www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 124

Равшан Жээнбеков: «9 пайыздык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу"

18-октябрь 2019, 10:44 Кызгалдак Жакыпова

- Кыргызстандагы шайлоо процессинин босогосу боюнча коомчулукка кайрылып,  ачуу пикир айттыңыз. Бул чектин кандай терс таасири бар? - Бүгүнкү күндөгү 9%дык чек - бул адилетсиз жана коркунучтуу болуп эсептелет. Эмне үчүн адилетсиз? Анткени парламент мамлекеттеги ар кандай социалдык катмарлардын, ар кандай идеологиялык көз караштын мүмкүнчүлүгү болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндөгү 9% чек менен парламентке жөнөкөй адамдар, колунда жок адамдар, ...

0 292

Аскар Акаев: “Жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет”

18-октябрь 2019, 09:54 Бакыт Молдалиев

 “Ошондой эле сени оор мезгилде сатып кетпеген тарапташтарыңды мезгил өткөн сайын өтө баалап каласың”. Мындай пикирин учурда Москвада жашап-иштеп жүргөн Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. “Саткынчылык - жашоо сыяктуу эле түбөлүктүү. Саткынчылык баардык элде кезигет, кыргыздарда деле бар. Бирок, ар дайым жакын адамдардын саткынчылыгы жанды кейитет. Ал менин башымдан да өттү. Бирок, тилекке жараша, мен жаратылышыман ...

0 251

Дубайдын мураскор ханзаадасы Өзбекстанда аңчылык кылып жүрөт

Видео 18-октябрь 2019, 09:45 Айдар Нуралиев

Дубайдын мураскор ханзаадасы шейх Хамдан ибн Мохаммед Аль Мактум Өзбекстанга келип, куш салып аңчылык кылып жүрөт. Өзбектер сыйлуу коногуна Навои облусунда аңчылык тур уюштуруп беришкен. Бул тууралуу ханзаада өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган. Новои облусунда тоодактарды көбөйтүү жана сактоо боюнча борбор бар. Борбор 2008-жылы Дубайдын эмири Мохаммед ибн Рашид Аль Мактумдун демилгеси менен ачылган. Бул убакыт ичинде борбордун кызматкерлери 10 ...

0 206

Чүйдөгү түрмөдөн качууга аракет кылган кылмышкерди күзөтчүлөр атып салышты

18-октябрь 2019, 09:34 Бакыт Молдалиев

Чүйдө түрмөдөн качууга аракет кылган жаранга күзөтчүлөр ок атышып, ал жарадар абалда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы билдирүү таратты. Маалыматка ылайык, окуя Молдовановка айылындагы №1-түрмөдө кечээ, 17-октябрдын таңында болгон. Качууга аракет кылган кылмышкер 31 жашта, ал 19 жылга соттолгон. Ага күзөтчүлөрдүн эки огу тийип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы канааттандырарлык.   Учурда бул факт ...

0 212

ЖКны шайлоого бир жыл калды, кезексиз шайлоолор болбойт, өтө кымбат шайлоо болот

18-октябрь 2019, 11:39 Темирлан Келдибеков

Кээ бир саясатчылар белгилегендей ушул тапта президент Сооронбай Жээнбековдун чүкөсү айкүр конуп турган убагы. Ошондуктан, парламенттик шайлоону азыр өткөрсө, аны колдогондор көп болуп, коалициялык көпчүлүктү бир-эки партия менен эле 90 пайыз алып коймок деген кептер бар. Шайлоо 2020-жылы жазында же күзүндө өтөбү, айырмасы жок. Бирок баары бир нече фактордон көз каранды, убакыт көрсөтөт. Азырынча мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү – ...

