкызыл болуп батып бара жаткан.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ                   ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ

Түн... Асманда жылдыздар табигаттын сулуулугун арттырып жымыңдашат. Түнкү жымжырттыкты бузуп, анда-санда иттин үргөнү менен, жылкылардын кишенегени угулат. Тээ ылдыйта бирөөлөр алоолонто от жагып, тегерене ырдап-бийлеп жатышкандай. Үндөрү бирде угула калып, кайра тоо койнуна сиңип кеткендей тынчый түшөт.

Карлыгач эс алып жаткан боз үйгө жакын  машина келип токтоду да, бир караан түшүп:

-Ким бар?!- деп кыйкырды. Карлыгач уйкудан чоочуй ойгонуп: “Түн катып жүргөн кандай жүргүнчү... Эс алууга келгендерден го...”- деп ойлоно, башка капталына оодарылып, көзүн жумду. Сыртта кобур-собур үн чыгып, Салкындын: “Бул жакка келгиле,”- деген тааныш үнү угулду.  Боз үйдүн уугуна акырын урулган дабыш чыкты да: “Карлыгач! Уктай элексиңби? Сага келишиптир...”-деген Салкындын үнүнөн Карлыгачтын уйкусу умачтай ачылып, ордунан ыргып турду: “Азыр, эже, азыр чыгам,”- деп жооп бере, халатын кийе калып, сыртка чыкты.

- -Карлыгач! Кандайсың, жаным?!

Сагынычтан көздөрү жайнап, кучак жая жолдошу турган. Карлыгач көздөрүн ушалай:         

- -Сооронсуңбу?.. Сен кайдан түн катып?- деди жолдошун карап.

- -Ооба, мен... Эң алды учурашсаң боло?! Анан сурайсың да, неге түн катып жүргөнүмдү...

- Соорон Карлыгачты имере тартып, бетинен өөп койду.

- -Үйүңө кирсек болобу?

Соорон тамашалай, Карлыгачка тийише сүйлөдү.

- -Кир... Кир... Мен уктап кеттиптирмин... 

Соорон машинасынан  базарлыктарын алып, боз үйгө кирди.

- -Эже!-деди Карлыгач, нарыда баарына көз салып карап турган Салкынга: -Мүмкүн болсо, чай алып келип бериңизчи.

Күйөөсүнүн алып келген базарлыгын жайната салып, Карлыгач Сооронду жылмая карады. Жүзү жылмайып турганы менен көздөрүнүн тереңинде: “Сени күткөн жок элем... Ушул мезгилде сенин келишиң мага кубаныч эмес, кабатырланууну жаратып турганын сездиң бекен?.. Менин жан-дүйнөм жараланып, сага болгон сезимдерим сенек болуп, жүрөгүм башка адам деп согуп калганын кечирээр бекенсиң?.. Келечек мен үчүн туңгуюк тартып, эми кандай болоор экен деп кыйналып турганымды түшүнө аласыңбы?.. “Караңгыда” жол таппай кайсалап турганымда, келечектин жарык шооласын көрсөтүп, жолума бөгөт болбой,ачык жол каалап, мени капастан учурган булбулдай эркиндикке коё берүүгө кудуретиң жетээр бекен?.. Мындайды атайын, каалап жүрүп, издеп жүрүп таппаганымды, тагдырыма ушундай махабатты жазып койгонуна менин да, сенин да, күтүүсүз  жолуктурган Мырзабектин да күнөөсү жогуна ишене алаар бекенсиң?...”-деген, дагы далай-далай өзү да жооп бере албаган суроолор жазылып турду...

- -Сагындыңбы?-деди Соорон Карлыгачтын мөлтүрөгөн көздөрүнө тигилип. Карлыгач эмне деп жооп беришти билбей тайсалдай түштү. “Сагындым,”-  деп калп да болсо Соорондун көңүлүн көтөрүүгө даабай турду. Сооронду сагынмак түгүл, унутуп баратпайбы...

- -Кандай келдиң?- деди Соорондун суроосун жоопсуз калтырып.

- -Жакшы... Эртең дем алыш эмеспи... Бир күн болсо да, жаныңда болоюн деп чечтим. Бүгүн да жумуштар кеч бүтүп, кармалып калдым. Эртерээк эле келейин дедим эле...

