www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 245

Тажикистанда кармалган кыргыз жараны мекенине кайтарылды

01-ноябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 1-ноябрында буга чейин Тажикистан Республикасынын аймагында кармалган Кыргызстандын жараны Асылбек Каримов мекенине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Эске салсак, кечээ 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын компетенттүү органдарынын жана ошондой эле Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө КР жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да козголгон. Жыйынтыгында КР жараны А.Каримов Тажикистан Республикасынын чек ара мыйзамын бузгандыгы ...

0 483

Ооруканага түшкөн аял: “Күйөөм төшөктө кыйнаганды жакшы көрөт”

01-ноябрь 2019, 15:46 Бакыт Молдалиев

“Күйөөм зордуктай берет, ошон үчүн алдыртып таштайын деп жатам...” деген сөздү укканда эрксизден бурулуп карадам. Мени менен чогуу бир палатада жаткан үч келин дагы бурулуптур. Жүдөө кийинген келин өз окуясын айтып отурду. Мен: “Неге алдырасың? Кудайдан коркпойсуңбу?” дедим чыдабай. Келин: “Күйөөм алдырып ташта деп жатат. Анын үстүнө, өткөндө кан кетип, катуу кыйналдым. Ушинтип жүрүп, эртеңки күнү бир жери майып ...

0 1653

Эсеп палатасынын жетекчиси Улукбек Марипов кезинде Атамбаевге...

01-ноябрь 2019, 15:32 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев өз учурунда кирешелүү делген тармактарга жалаң өзүнүн «коюнунан» чыккан кадрларды койгон эмеспи. Натыйжасында коррупциянын чеги туу чокуга чыкканы эки жылдан бери тастыкталууда. Аны ЖЭБ, музей, ат майдан ж.б. тармактардан көрдүк. Азыр С.Исаков, А.Калиев, К.Кулматов, А.Ибраимов, О.Артыкбаев.Ж.Сатыбалдиев ж.б. үстүнөн соттук иштер жүрүүдө, шопуру И.Илмияновго өкүм чыкты. Майлуу кызматтарга келген кадрларынын бири - Эсеп палатасын тескеп олтурган Улукбек ...

0 1030

Таксистти жатак абакта жаткандар өлтүрүшкөн

01-ноябрь 2019, 14:41 Айдар Нуралиев

Өлтүрүп, өлүгүн "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы унаанын багажына салып кеткенге шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 1980-жылы туулган маркум К.Х.А. Чүй облусунун жараны, ал таксист болуп иштеп келген, ошондой эле бандеролдорду да ташып жүрчү. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүүлөр кармалган. Алар 27 жаштагы Чүй облусунун тургуну, мурда уурулук жана зордуктоо ...

0 482

Кара-Кече" мафиясы: “Кыргызкөмүрдүн” директорун кимдер "чаап" кетти?

01-ноябрь 2019, 15:33 Бакыт Молдалиев

Бишкектин “Тунгуч” кичирайонунда 30-октябрдын түнү “Кыргызкөмүрдүн” директорун белгисиз жарандар сабап кетишти, болгондо да арматура менен. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. 30-октябрдын түнү Аширбаев спорттук залдан чыккан учурда беткапчан эки адам келип, темир арматура менен сабап салышкан. Анын жанында кымбат баалуу телефон жана акча да болгон. Бирок, кылмышкерлер алардын бирине да тийишкен эмес. Аталган факты боюнча ...

0 378

Авто кырсыктан 19 киши мерт кетти

01-ноябрь 2019, 14:23 Айдар Нуралиев

Филиппинде жүргүнчүлөрдү ташып бараткан жүк ташуучу унаа жардан кулап,  анын натыйжасында 19 киши каза болсо, дагы 22 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя, 31-октябрь күнү кечинде, Филиппиндин Апаяо провинциясында болгон. Жүк ташуучу унаанын ичинде көпчүлүгү улуу курактагы адамдар болушкандыгы айтылат, алар кошуна провинциядан өкмөт акчалай жана үрөн түрүндө берген жардамды алып, ...

