www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көлдөгү "Рух Ордого" бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор издеп жатышат

Камчыбек Бостон 02-июль 2017, 12:36

Коом Кылмыш жана кырсык


Көлдөгү "Рух Ордого" бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор издеп жатышат


Учурда көл жээгиндеги объектинин аймагында кинологдор да иш алып барууда
Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий борборуна бомба коюлду деген маалымат түшүп, саперлор иштеп жатат. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан Ысык-Көл облустук маалымат кызматынан кабарлашты.

Белгисиз бирөөлөр таңкы саат алтыларда аталган жайга бомба коюлгандыгын билдиргенден кийин, райондук милициянын кызматкерлери тез арада "Рух Ордого" чыгып кеткен.

"Бомба болжол менен "Рух Ордого" кире бериште жайгашкан "Зодиак" деп аталган ресторанга коюлгандыгын айтышты. Аймак курчоого алынып, УКМКнын кызматкерлери карап, учурда кинологдор менен саперлер иштеп жатат", — деп айтышты маалымат кызматынан.

Милиция бомба тууралуу айткан кишини издеп жатат.

Булак: Sputnik.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83