0 225

Абылгазиевдин шайлоосу элди "шок" кылды

18-октябрь 2019, 09:52 Кызгалдак Жакыпова

Келээрки, 2020-жылдагы парламенттик шайлоо "эң кымбат" шайлоо болот. Бул тууралуу өкмөт башчы өз оозу менен айтты. Капчыгы калың соодагерлер менен олигархтардын бийликке келишине эми кыргызстандыктар мурдагыга салыштырмалуу 5 эсе кымбат төлөшөт. Тактап айтканда, 2020-жылы өтө турган өлкөнүн парламенттик шайлоосуна Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен 1 миллиард 200 миллион сом корото турган болушту (Азыркы парламент "олигархтар парламенти" деп сынга алынып келген. Ал эми ...

0 204

Аскар Акаев: “Өмүрбек Текебаев - Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат”

18-октябрь 2019, 09:53 Бакыт Молдалиев

"Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып чыгышына жол ачылды". Мындай пикирин Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. «Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы эң тажрыйбалуу депутат» десем жаңылбасам керек. Өлкө парламентинин ишинде ал дайыма өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келген жана мыйзам чыгарууда олуттуу салым кошо алды. Акыркы жылдары саясый куугунттукка да туш болду. Эми анын, ошондой эле Садыр Жапаровдун акталып ...

0 368

Аксыда кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн эки окуучу биринин артынан бири асынып каза болушту

18-октябрь 2019, 09:13 Бакыт Молдалиев

Жалал-Абад областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, алгач 9-октябрда, Аксыдагы айылдардын биринде болжол менен түнкү саат 21:40тар чамасында 9 класcтын окуучуce үйүнүн сарайында асынып алган жеринен табылат. Бул окуя боюнча ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, денесинен эч кандай уруп-сабоонун белгилерин табышкан эмес жана ал өзүн-өзү өлтүрүүгө барганын аныкташкан. Териштирүүдө белгилүү болгондой, сабак учурунда телефон чукулап ...

0 193

Исхак Масалиев: "Журт атасы" деген кызмат орду эмес

18-октябрь 2019, 09:22 Кызгалдак Жакыпова

- Исхак Абсаматович, мэрди шаардык кеңештин депутаттары эмес, түз шайлоо сунушу көтөрүлүп жатат. Буга кандай карайсыз? - Бул маселеде менин пикирим башкачараак. Ачык эле айтайын, бизде улуттук маселе деген түшүнүк бар. Айрыкча түштүктө. Эртең шайлоо болгондо, улуттар арасында кандайдыр бир талаш болуп кетиши мүмкүн. Ошого жеткирбеш үчүн азыркы жол - мэрди депутаттар шайлаганы туура. Ал эми түз шайлоо системасын киргизе турган ...

0 121

Тынчтыкбек Конушбаев: "Айып пул менен чектелбей, браконьерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартыш керек"

18-октябрь 2019, 09:19 Кызгалдак Жакыпова

- Тынчтыкбек Кадырбекович, комитетте Ысык-Көлдү коргоо боюнча мыйзам долбоору талкууланып жатканда, сиз браконьерлик боюнча маселе көтөрдүңүз. Бул маселе бүгүнкү күндө канчалык актуалдуу? - Браконьерлик чындыгында чоң көйгөйгө айланды. Тоодогу эчки-текелерди, аркарларды, көлдөгү балыктарды аёосуз кырып жатышат. Аларга катуу чараларды көрүү керек, ансыз булар токтобойт. Айып пулун төлөп эле кете беришет экен. - Бирок, азыр деле аларга карата өтө катуу чаралар каралган да. Мисалы, ...

0 696

Азилньюс: Аялды канча жаштан баштап башкарыш керек?