0 166

Пакистанда поезд өрттөнүп, 73 киши каза болду

01-ноябрь 2019, 14:20 Айдар Нуралиев

Пакистанда поезд өрттөнүп кетти. Каза болгондор менен жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок же бар экени белгисиз. Муну учурда ТИМ  тактоодо. Кечээ,  31-октябрда  Пакистандын Пенджаб  провинциясында   жүргүнчү ташуучу поездде чыккан өрттөн 73 жүргүнчү курман болгон. Каза болгондордун көпчүлүгүнүн күйүктөрү өтө оор болгондуктан, алардын аты-жөндөрү аныктоо мүмкүн болбой жатат. Поезд Карачиден Равалпинди шаарын көздөй бара жаткан. Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт жүргүнчүлөр ...

0 187

Тажикистанда окуучуну сабаган милиция кызматкери иштен алынды

01-ноябрь 2019, 14:03 Айдар Нуралиев

Тажикстанда сабак учурунда 11-класстын окуучусун сабаган Исфара облустук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери жумуштан алынды. Милиция кызматкери тарабынан сабалган Акбар Довудовдун айтымында, ал 16-сентябрда экинчи сабакка кечигип келгендиги үчүн токмоктолгон. — Ошол маалда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн биздин аймакка милиция кызматкерлери жөнөтүлгөн. Мен кирсем класста Ахад Гайбуллозода аттуу милиционер бар экен. Ал кечиккендигимдин себебин сураганда дааратканада ...

0 321

Өмүрбек Бакиров: "Бажы биримдигине кирип пайда тапкан жопуз, тескерисинче утулдук"

01-ноябрь 2019, 14:04 Айдар Нуралиев

- Кыргызстан ЕЭБге мүчө болгонуна 4 жыл болду, эмне пайда таптык? - Биз Бажы биримдигине кирип пайда тапкан жокпуз, тескерисинче утулдук. Мына, 4 жылдан бери ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын Евросоюздун базарларына чыгара албай жатканыбыз ачуу чындык. Ачыгын айтканда, карапайым дыйкандарга эле кыйын болду. Буга Өкмөт, Айыл-чарба жана мелиорация министрлиги күнөөлүү. Ачык айтуу керек, Өкмөт дыйкандарга шарт түзүп бере алган ...

0 628

Кафенин күзөтчүсү эмнеге үйлөнүп жаткан жигитти сабаган?

01-ноябрь 2019, 12:51 Алтын Булат

Бишкектеги кафелердин биринин күзөтчүсү кафенин кардарын эс учунан тангыча сабап салган. Мына ушундай маанидеги маалымат Инстаграмм социалдык түйүнүндөгү @Black_list.kg тайпасына чыкты. Маалыматта белгиленгендей, жабырлануучу жаңы үйлөнүп жаткан жигит болгон. Ал баш мээси чайкалып, тиши сынып ооруканага түшкөн. Аны борбор калаадагы «Империя пиццы» кафесинин бир күзөтчүсү сабаган. Анда айтылгандай, үйлөнүү үлпөтүнөн кийин жаштар коомдук жайда өздөрүн тынчы жок алып жүрүшкөн. ...

0 546

ВИДЕО: Суракматовдон сурайлычы: Муну кайсы жинди кылган?

Видео 01-ноябрь 2019, 12:54 Бакыт Молдалиев

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы кызык жагдай тартылган видео тарап жатат. Анда шаар тургундарынын бири Медеров көчөсүндөгү (Панфилов көчөсүнүн кесилишине бир аз жетпей) бир үйдүн кире бериш жерине "зебра" - жөө адамдар өтчү белгини бир канча боёк менен, мээнет кетирип жол белги койгону көрсөтүлөт. Кызыгы, ал белги бир гана үйгө кирчү жолдо, эч кандай машине өтө турган жер эмес. ...

0 235

Самат Курманкулов “Эрдик” медалы менен сыйланды

01-ноябрь 2019, 12:38 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси, милициянын полковниги Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланды. Эске салсак, 7-8-августта, Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында Самат Курманкуловдун башына таш тийип, оор жаракат алган. Азыркы тапта ал Москва ...

0 297

Айбек Бусурманкулов: “Саясатчылар духу болсо эл алдына келип жооп беришсин”

01-ноябрь 2019, 12:31 Айдар Нуралиев

"Биз дагы Конституциялык укугубуздан пайдаланып ѳзүбүз киргизген мыйзам долбоорду коом алдында талкуулоо максатында 2019-жылдын 24-ноябрында эски аянтта, В.И. Лениндин эстелигинин алдында элдик талкууга коебуз. Мындай кадамга Жогорку Кеңеш биздин Конституциялык укукту бузгандыгына байланыштуу аргасыз барып жатабыз", -деген экс-депутат, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров элге кайрылуу жолдогон. Мындан улам NazarNews маалымат агенттиги Курултайдын аткаруу комитетинин өкүлү Айбек Бусурманкуловго байланышып, өтө турчу ...

