www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28 жыл бою бул аялды сокур деп келген туугандары чындыкты билгенде шок болушкан

Камчыбек Бостон 02-июль 2017, 13:31

Дүйнө жүзүндө Коом


28 жыл бою бул аялды сокур деп келген туугандары чындыкты билгенде шок болушкан

 28 жыл мурун Испаниянын жашоочусу Кармен Хименес аттуу аял көз оорусунан сокур болуп калган. Кармендин достору менен үй-бүлөсүнө өзү ушундай деп айткан. Анткени, ал тааныштары менен саламдашып, абал сурашуудан ушунчалык чарчагандыктан, өзүн сокур деп элди алдаганга чейин барган. Чынында 57 жаштагы аялдын көзү жакшы көрчү. Кармендин ден соолугу боюнча жакындары күмөн санап келишсе да, бул жаңылык аларды шок кылды. “Актрисанын” күйөөсү анын эч кимдин жардамы жок эле жасаган макияжы укмуш болгонуна таң калганын айтат. Кээде аялынын көз кыйыгы менен телевизор көрүп олтурганын да байкап жүргөн. Бирок, Кармен ага карата айтылган сөздөрдү четке кагып келген. “Мен тааныштарды көргөндө токтоп, алар менен учурашып, маек куруудан чарчадым. Мен эч убакта көпчүлүктүн арасында болгон эмесмин. Сокур сыяктуу көрсөтүү аркылуу көптөгөн коомдук көйгөйлөрдөн кутулдум”, - дейт Кармен. Кармендин эң жакын адамдарына өзүнүн калпы жөнүндө айтпаган себебин сот алдында жооп берүүдөн корккону менен түшүндүргөн. Анткени, ал 30 жылга жакын көзү азиз адамдарга бериле турган атайын каржылык жардам алып турган. Бул маалымат Испанияда тез тарап, калктын ачуусун келтирген. Алар мамлекеттин текшербей туруп, акчаны оңго-солго таратып жатканына нааразы экендигин билдиришкен.

Булак: "chabarman.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83