Камчыбек Бостон 05-июль 2017, 06:03
Эми Өзбекстандан Ысык-Көлгө келүүнү каалаган туристтер түз эле учак менен Тамчы айылына коно алышат. Тактап айтканда, “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна биринчи жолу Өзбекстандан учак келип конду. 1саат 20 минутаны түзгөн аба каттамы аркылуу Тамчы айылына 200дөн ашык адам келип, алардын көпчүлүк бөлүгүн туристер түздү. Таң эрте “Ысык-көл” эл аралык аэропортунда Өзбекстандан “Боинг 757” учагынын конушу күтүлүп жатты. Ошентип көп күттүргөн учак да өз нугу менен аэропортко келип конду. Бул “Ташкент-Тамчы” аба каттамы биринчи жолу кыргыздын бермети Ысык-Көлгө 200 жүздөн ашык адамды аба аркылуу алып келди. Мындай "Ташкент-Тамчы-Ташкент" аба каттамдары жума сайын бир ирээт учуп турат экен. Каттамдын убактысы 1саат 20 минутаны түзүп, эми өзбекстандык туристтер үчүн жакшы шарт түзүлдү. Өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүү максатында ишке ашкан каттам дагы да уланып, Орусиянын Новосибирск шаарына да жүргүзүлө турган болду.
Булак: NazarNews.kg
Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!
NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.
Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!
Telegram Channel: @nazarnewskg
NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!