0 339

Президент ИИМдин бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

01-ноябрь 2019, 12:15 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, кызматтык милдетин үлгүлүү аткаргандыгы, ошондой эле кылмыштуулукка каршы күрөшүү ишине жана коомдук тартипти камсыздоого кошкон олуттуу салымы үчүн «Даңк» медалы менен төмөнкүлөр сыйланды: Аширходжаев Эркебек Джумабекович — Кыргыз Республикасынын Ички иштер ...

0 563

Журналист: “Чаткалдын акиминен акча алган эмесмин...”

01-ноябрь 2019, 12:11 Айдар Нуралиев

Мындан үч күн мурун, тактап айтканда, 29-октябрда NazarNews маалымат агенттиги “Чаткалды гүлдөтө турган инвесторлордун акчасы акимдин мафиясынан артпай жатат” деген темада макала чыгарганбыз. Анда, Аден Турусбеков аттуу Фейсбук колдонуучусунун жеке баракчасына “Калпты чындай айтканга Канжарбек Эшалиев уста. Акимдин 5 мектеп, бала бакчаларды салганга кыпындай тиешеси жок” деген аталышта Чаткалдын акими жана андан акча алды деп айтылган журналист тууралуу чыгарган ...

0 100

Соронбай Жээнбеков: "Бизнести коргоо, ишкерлерди колдоо — баарыбыздын милдетибиз"

01-ноябрь 2019, 12:12 Айдар Нуралиев

"Менин милициям мени коргойт" деген ишенимди ар бир жарандын көкүрөгүнө орнотуу — эң башкы милдет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: "Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары! ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 219

МАИ кызматкерлери жарандарга сылык мамиле кылганды качан үйрөнөт?

01-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Биздин ала таякчан МАИ кызматкерлерибиз коррупцияга кокодон батып калганы жашыруун эмес. Далил материалдар ММКларда күн сайын жарыяланып атат. Тийиштүү жыйынтык чыгып, реформа жүрбөгөн соң айла жок экен. Эми анысы жерге кирсин десек, МАИчинин коржоңдогон оройлугу менен зөөкүрдүгү жанга батууда. Туш келди жерден жолго чуркап чыгып тосуп, келе жаткан унааны токтотуш үчүн жолдун ортосуна чейин «жанкечтиленген» МАИчилер бар. Чуркап чыккан МАИчиден ...

0 425

Бүгүн милиция күнү: Парламенттеги генералдар жана “жетим жүгүрүк”. Кимдер алар?.. Майрамыңыздар менен!

01-ноябрь 2019, 15:30 Бакыт Молдалиев

Бүгүн, 1-ноябрда Кыргызстанда милициянын түзүлгөнүнүн 95 жылдыгы майрамдалууда. Бул салтанатка карата өлкө боюнча ар кандай иш-чаралар уюштурулуп, аталган орган кызматкерлерин, ардагерлерди куттукташып, сыйлашуулар башталды. Биз да элден калбай, ар бир катардагы милиция кызматкеринен тартып, башкы милиция Жунушалиевге чейин куттуктообузду айтабыз. Ал эми көпчүлүккө кызык болгон суроо бул – “Учурда Жогорку Кеңеште канча милиция депутат болуп олтурат?”. Жооп кылалы. Жогорку ...

0 216

ВИДЕО – 101 жаштагы чоң эне дагы деле кызматта

Видео 01-ноябрь 2019, 11:14 Алтын Булат

Өткөн-кеткендерге маалымат кагаздарын таратып, күркө ичинде жаштар менен катарлаш чоң эне олтурат. Кызыгы, бул видеодогу маалыматта кемпирдин курагы бир кылымдан ашык экени айтылууда. Анда айтылгандай, тасма АКШнын түштүгүндөгү ири штаттарынын бири Техаста өткөн жарманкелердин биринде тартылган. Жаш курагы боюнча рекорд койгон чоң эне элге, мекенине пайдасын тийгизгенден ырахат аларын айтууда. Эс алууну таптакыр каалабайт, тескерисинче иштегенди жактырат. Ошондуктан ага пенсия ...