18-октябрь 2019, 10:09 Темирлан Келдибеков

Деги эле эркектер аялына салыштырмалуу өйдөрөөк болгусу келет. Үйдө аялын башкарып алгысы келгени туурулуу иш, деги эркек үйдө кожоюн боло алабы, карап көрөлү: Эркек 20 жашка чейин дайыма мен башкарам дейт; Эркек 30 жаштан өткөндө мен анан аял башкарат дейт; Эркек 40 жаштан өткөндө аял анан мен башкарам дейт; Эркек 50 жаштан өткөндө аял башкарат дейт... Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

0 228

Аскар Акаев: "Аксы трагедиясы - бул менин өкүнүчүм, кайгым"

18-октябрь 2019, 09:21 Бакыт Молдалиев

Мындай пикирин Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "Азия news" гезитине берген маегинде билдирди. "Аксы окуясы үчүн өлкө президенти катары менде моралдык жоопкерчилик бар экенин ачык айтып келгем. Аксы трагедиясы - бул менин өкүнүчүм, кайгым. Эгерде укук коргоо органдарынын, жергиликтүү бийликтин катачылык иш-аракеттери жана чагымчылдардын кыянаттыгы болбогондо, Аксы окуясына жол берилмек эмес. Ал окуя болгон күнү мен чет жерде командировкада элем. Бишкекке ...

0 396

ВИДЕО - Мурунку аялынын буйрутмасы менен ишкердин машинесине баңги зат таштаган эки милиция кармалды

Видео 18-октябрь 2019, 09:27 Бакыт Молдалиев

Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 17-октябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү таратты. Андагы маалыматка ылайык, окуя ушул жылдын башында, тагыраагы, февраль айында болгон. Ишкердин мурунку аялы анын бизнесин рейдерлик жол менен тартып алуу үчүн милициянын эки кызматкерине - Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкерине акча төлөп, анын машинесине баңги зат таштап каматуусун буйрутма берген. Милиция ...

0 278

Журналист Бекен Назаралиев менен Сооронбай Жээнбековдун мамилеси... 60 жаш...

17-октябрь 2019, 19:01 Айдар Нуралиев

Өзүм адабияттын бардык жанрларында тең иштеп, көбүнчө сатиралык калемимди тиштеп, чыгармаларым аркылуу окурмандардын жүрөгүнө аз да болсо жылуулук тартуулап жүргөнүм менен, гезит сатуу аркылуу эптеп тирилик кылып келем. Кээде коомдун мителерин жайлап, жазсам да тамашаларды кайнак, андан чыга элек азырынча майнап. Себеби, сатириктерге чоңдор тарабынан болбойт экен колдоо. Андан көрө жыргамак экем болсом эгер молдо. Муну мен чыгарып жазып ...

0 303

Бишкекте франциялык саякатчы кыз жоголду. Достору табышууга жардам сурашууда

18-октябрь 2019, 09:35 Бакыт Молдалиев

Бишкекте Франциядан келген 25 жаштагы Флорентина аттуу саякатчы кыз дайынсыз жоголду. Досторунун айтымында, Флорентина дээрлик бир аптадан бери байланышка чыкпай жатат, телефону өчүк. “Ал 9-октябрда Оштон Бишкекке келген жана тоого чыгууну пландаштырып жаткан болчу. Флорентина акыркы жолу 9-октябрда, түнкү саат 20:00-22:00дөр ортосунда Бишкектеги Н.Исанов көчөсүндө жайгашкан EnglishZone соода борборунун жанынан көргөндөр бар экен, ошондон бери дайыны жок”, - деп жазылат таратылган маалыматта. Флорентина ...

0 130

Депутаттар тескери кийилген “көлөчтөрдү” оң кийгизип оңолуп кетмекпиз" дейби?

