www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев:"Кудай сактанганды сактайт”

Перизат Кутманалиева 01-июль 2017, 00:55

Коом Расмий кабарлар


Алмазбек Атамбаев:"Кудай сактанганды сактайт”

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери үчүн   көп батирлүү   үч  турак үйдүн ачылыш салтанатына катышты.

Мамлекет башчысы  өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун кызматкерлерин  жаңы конушу жана кесиптик майрамы  менен куттуктады. “ Мен үчүн дагы бүгүнкү күн өзгөчө күн, майрам күн, силерге окшоп. – деди Алмазбек Атамбаев.-  Акыркы алты жылдын ичинде  мамлекетибиз  абдан  өзгөрдү.  Ошол кезде  20-30-жылдан бери  үйү жок жүргөн аскер адамдарына, ӨКМ, УКМК кызматкерлерине мамлекет үй курат деп ким ойлойт эле.  Акыркы үч жылдын ичинде жаңы үйдүн ачкычтарын тапшыруу  жакшы салтка айланып калды. Биздин карапайым кыргыз элибизге рахмат, бардыгына чыдаган, сабырдуулук кылган, ишенип Президентти колдоп берген сиздерге ырахмат”.

Мамлекет башчысы Кыргызстан эли  алдыдагы Президенттик шайлоолордо ушул жолдон тайбаган, башталган иштерди уланта турган  адамды  тандап алаарына ишенимин билдирди. “Өткөн жылдын декабрында  биз Конституцияны бекер өзгөрткөн эмеспиз. Эми   жеке бир адам өлкөнү артка бура албайт, өзү жеке  чечим чыгара албайт”, -деди Алмазбек Атамбаев.  Бирок анын сөзү боюнча калк арасында  элди  бөлүп, баш-аламандык чыгарганга умтулган бузуку саясатчылар  али бар. “Андайларга алданбагыла”,-деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын пикири боюнча кыргыздар – нечен кылымдар бою тилин жана маданиятын сактап, кезинде  Сибирде Борбордук Азияга  жана Каспийге чейин созулган кубаттуу империя түзгөн өзгөчө эл. “Биз ата бабалардын жолун жолдоп, ынтымактуу болушубуз керек. Кыргызстан ичинде кандай иш болсо дагы биз, кыргыздар жооптуу болушубуз керек. Тарых бизге күчтүү, гүлдөгөн мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк берип жатат. Ошондуктан  ынтымактуу, бир эл, бир журт бололу.  Менин максатым - таза шайлоо өткөрүү. Бирок добушуңарды сатпагыла, келечекти, намысты сатпагыла”,- деди Мамлекет башчысы.

Өз сөзүндө Президент Алмазбек Атамбаев акыркы кезде климат өзгөрүп, өлкөдө жаратылыш кырсыктарынын саны көбөйүп баратканын белгилеп, турак жайды камсыздандырууга чакырып кетти. “Эки жыл мурда  турак жайды камсыздандыруу боюнча мыйзам кабыл алынган. Анын шарттары боюнча  айына 50 сом төлөп, кокус табыгый кырсыктан улам  турак жай  урап калса, үйдүн курулушуна  жарым-бир миллион сом алууга болот. Айрымдар ошол шарттарды да сактабай жатканы – жакшы эмес. Өз келечегибизди ойлошубуз керек.  Кудай сактанганды сактайт”, -деди Президент

Мамлекет башчысы  цивилизациялуу өлкөлөрдө  жаратылыштын эң бүлүндүргүч  кырсыктарынан дагы коркушпастыгын белгиледи, анткени  турак жайды камсыздандыруу системасы иштеп, бардыгын тез эле калыбына келтире алышат. Президент  алты жылдын аралыгында  мамлекет   адамдарга жардам берүү, жарандарга камкордук  көрүү менен алектенип келди, бирок азыр  өлкө өзүн өзү багышы керек, ал эми адамдар мамлекет тууралуу камкордук көрчү мезгил келди, анткени күчтүү  мамлекет болбосо өлкөнүн жаркын келечеги болбостугун баса белгиледи.

Мамлекет башчысы  кызматтык милдетин  ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби үчүн, ошондой эле  Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу ведомствонун 7  кызматкерин  Президенттик саат  менен сыйлады.

Президент  Өзгөчө кырдаалда министри Кубатбек Бороновго жаңы үйлөрдүн алдына балдар  үчүн  аянтчаларды  курууга  300 миң сомдук  сертификат тапшырды деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83