0 286

Бишкекте 2-ноябрь күнү “Маданият кызматкерлеринин күнү” белгиленет

01-ноябрь 2019, 10:52 Айдар Нуралиев

Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында 2-ноябрь күнү маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата “Жаңы ысымдар” аталышында гала-концерт  өтөт. Майрамдын алкагында, Кыргыз Республикасынын маданият жана искусство тармагынын өнүгүп өсүшүнө зор салым кошкон Кыргыз эл артисттери кызыл килем аркылуу өтүп, маданият министрлигине караган мекемелерден жана окуу жайлардан мыкты деп тандалган чыгармалар  жаңырат. Ошондой эле, филармониянын фойесинде жаңы чыгып келе ...

0 253

Турсунбеков да түрмөгө отурганы калдыбы?

01-ноябрь 2019, 10:53 Айдар Нуралиев

Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбековдун жакындарына таандык Бишкектеги арак-шарап заводу боюнча токтотулган кылмыш иши кайрадан териштирилмек болду. Башкы прокуратура заводдун мыйзамсыз менчиктештирилиши тууралуу 2012-жылы козголгон кылмыш ишин токтотуп койгон УКМКнын Тергөө башкармалыгынын 2014-жылкы токтомун жокко чыгарды. Эми иш кайрадан атайын кызмат тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынат. Иш жанданса Чыныбай Турсунбековго кылмыш иши козголуп, сыйыртмак салынышы мүмкүн. Убагында 183,4 ...

0 187

Премьер-министр Абылгазиев иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти

01-ноябрь 2019, 10:37 Айдар Нуралиев

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ташкент   шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты маалымдады. Маалыматка караганда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын күн тартибинде Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгү менен мындан ары өркүндөтүүгө багытталган соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү маселелер белгиленген. Жыйындын жыйынтыгы боюнча ...

0 349

Бири өлтүрүлсө, экинчиси келди. Террорчулардын жаңы лидери белгилүү болду

01-ноябрь 2019, 10:31 Алтын Булат

Башкы террорчу Абу Бакр аль-Багдади жана анын оң колу Абу аль-Хасан аль-Мухаджир да жок кылынганын «Ислам мамлекети» террордук уюмунун өкүлдөрү ырасташты. Ошол эле учурда бул уюмга - Аби Ибрахим аль-Хашеми аль-Кураши аттуу адам лидер болгонун жарыяланды. Американын Коргоо министрлиги «Ислам мамлекети» террордук уюмунун башчысы Абу Бакр аль-Багдадини жок кылуу операциясынан тартылган видео менен сүрөттөрдү жарыялап, анын айрым деталдарын ачыктаган.

0 216

Эки сүйлөгөн Жээнчороев желпингенде

01-ноябрь 2019, 10:49 Айдар Нуралиев

Бети жоктуктун бийик үлгүсүн көрсөткөн Мирлан Жээнчороев коомчулуктан ийменип койбостон, абийирине каршы балта чаап, шайлоо босогосун 9%дан 5 пайызга тушүрүү демилгесин коомдук талкууга койду. Биз таң калып бүтө албай олтурабыз. Дегенибиз, мындан эки жыл мурун, 2017-жылдын май айында, ушул Мирлан Жээнчороев шайлоо босогосун 9%га көтөрүүнү демилгелеп: «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 200дөн ашуун партия бар, аларды бириктирүүчү идеология жок. Босогону 9%га чейин жогорулатуу - ...

0 1316

Москвада жоголду делген кыздын атасы: “Өткөөл курак. Күнөө кызымдан кетти...”

01-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Кечээ, 31-октябрда эрте менен Акыл Сатыбалдиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Москва шаарында кыргыз кызы дайынсыз болуп жатканын, маалымат билгендер болсо кабарлап коюшун суранган. Айтымында, дайынсыз болуп жаткан Таңзада деген кыз.  Таңзада “Кечээ күнү мени бирөөлөр алдап алып кетип, камап коюшту, алып кеткиле мени, даректи билбейм, суу эле берип жатат”, -деп боздоп аудио билдирүү жөнөткөн экен. Ал заматта бүт ...

0 480

Эсиңер барда этегиңерди жыйгыла

01-ноябрь 2019, 09:49 Айдар Нуралиев

Өкмөт президент Сооронбай Жээнбековдун саясатына каршы иш кылууда. Президент "Уран казылбайт" - деп так кесе айтып жатса, өкмөт уран, торий кендерин чалгындоо, иштетүү боюнча мыйзамын Жогорку Кеңештен өткөрүүнү көздөп чуркап жүрөт. Бул деген президенттин сөзү суу кечпейт деген кеп да. Буга байланыштуу эл өкүлү Алтынбек Сулайманов: "Уранды казууга каршы элдер митингге чыгып жатканда силер каякта элеңер? Эсиңер барда этегиңерди ...