18-октябрь 2019, 09:40 Айдар Нуралиев

Минтебиз, тигинтебиз дегенден азыр деле эч кандай майнап чыкпайт. Эгерде чындап эле натыйжалуу жыйынтык чыкса алда качан тескери кийилген “көлөчтөрдү” оң кийгизип оңолуп кетмекпиз. Ошондуктан жөнү жок эле тырактаганыбыз жарабайт. Парламент мөөнөтүнөн мурда тараган күндө да, акырына чейин иштесе деле карапайым калкка пайдасы жок. Ошондуктан ар кимибиз өзүбүздүн мээнетибиз аркылуу жаныбызды бакканыбыз оң. Ал эми колу боштор, жолу кенендер ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 285

Бакыт Төрөбаев: "Өзүбүз жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз"

17-октябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

- Бакыт Эргешович, бул тармактагы адис катары кандай деп ойлойсуз, ун кымбатташы мүмкүнбү? - Биздин ун базардын 95 пайызын казак компаниялары тейлеп, көзөмөлдөйт. Баа боюнча дагы, көлөм, сапаты боюнча дагы. Биздин жергиликтүү тегирмендер иштебей жатат, алардын уну да, буудайы да жок. Демек, казак компаниялары каалаган баасын коёт. Өзүбүздүн жергиликтүү дыйкандарды колдобосок, биз дайыма чет элдик компанияларга көз каранды боло беребиз. - Антимонопололиялык комитет ...

0 284

"Акмак болбо!" Трамп Эрдоганга сезимин билдирген кат жазды

17-октябрь 2019, 17:50 Алтын Булат

Ишенүүгө мүмкүн эмес. Бирок чын экендигин эки тарап тең ырасташкан. Анда, Түркия Сириядагы операцияларын баштаар алдында ал өлкөнүн лидери Режеп Тайип Эрдоганга АКШ президенти Дональд Трамптан кагаз кат келген. Анда, "Урматтуу президент мырза, келиңиз, жакшы келишимди талкуулайлы! Сиз миңдеген кишилердин өлүмү үчүн башкалардын айыптоосуна кабылууну каалабайсыз. Мен болсо, түрк экономикасын уратып, жоопкерчиликти өзүмө алгым келбейт",-деп баштаган Трамп каттын аягында ...

0 420

ВИДЕО – Бишкектеги лимузиндер көрүстөнү. Кечээ эле байларды ташыган автоунаалар бүгүн селсаяктардын жайына айланды

Видео 17-октябрь 2019, 17:47 Бакыт Молдалиев

Кечээ жакында эле жалаң байларды, чет өлкөлүк ырчыларды жана үйлөнүп жаткан жаш жубайларды ташып, көптөрдүн арзуусу болуп келген “Лимузин” автоунаалары бүгүн модадан калып, Бишкекте өзүнчө “лимузиндер көрүстөнүн” пайда кылды. Бул тууралуу көз карандысыз журналист Владимир Цай соцтармактагы баракчасына видеосу менен биргеликте жарыялады. “Качандыр бир мезгилде байларды, жаңы үйлөнүп жатышкан жубайларды жана чет өлкөдөн келген ырчыларды ташып келген бул автоунаалар бүгүн селсаяктардын (бомж) ...

0 140

Жалал-Абад облусунун жаштар уюмдарынын өкүлдөрү  Бишкек шаарындагы ИИОнун айрым түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышып чыгышты

17-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 16-октябрь күнү Жалал-Абад облусунун 20 жаш активисти ички иштер органдарынын айрым түзүмдөрү менен танышуу үчүн Бишкекке келишти. Аталган делегацияны Жалал-Абад облусунун жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасынын орун басары О.Абдылаев жетектеп алып келген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда,  иш-чара Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине арналып, жаштарды ички иштер органдарынын ишмердүүлүгү менен жакындан тааныштыруу максатында уюштурулду. Алгач, Кыргыз Республикасынын ...

0 287

“Убакыт кандай гана өзгөрдү”. Бир сүрөттүн баяны

17-октябрь 2019, 17:29 Айдар Нуралиев

2016-жылдын январь айында атактуу актер Арнольд Шварценеггер Инстаграмм баракчасына өзүнүн коло статуясы тургузулган көчөдө жаткан сүрөтүн жүктөп, астына: “убакыт кандай гана өзгөрдү”, -деп жазган. Алгач анын бул кадамына көпчүлүк түшүнгөн деле эмес. Айрымдар артист артисттигин кылып жатат деп да чыгышкан. Анын себеби кийинчерээк гана белгилүү болгон. Биз бүгүн ошондо актердун эмне айткысы келгенине кайрылмакчыбыз. Арнольд Шварценеггер Калифорниянын губернатору болуп ...