- -Аа... –деди Карлыгач суз гана Соорондун айткандарына макул боло. Мурункудай жайнабай, негедир көздөрүн ала качкан Карлыгачты Соорон сынай карады.

- -Карлыгач... Чайыңды коё турчу... Ток элемин... Кучагыма келчи, сагындым... Моокум кана өөп-жыттап алайын.

- Карлыгачтын белинен тарта кучагына алып,  өпкүлөй баштады.

- -Койчу, Соорон! Азыр эже келип калса, уят эмеспи.

- Соорондун кучагынан суурула чыккан Карлыгач, жолдошунун каалоосуна каршы боло, кабак бүркөдү.

- -Келе берсин! Өз аялыма тийишсем болбойт бекен?

- -Өз аялың экенимди билип коюптурбу?!

- -Билбесе койсун! Ал бизге ким болуп кетиптир?

- -Койчу эми, Соорон! Жаш баладай боло бербечи! Менин азыр эч нерсеге көңүлүм чаппай турат!

- Жубайынан мындай мамилени күтпөгөн Соорон, өңү бузула Карлыгачты сынай карады.  Өзүнө кадалган мылтыктын сүрүнөн корккон кийиктей,Соорондун сынай караган көздөрүнөн жүзүн ала качкан Карлыгач жер тиктеди. Денесин майда калтырак басып, чыйрыккан адамдай эриндери титиреп чыкты.

- -Карлыгач! Бери карачы! Сага эмне болгон?! Мени, таптакыр чоочун адамдай кабыл алып турганыңды кандай түшүнсө болот?

- -Соорон... Түшүнсөң... Менин азыр эч нерсеге көңүлүм жок...

- Карлыгач мукактанып араң гана оозун кыбыратты.

- -Көңүлүң?... Маанайың бир башкача болуп турат сенин... Өзүң жашырып айтпасаң да, көздөрүңдө жазылып турат... Жүрөгүм түпөйүл тартып турганы бекеринен эмес экен да!

Соорон Карлыгачтын мамилесине таарына, кол шилтеди.

- -Соорон түшүнсөң... Мен.. Мен...

Карлыгач титирген эриндерин кымтып, сөз таба албай, көздөрүн ала кача, жер тиктеди.

- -И-и... Эмне дегиң келип турат? Тайсалдабай айтчу сөзүң болсо, айта бер, түшүнгөнгө аракет кылып көрөйүн!

Карлыгач Соорондун өңүнүн өзгөрүп, какшыктай сүйлөгөнүнөн апкаарый түштү. Ушунча жыл жашап, жолдошун мындай абалда көргөн эмес. Карлыгачтын ар бир суроосуна макул болуп, таарынса эркелетип, ыйласа жан дили менен сооротууга даяр эле. Көптү көрүп, башынан далай сыноо өткөн Соорон, Карлыгачтын бүгүнкү мамилесинин төркүнүн ич туюму менен сезип турду бейм... Карлыгач өң-алеттен кетип, сөз айтууга дарманы жетпей, шалдырап, отура берди.

- -И-и! Анчалык эмне болду? Сүйлөй албай калганыңды көргөн жок элем! Бул жердин абасы менен “даарысы” абдан жаккан го! Шаарга баргычакты менин ким экенимди деле унутуп калат окшойсуң?!

Карлыгачтын сүйлөбөй жер караганы Сооронго жага бербей, какшыктаганы күчөп бара жатты.

- -Соорон... Болдучу эми... Көңүлүмдүн жогуна эле...

- -Көңүлүмдүн жогуна эле...

- Карлыгачтын сөзүн кайталай, кабагын чытыды:

- -Шаардан бери,түн катып, сенин көңүлүңдүн жогун көрөйүн деп келди дейсиңби? Өзүңдүн эмес, менин деле көңүлүмө карап койсоң эмне болот? Качаңкыга чейин сенин гана көзүңдү карап, эмне десең аткарып жүрө берем? Сен көптөн бери башкачасың! Айтпасаң, дебесең эле, мени эч нерсени байкабаган, эч нерсе менен иши жок түркөй ойлоп жүрөсүңбү?!