0 2379

Кайран гана Канат, ууру күйөө балаңа же аны жашырган сага башка, элге башка мыйзамбы?

01-ноябрь 2019, 09:43 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңеште “Кыргызстан” партиясынын лидери катары барып, андан соң бир нече убакыт СИЗОго да олтуруп чыкканга үлгүргөн Канат Исаевдин Улуттук коопсуздук кызматта иштеген күйөө баласы андагы сейфте сакталып турган, бир нече кылмыш иштерине күбө болчу 200 миң долларды уурдап, ордуна жасалма акчаларды коюп койгон. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда Акиpress агентиги “Репортер” бөлүмүнө элден келген маалыматтарга таянып жазып чыкты. Мына сага! ...

0 945

Кыздардын жүрөгүн жибитүүчү жигиттердин шаблон сөздөрү

01-ноябрь 2019, 09:05 Бакыт Молдалиев

Кыз менен жигит үй-бүлө куруп, үйлөнөйүн деп жүргөн убакта өздөрүн дүйнөнүн эң бактылуу адамдарындай сезет. Алардын келечекке түзгөн пландары менен ой-тилектери көп болот. Бири-бирине ант берип, “үйлөнгөндө мындай кылам, андай кылам” деп убада берет. Бир гана нерсе, ошол айтылган сөздөрдүн баары үй-бүлөлүү болгондон кийин унутулат, же күчүн жоготот. Муну үйлөнөйүн деп жүргөн жаштардын шаблон сөздөрү деп атап, ошондой “кулактан ...

0 251

Американын депутаттары Трампты президентиктен кетиребиз деп чыгышты

01-ноябрь 2019, 08:31 Бакыт Молдалиев

АКШнын Өкүлдөр палатасы президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо ишине байланышкан иликтөөнүн кийинки баскычын баштоого жол ачкан резолюцияны колдоду. Жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алына турган резолюцияны 232 депутат колдоп, 196 каршы добуш берди. Ага негизинен бардык республикачылар жана эки демократ каршы болду. Добуш берүүгө төрт эл өкүлү катышкан жок. Палатада демократтар көпчүлүктү түзөт. Резолюция ачык угууларды өткөрүүгө, жабык жыйындардагы көрсөтмөлөрдүн ...

0 330

Бишкекте жол коопсуздугун, коомдун тартибин бузгандарды жаңы патруль тескейт

31-октябрь 2019, 17:54 Алтын Булат

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Бул жаңы кызматка, Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматы бириктирилген. Эми ушул Патрулдук милицияга сынак аркылуу тандалып алынган 600 кызматкер 56 машине менен баш калаадагы коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт. Эске сала кетсек, буга чейин аталган долбоор 2019-2020-жылдары пилоттук негизде баш калаада ишке ашырылары ...

0 11595

ВИДЕО (18+) - Аскердик бөлүктө кыргын салган жоокердин окуя болгонго чейин кордолгон видеосу тарады

Видео 01-ноябрь 2019, 09:14 Бакыт Молдалиев

Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан Забайкальеде ушул айдын 25-октябрында Шамсутдинов аттуу жоокер өзүнүн кызматташтарын жана эки офицерди атып өлтүргөн окуя боюнча түзүлгөн комиссия ал жоокердин аскер бөлүктөгү бир офицер менен жекече чатагы болгон деген жыйынтык чыгарды. Бул тууралуу орустардын айрым маалымат агенттиктери жазып чыгышты. Бирок, комиссиянын документтери расмий жарыялана элек. Буга чейин ошол эле Коргоо министрлиги анын мындай кадамга барышы жоокердин ...