0 218

Сооронбай Жээнбеков: "Аймактык өнүктүрүү саясатынын башкы багыттарынын бири кичи жана орто ишкерликти колдоо"

17-октябрь 2019, 17:32 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мамлекет башчысына учурда ишканада 90 адам иштеп, өндүрүлгөн продукция Россия Федерациясына экспортко кетип жатканы боюнча маалымат беришти. Өндүрүш линиясын кеңейтүү максатында жаңы объектини куруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу ...

0 288

БШК: Парламенттик шайлоону 2020-жылдын октябрында өткөрүү пландалууда

17-октябрь 2019, 16:57 Айдар Нуралиев

2020-жылдын октябрь айында Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттарын шайлоо пландалууда. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова 16-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кабыл алуусу учурунда билдирди. Шайлдабекова жакынкы эки жылдын ичинде өтчү шайлоолор тууралуу маалымат берди. Алар: 2020-жылдын апрелинде 31 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), 2020-жылдын октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо, 2021-жылдын апрелинде 417 жергиликтүү кеңешке шайлоо (айылдык жана шаардык), ...

0 303

ВИДЕО – “Ата сен мени угуп жатасыңбы!” Каза болгон атасы менен сүйлөшкөн бөбөк

Видео 17-октябрь 2019, 16:23 Алтын Булат

Мүрзө, андагы эстеликтин үстүнө чыгып алган 2-3 жашар кичине бөбөк. Ал жер астында жаткан атасына бир нерселерди сүйлөп жатат. - Ата, ат-та-а, сен мени угуп жатасыңбы? Карачы менин кандай роботум бар. Мына ушул видео тасма учурда интернет колдонуучуларды ыйлатып жаткан кези. Анда айтылгандай баланын атасы жакында эле жол кырсыгынан каза болгон. Булак: NazarNews.kg

0 243

Аскар Жумагулов: "Давай черноглазый, давай!" деп кыз-келиндер кыйкырып турушат"

17-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

- Аскар ага, ноябрь айында кыргыз волейболунун 90 жылдыгы белгиленгени турат. Волейбол оюнунун ардагери катары айтсаңыз, бул оюнга кантип аралашып калгансыз? - 1959-жылы 18 жаш кезимде андагы Фрунзе шаарында мектепте окуп жүргон кезде баштагам. Балдар спорттук мектебинде Владимир Дитрикс деген машыктыруучунун кол алдында болдук. Топ менен ойноо сырларын, анын керемет жактарын үйрөттү. №1 интернат-мектебинде такай машыгууларды үзгүлтүксүз жүргүзүп атты. ...

0 223

Ак үйгө 2020-жылы мусулман президент болчудай

17-октябрь 2019, 16:21 Темирлан Келдибеков

Түбү сенегалдык Американын хип-хоп аткаруучусу Алиум Дамала Бадара Эйкон «Тиам» гезитине берген маегинде 2020-жылда АКШда өтө турган президенттик шайлоого ат салышаарын билдирди. Ал ошондой эле Сенегалдын туристтик шаарларында виртуалдык валюта базарын ачуу долбоорун уланта бере турганын кошумчалап кеткен. Эйкон президент Дональд Трампты сынга алып мындай деген: Мен Американын учурдагы абалына тынчсызданам жана өлкөдө зордук-зомбулук күчөп жатканына жаным кейийт. Белгилей ...