- Карлыгачка  Соорондун ар бир сөзү канжардай тийип жатты. Анын сөзүнө жооп айтпастан, күчүн жаштан чыгарып ыйлай баштады. Ичиндеги көптөн бери чогулган арманын, кайгысын, ошол эле мезгилде Мырзабекке болгон махабатын айтып алгысы келди... Бирок... Тили күрмөлбөй, жер караган боюнча, бугун чыгара өксүп-өксүп ыйлай берди.

- Карлыгачтын сөз кайрыбай, ыйлап отурганына Соорондун жүрөгү ооруп кетти бейм:

- -Жаным, болду эми... Мени кечирип койчу... Катуу кеттим көрүнөт...-деп Карлыгачты соорото, жүзүнөн, мөлтүрөп жаш куюлган көздөрүнөн өпкүлөй баштады.

- -Соорон... Болдучу! Кечирим сурагыдай, сен бирдеме кылдың беле?! Мен...

- Карлыгач Сооронду  алыстата түртүп, чоочун адамдай денесин жыйрып алды. Канча жылдан бери чогуу жаткан адамдан, негедир жатыркап турду. Сооронду да, өзүн да, дегеле бүт ааламды жек көрүп кетти... Кулак уккуз, көз көргүз, эч ким таба алгыз, алыс жактарга канат байлап учуп кеткиси келип турду... 

Карлыгачтын жээригенине шагы сынганСоорон, шарт бурулуп, сыртка бет алды.

 Машинасына жетип-жетпей, нарыда турган атчан жигитти көрдү. Карлыгачка айтпай, билгизбестен боз үйгө кирип барам  деп, сагынычы көкүрөгүнө сыйбай келе жаткан Мырзабек, боз үйдүн жанында токтоп турган бейтааныш машинаны көрүп, “Ким болду экен?”-деген суроосуна жооп издеп туруп калган эле. Боз үйдөн чыга калган Сооронду көрүп, апкаарый түштү. Ким экенин жаземдебей билип турганы менен, же бастырып кетип калбай, же учурашууга даабай, өңү кубарып, тердеп чыкты. Үйүрүн тартырып жиберээрин сезген карт илбирстей Соорондун көздөрү жанып, Мырзабекти жеп жиберчүдөй заар чачып карады. Бири-бирин таанышпаса да, Карлыгачты экөө тең кызганып турушту. Соорон ич туйумунда Карлыгачтын мамилесинин өзгөрүп калганына ушул жигиттин тийешеси бар экенин сезип турду. Бир саамга көздөр менен сүйлөшүп турушту да, Соорон Мырзабекке обдулуп барып токтоду. “Эмне болуп турам?! Кайдагы бирөөдөн кызганганымды кара... Мүмкүн... Ушул тегеректе жашаган малчылардандыр. А мүмкүн... А мүмкүн...” Кызганычтан оттой жанып, денеси калчылдап чыкты. Өзүнөн алда канча жаш, булчуңдары чытырап күчкө толуп турган Мырзабекке каршы чыгууга даабадыбы, же кандай кылса да, Карлыгачтын сүйүүсүн кайрый албасын түшүндүбү, айтор машинасын от алдырды да, Карлыгач менен кош айтышпай жөнөп кетти. Машинанын үнүнөн селт эте, көз жашын аарчый, Карлыгач сыртка жүгүрүп чыкты да, зуулдап алыстап кеткен машинанын артынан карап, улуттунуп алды. Негедир оор жүктү мойнунан алып салгандай эс ала түштү. Обочороок Мырзабектин атчан караанын көрүп, кайрадан жүрөгү туйлап чыкты. “Билди... Баарын сезди... Эми,кандай болуп кетээр экен?” Карлыгач коркунучтан өзүн жоготуп жибере жаздап араң турду.  Чайнек көтөрүп келе жаткан Салкын: “Ай, Карлыгач, эмне болду? Мунуң ким эле? Жөн-жай эле келиптирби?”-деген катар-катар суроолорун жоопсуз калтырып: “Чайыңызга рахмат. Жөн эле коюңуз,”- деди да оор улуттунуп, боз үйгө кирип кетти. Карлыгачты сагынып, көрүүгө куштар болуп келе жаткан Мырзабектин шаабайы сууп, аттын тизгинин артка бурду да, тоону көздөй алып-учуп чаап жөнөдү.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХ                     ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ      ХХХХХХХХХХ

