www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада эки кыз сууга агып кетти

Чынайым Кутманалиева 20-июль 2017, 11:57

Коом Кылмыш жана кырсык


Бир суткада эки кыз сууга агып кетти

Кыргызстандын аймагында бир сутканын ичинде эки өспүрүм кыз сууга агып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун Бабур айылында 7 жаштагы кыз ойноп жатып, аталган айыл аркылуу агып өткөн Базар-Арык суусуна агып кеткен. Издөө иштерин кыздын туугандары жана жергиликтүү тургундар жүргүзүшкөн. Саат 15:05тер чамасында кыздын сөөгү табылган.

Ушундай эле окуя Сокулук районунда катталган. Анда Төш-Булак айылындагы Сокулук суусуна 10 жашар кыз агып кеткен. Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылып, бирок натыйжа болгон эмес. Издөө иштери бүгүн, 20-июлда улантылат.

Булак: "zaman.kg"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83