0 504

Экс-премьер Муралиевдин уулу абактан чыгып кетти

31-октябрь 2019, 17:47 Айдар Нуралиев

Мурунку премьер-министр Амангелди Муралиевдин мамлекетке чыккынчылык кылды деп соттолгон уулу Алтынбек Муралиев жатак абакка которулду. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы тастыктады. “Соттолгон адам 17-октябрда атайын комиссиянын чечими менен   жатак абагына которулган. Азыркы убакта ал үйүндө көзөмөл астында жана ал ишке орношууга даярданып жатат. Буга чейин Алтынбек Муралиев Молдовановка айылындагы №26 колониясында жаза ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 178

Эми кылмыш иштин күбөсү мамлекеттик коргоодо болот

31-октябрь 2019, 17:42 Алтын Булат

“Ай, тийишпе, жолобо”, - деп айтасыздарбы(?). Мына ушундай собол салды 31-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында ЖКдагы депутат айымдардын бири. Тагыраагы, сот отурумуна катышкан күбөлөрдүн укугун коргоо боюнча мыйзам долбоору 2-окууда каралып жаткан учурда Эльвира Сурабалдиева, күбөнү коркуткан кылмышкерге кандайча эскертүү берилерине кызыгып, долбоордун автору болгон ИИМдин өкүлдөрүнө жогорудагыдай суроо узаткан. - Мыйзамдын 6-беренесинде жазылган “коопсуздук чаралары” депчи... Ал ...

0 765

Бишкектеги «Adriano» кафеси жипке асынып турган баланын манекенин илип койгон

31-октябрь 2019, 17:29 Айдар Нуралиев

Бишкек шаарындагы «Adriano» кафеси Хеллоуин майрамына карата өз тегерегин кооздогон. Бул кафе кесилген ашкабактар менен гана кооздоп чектелбестен, жипке асынып турган баланын манекенин дагы илип коюшканын «Репортерго» шаар тургуну билдирип, сүрөттөрдү жөнөткөн.  «Менин балам ал асынып турган баланы көрүп, коркуп, ыйлап да жиберди», - деп, аталган кафенин кызматкерлерине нааразычылыгын билдирди. Мындай ашыкча обу жоктуктун айынан акыркы учурда Кыргызстанда Батыштын туура эмес кадамдары кыргыздын ...

0 332

Ким мандатка татыктуу?

31-октябрь 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

Кызык суроо бекен? Анда эмесе ушул кепти чечмелеп берели. Айрым элитанын каймактары карды ток, капчыгы калың, салмагы сайдын ташындай болгон адам мандатты алышы кажет деп кайкалап кетишти. Алардын айтканына ынансак кайрадан эле элдин эсебинен жашагысы келген, сүлүк курттай кан соргондор парламентте шукшурулуп отурушу керек тура. Биздин шорубузду кайнаткандардын эңсөөсүн кантип токтотконду билбей көк мээ улактай болуп отурганыбыз деги туурабы?

31-октябрь 2019, 16:29 | 332
0 635

Африкада 5 орусиялык жалданма аскер өлтүрүлүп, баштары алынды

31-октябрь 2019, 15:58 Айдар Нуралиев

Африка материгинде жайгашкан Мозамбик өлкөсүндө радикал исламчылар менен болгон беттеште Вагнердин армиясынын 5 жалданма аскери каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, окуя 27-октябрда Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орусиялык жалданма аскерлердин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылар уюштурган барымтага туш болушкан. Өкмөттүк армиянын 20 аскери жана орусиялык 5 жоокер каза болгон. Булардын баарынын башы алынган. Өлүктөр Муеда шаарынын ...

0 195

Саясатчылар эми Твиттерден Фейсбукка "көчүшөт?". Сыры эмнеде?

31-октябрь 2019, 15:45 Бакыт Молдалиев

Twitter социалдык түйүнү мындан ары саясий жарнамаларды жарыялоодон баш тартууга ниеттенүүдө. Компания мындай чечимин «бул сыяктуу маалыматтар сатылбашы керек» деп түшүндүрдү. Twitter компаниясынын башчысы Жек Дорсинин билдиришинче, сервисте шайлоого талапкерлердин жарнамалары жана саясий темадагы кулактандыруулар 22-ноябрдан тарта жарыяланбайт. Twitter түйүнүнүн атаандашы болгон Facebook жакында саясий рекламаларга киргизилген тыюудан баш тарткан. Компаниянын башчысы Марк Цукербергдин пикиринде, жарандардын өз оюн эркин ...

0 260

ИИМдин ички коопсуздук аскер кызматы түзүлдү

31-октябрь 2019, 16:04 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлерин Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички  коопсуздук аскер кызматы кылып кайрадан түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Белгилүү болгондой, 2014-жылы аскердик реформанын алкагында Ички Аскерлер  Ички иштер министрлигинин карамагынан чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тутумундагы Улуттук гвардиянын курамына киргизилген. Турмуш көрсөткөндөй, Ички Аскердин Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын курамында болуусу алардын ...