-Мырзабек, сен эмне эле бул келинди айланчыктап, жанынан чыкпай калдың? Күйөөсү бар немеге башың айланып калган го?.. Апаңдар укса, жаман болушпасын, - деген Салкындын сөзүнө көңүл бурбай, Мырзабек Карлыгачка келгенин токтотпой койду. Буга чейин шашпай бүтүрчү иштерин бат-бат жасай салат да, атасынын: “Кайда?!”- деген суроосуна:  “Келип калам... Кичине баладай коруганыңарды токтоткулачы! Өзүмдүн да иштерим бар,”- деп, атына секире минип, жөнөп кетет. Карлыгач өзүн чындап Жамийладай сезип кетчү болду. Махабатты даңазалап обон созуп, өткөн өмүрүн артка таштап, Мырзабек менен кол кармаша дүйнө кезип кеткиси келет. Бирок... “Ал заман башка, азыр... Соорондун “колу узун”... Кааласа, жер алдынан да таап алат...Анан да... Мырзабек эле мени менен кеткиси келип турат дейсиңби?!”- деп ойлононот.

Карлыгачтын элеси күнү-түнү тынчтык бербей, Мырзабек да сүйүүнүн туткуну болуп, ар ойго жетеленип кыйналып турган кези. Карлыгачтын атын миң кайталап: “Жамийладай күйөөңду таштап, махабат деп мен менен каалаган жагыма кетээр белең?”- дейт ичинен суроо салып. “Сен үчүн баарына даярмын... Эгерде эле мени таштап, шаарыңа баса берчү болсоң, дербиш болуп, ак уруп, махабаттын таттуусу менен ачуусун, кубанычы менен кайгысын даңазалап ырдап, жалгыз кете берем...”- дейт өзүнчө.

- -Карлыгач...-деди бир күнү Мырзабек: - Мени менен кал... Үйүмө алып барам... Ата-энеме татынакай келин болосуң...

- -Кантип?-деди Карлыгач: - Сени менен калууну миң самап турсам да... Оңой эмес... Күйөөм бизди соо койбойт.

-Кандай айла табабыз дегендей, Мырзабекти жаш айланган көздөрү менен жалооруй карады.

- -Чындап сүйөсүңбү мени, айтчы Карлыгач?! Бири-бирибизди сүйүп турсак ким тоскоол боло алат?

Мырза Карлыгачты имере тартып кучактады да,  мөлтүрөп жаш толгон көздөрүнө тигилди:

- -“Жолдошум жакшы киши”- дедиң эле го, мүмкүн бизди түшүнөөр...  Ушинтип сүйбөгөн адамың менен өмүр бою жашай берем дейсиңби?! Ачык эле айталы?... Кандай дейсиң?

Мырзабек Карлыгачты үмүттүү карады. Карлыгачтын көздөрүнөн мончоктоп жаш куюлду. Үн-сөзсүз Мырзабектин көкүрөгүнө башын жөлөй, бир саамга эки ийнин бүлкүлдөтүп ыйлап турду да:

- -Неге сага жолуктум экен?... – дедишыбырап.

Мырзабек Карлыгачтын ийнинен тарта, башын көкүрөгүнөн алды да:

- -Сен антип айтпа...- деди: - Бул биздин тагдыр... Сен экөөбүздү табыштырган тагдырга рахмат айтышыбыз керек.

Карлыгачтын жашын аярлай аарчып:

- -Ыйлабачы, жаным... Менин да жүрөгүм сыздап турат... Экөөбүз бир айла табышыбыз керек,-деди.

Карлыгач ый аралаш жылмайып койду.

- -Мына... Сен жылмайсаң бүт дүйнө жаркый түшөт... Өмүр бою сенин жылмаюуңду көрүп жүрүп өтсөм, менден өткөн бактылуу жан болбойт эле... – деди Мырзабек.

Карлыгачты кучагынан бошотпой, акырын гана кулагына шыбырады:

- -Биз балалуу болобуз... Көрөсүң го, Кудай бизге көп бала берет... Сен каалагандай... Бешөө эркек, бешөө кыз...