0 531

ВИДЕО - Хабибдин спорттогу карьерасы соңуна чыкканы калды

Видео 31-октябрь 2019, 15:37 Бакыт Молдалиев

ММАнын (аралаш стилде) дагестандык айтылуу мушкери Хабиб Нурмагомедовдун спорттогу карьерасы эки-үч беттештен кийин соңуна чыгышы керек. Бул тууралуу анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов ютубдагы “Fight Nights Global” каналына берген маегинде билдирди. Анда Абдулманап Хабибдин кезектеги атаандашы Тони Фергюсен болоорун жана бул беттеш UFC тарыхында мыкты оюн катары калышын кааларын айтат. Ал эми Конордун Хабиб менен реваншы, эгерде, дагестандык ...

0 589

Австралиялык мергенчи Кыргызстанга келип дагы аркар атам дейт

31-октябрь 2019, 15:37 Айдар Нуралиев

Брэндон Роуз аттуу австралиялык жаран Твиттердеги жеке баракчасына Кыргызстанга келип Кызыл китепке кирген жаныбарды, тактап айтканда өзү аткан аркар менен түшкөн сүрөтүн жүктөгөн. Ал посттун астына бишкектик бир кыз анын мындан ары Кыргызстанга кайра кайтып келбешине үмүттөнөөрүн жана ага да мына ушул кайберендикиндей тагдырды каалай турганын жазган. Бирок,    австралиялык мергенчи ага жооп кылып тоо теке жана аркар атуу үчүн ...

0 359

Пластиктен жасалган идиштер зыяндуу

31-октябрь 2019, 15:27 Айдар Нуралиев

Ооба, швед окумуштууларынын пластиктен жасалган идиштер менен күнүмдүк тиричиликте колдонулуучу химия затынын кош бойлуу аялдарга тийгизген таасирине изилдөө жүргүзгөндөн кийин ушундай жыйынтыкка келишкен. Изилдөөдө кош бойлуу аялдар канчалык көп пластик идиш-аяк менен тиричилик химияны көп колдонсо, келечекте баланын интеллект коэффициенти да ошончолук төмөн болору аныкталган. Айрыкча бул эркек балдарга тиешелүү. Мисалы, тазалоочу каражаттарда кездешкен хлорпирифос пестициди менен полифторалкилдик заттар, ошондой ...

0 292

Бишкекке качан жылуулук берилээри белгилүү болду?

31-октябрь 2019, 14:53 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаарга жылуулук берүү сезонун 1-ноябрдан баштап берүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу шаардын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, объекттерди туташтыруу адаттагыдай эле бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектеп, бала-бакча, оорукана жана социалдык коргоо мекемелерине жылуулук берилет. Мектептерди жылуулук берүүгө туташтыруу жана температураны жөнгө салуу окуу процессине тоскоол кылбайт, себеби, ...

0 320

ВИДЕО – Кичинекей “Нанек”

Видео 31-октябрь 2019, 14:41 Алтын Булат

Эки жаштагы бала дагы бир ымыркайды эптүүлүк менен кийинтип жатат. Ютубка чыккан бул видео көпчүлүктүн көңүлүн өзүнө буруп, элдин эт жүрөгүн элжиретип жаткан учуру. Андагы маалыматка караганда, булар бир туугандар “Аганын инисине болгон сүйүүдөй сүйүү жок”, -деп айтылат. Булак: NazarNews.kg

31-октябрь 2019, 14:41 | 320 |
0 496

Өзбекстанда кызы зордукталган мугалим аял экинчи жолу өзүнө кол салды

31-октябрь 2019, 14:41 Бакыт Молдалиев

15-сентябрда Кашкадарыя облусунун Касан районунда 40 жаштагы мугалим асынып өлүүгө аракет жасаган. Аны мектептен келген кызы көрүп, аман алып калган. Бул мугалим аял былтыр, 2018-жылы да өзүнө өрт койгон. Маалыматка караганда, анын 14 жаштагы кызын зордуктаган киши жазага тартылган эмес, айылда болсо анын үй-бүлөсү тууралуу айың кептер тараган. Буга байланыштуу ал өз жанын кыйгысы келген. Ал эми кызы болсо ...

1 332

"Азия ньюска" 1 миллион сом айып пул салынды. Судья Тынара Абдиева министр Кашкар Жунушалиевдин "заказын" аткардыбы?

31-октябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

Урматтуу окурман! Ошентип, “Азия ньюс” гезити боюнча дагы бир соттук териштирүү адилетсиз чечим чыгарды. Биздин аргументтер эске алынбай, бир жактуу чечим чыгышы, болгондо да 1 миллион сомду илип коюу акыйкатсыз!  Дегенибиз, ички иштер министринин ишиндеги кемчиликтер боюнча гезиттин 2019-жылдын 25-апрелиндеги санына “Кашкар крысабы?” деп аталган коллаж, “Кашаң Кашкар” деген жалпы тема менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин ишмердүүлүгү боюнча баа ...

0 10462

Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле!" деген кыздын кылыгы... УЯТ!!!

31-октябрь 2019, 16:24 Бакыт Молдалиев

Москвада “Камап коюшту, алып кеткиле! Даректи билбейм, суу эле берип жатат” деген кыргыз кыздын калпы чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда “Кыргыз Республикасынын мигранттарын колдоо” фондунун директору Тимур Саралаев билдирип, соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Маалымат төмөндө толугу менен: - Медалдын экинчи тарабы болот. Тилекке каршы, ушундай болуп калды. Кыргыздар Москвага келгенде кыргыздарга алданат (жасалма документтерди, табиятта жок арзан батирлерди сунуштап, ...

0 318

ВИДЕО: УКМК Кара-Көлдөгү сот менен милиция жетекчисинин пара менен кармалган видеосун жарыялады

Видео 31-октябрь 2019, 14:19 Бакыт Молдалиев

Кара-Көл шаардык сотунун судьясы менен Кара-Көл шаарынын ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы видеосу менен бирге жарыялады. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 1-октябрында ИИМдин Ички иликтөө кызматына И.Ф. аттуу жаран кайрылган. Анда ал Кара-Көл шаарынын ИИБ кызматкери Кара-Көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 миң сом пара ...

0 794

СҮРӨТ+ВИДЕО - Эркебаев менен Илмияновду байланыштырган "нерсе" ачыкка чыкты

Видео 31-октябрь 2019, 14:18 Айдар Нуралиев

Кечээ, 30-октябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Икрам Илмияновдун иши боюнча сот отуруму жыйынтыкталып, анда чыккан өкүмгө ылайык, үй-мүлкү конфискациялануу менен өзү 7 жылга эркинен ажыратылды!  Шефи өлкө башкарып турган жылдары Илмиянов айдоочулуктан президенттик аппараттын жетекчисинин орун басарына чейин көтөрүлгөн! Мына ушундай баш айланткан карьерага өлкөбүздө аз гана адам жеткен! Ошол убактарда айтылып ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 945

11 жаштагы кызды үчүнчү аял кылып алган имам айып пул төлөп кызды өзүнө калтырды

31-октябрь 2019, 14:16 Бакыт Молдалиев

11 жашар кыз менен нике кыйып, бүтүн интернет колдонуучуларды кыжырданткан 41 жаштагы малайзиялык имам айып пул төлөп кутулуп кетти. Имамдын бир нече аял алууга уруксаты жок болгондуктан, ал шарият боюнча 900 ринггит (15 147,8 сом) айып пул төлөгөн. Белгилей кетсек, Малайзияда 11 жаштагы кыз менен 41 жаштагы эркек никелешкен эле. Кыздын ата-энеси жакырчылыктан кыйналгандыктан, кыздарын эрте турмушка беришкен. Алар бир гана ...

0 308

ВИДЕО –Селкинчек тепкен уйлар чек арадан өтүп кетишти

Видео 31-октябрь 2019, 13:10 Алтын Булат

Жыгачтан жасалган өпөң-чычаң. Бир учунда байланган уй, торпоктор ортодогу зым тордон ашырылып өткөрүлүүдө. Бул албетте, мыйзамсыз иш – аракет. Антсе дагы адамдын тапкычтыгына айла жок “ырсаят” экенсиң. Социалдык түйүнгө чыккан бул видео качан, кайда тартылганы белгисиз. Кадрдагы сүйлөшүүлөрдөн улам байкалгандай, Индия-Пакистан чек арасы болушу мүмкүн. Анда көрүнүп тургандай адамдардын тобу мал уурулук кылып жатышат. Болбосо коңшулаш карапайым эки эл ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83