Карлыгач Мырзабектин айтканына чын ниетинен макул боло:

- -Ошол күндөр эртерээк эле келсе экен...-деди да, кыялында бала көтөрүп, Мырзабек менен көчө бойлой кетип бара жатканын элестете бактылуу жылмайып койду.

ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХ               ХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХХхх

Желп эткен жел жок, шаар ичи үп тартып, дем кыстыктырат. Демейдегиден, бүгүн бөтөнчө ысык. Терезе калтырбай ачып коюп, оор дем ала Карлыгач телевизор тиктеп отурду. Телевизорго көздөрү тигилгени менен, ою таптакыр башкада эле... “Аркаңан барам, күт... Сенсиз жашоом, караңгы түндөй... Өмүр бою сени гана сүйүп өтөм...” – деген Мырзабектен дайын жок. “Неге алдадың?! Же... Ата-энеңди көндүрө албай койдуң бекен? “Алар каршы болсо да, сенден айрылбайм,”- деген сөздөрүң төгүн беле?” Карлыгач тоодо өткөргөн бактылуу күндөрүн сагына, түнү-күнү жол карап, Мырзабекти жашыруун  күттү. “Эмне болсо да, сени жолуктурган тагдырыма ырахмат! “Өмүр бою сүйбөгөн адамыңдын жанында алтын капаста болгучакты, сүйгөнүң менен алачыкта өткөргөн он күнүң артык,”- деген сөздүн төркүнүн эми түшүнүп отурам. Кайда болбо, мени унут-унутпа, менин жүрөгүм жалгыз сен деп согуп калды.  Жараткандан бир суранычым аткарылса, менден өткөн бактылуу жан болбостур...” Карлыгач Кудайдан үмүт кыла курсагын сылап койду. Бир заматта ачык турган терезелер калдырттап, пардалар желпилдеп, Карлыгачтын оюн бузуп жиберди. Карлыгач отурган ордунан селт эте чоочуп тура калды. Азыр эле желп эткен жел жок, дымып турган шаар ичине чакалап  бирөө суу куйгандай, жаан нөшөрлөп төгүп кирди. Терезелерди шаша жаба салып, балконго чыгып, кере дем алды. “Өх! Бая эле ушинтпейт белең?!”  Карлыгач кимгедир ыраазы боло шыбырап, колун кенен жая керилип алды.Күтүүсүздөн жааган жаан бейкапар жүргөн элдин шаштысын кетирип, бир заматта көчө ээндей түштү.  

Жалгыз караан жаандын төгүп турганын этибар албай, улам бир үйдүн номерин карап, Карлыгач жашаган көчөдө келе жатты... “Мына! Буйруса таптым... Карлыгачым менин, күтүп жаттың бекен?!”  Карлыгач караанды алыстан тааный, жүрөгү опкоолжуй, качантан бери жашыруун даярдап каткан чемоданын колуна алды...

Столдо Карлыгачтын Сооронго жазган биринчи жана акыркы каты калды...

“Салам, Соорон! Өзүңө жолугуп, ачыкка чыгайын дедим эле. Бирок, мен келгени бир кайрылган жоксуң. “Тузума түкүрүп кетти. Жакшылыгымды билген жок,”-дээрсиң. Кандай айтсаң да, мени жек көрсөң да жарашат. Бирок мен, бул кадамга, сага кыянаттык кылуу үчүн барганым жок. Канча жылдап перзент жытына зар болуп, Кудайдан миң сурансам да, экөөбүзгө бала буюрбады.  Анын үстүнө, бири-бирибизге жат болуп калганыбызга көп болгонун мен да, сен да сезип турганыбыз менен, моюнга алгыбыз келбеди. Эртеби-кечпи балдарыңа кайтып кетээриң айдан ачык болчу. Бирок мунун баары менин кетип калганымдын себеби эмес... Себебин өзүң деле түшүнүп тургандырсың.  Тагдырыма жазылган махабатымдан баш тарта албайм.  Кайда жүрбөйүн, мага жасаган ар бир жакшылыгыңды унутпайм. Кош бол!”

                           (повесть)

Автор Нурайым Шаршенбаева

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83