0 403

Айдоочулардын эсине! Транспортко байланыштуу маанилүү өзгөртүүлөр бар

17-октябрь 2019, 15:22 Алтын Булат

Жол кыймылын башкаруу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоого уруксат берүүчү өзгөртүлгөн өкмөттүк токтомго КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Ага ылайык, унаа ээси салык төлөнгөндүгү боюнча наклейканы албайт. Ошондой эле МАИ кызматкерлери айдоочудан салык төлөгөндүгү боюнча мурдагыдай дүмүрчөк талап кыла албайт. Булак: NazarNews.kg

0 383

Умрага бараткан 36 зыяратчы жол кырсыгынан көз жумду

17-октябрь 2019, 15:15 Айдар Нуралиев

Сауд Арабияга умрага бараткан 36 зыяратчы 16-октябрда жол кырсыгынан каза болду. Ал эми полиция 35 кишинин өлгөнүн тастыктаган. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты. Алдын ала маалыматка караганда, кырсык Медина административдик окургундагы аль-Акхаль айылында болгон. Анда зыяратчылар отурган автобус жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, өрттөнүп кеткен. Каза болгондордон сырткары дагы төрт адам ооруканага жеткирилген. Автобустагы зыяратчылар араб жана ...

0 366

Экс-башкы прокурордун жездеси Аалы Карашев эмнеге бийликти сынга алат?

17-октябрь 2019, 15:20 Темирлан Келдибеков

 Шайлоолордо Атамбаевге жан тартып: “Атамбаевге каршы сүйлөгөндөр эл душманы” деп келген, Атамбаевдин жеке көтөрмөлөөсү менен биринчи вице-премьер, ЖК депутаты болуп келген Аалы Карашев ич күйдүүлүктөн ЕАЭБге кошулганыбызды сындай баштады. Эмнеге сындайт, “Сынчынын сыңар өтүгү майрык” дегендей, анын атасы Акаевдин “дүжүр чалы” Азим Карашев көчөдө кетип бараткан адамды тебелеп кеткени үчүн жаза тартмак түгүл кирпик кашын ирмеген жок. Айтылуу “дүжүр кемпир” ...

0 244

Шолоховдун жолдош Ежовдун аялы менен интимдик байланышы катталды

17-октябрь 2019, 15:22 Айдар Нуралиев

25 жашында өзүнүн «Тынч Дон» романы менен атак-даңкка ээ болгон Михаил Шолохов советтик адабияттын жылдызына гана айланбастан, советтик аялдардын арзуу-кыялына да айланган. Алардын бири ошол кездеги мамлекеттик коопсуздук боюнча эл комиссары Николай Ежовдун аялы Евгения Хаютина эле. Евгения алгачкы жолу жазуучу менен 1937-жылы күзүндө таанышат. Кийинки жылы май айында жазуучу "СССР курулушта" журналына макала даярдайм деген шылтоо менен Моквага келип, ...

0 150

Көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар изделүүдө

17-октябрь 2019, 15:00 Айдар Нуралиев

Аламүдүн районуна караштуу Ленин айылындагы көрүстөндөгү эстеликтердин талкаланышы боюнча милиция сотко чейинки өндүрүшкө алган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен кабарлашты. Маалыматка караганда, мүрзөдөгү вандализм боюнча маалымат милицияга 17-октябрда түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барып, бир нече эстеликтин талкаланганын аныктаган. Бул факт Кылмыштардын жана жосундардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмышка шектүүлөрдү аныктоо, кармоо иштери жүрүп жатат.

0 82

Муфтий Египеттеги Аль-Азхар университетинде окуп жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту

17-октябрь 2019, 14:50 Бакыт Молдалиев

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 17-октябрда Египет мамлекетинин Аль-Азхар университетинде билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Жолугушууда муфтий Ханафий масхабы жана Матурудий акыйдасын терең өздөштүрүүгө чакырып, билим алуу менен бирге жаштардын ыйманын, адеп-ахлагын жана аларга туура жолду көрсөтүүдө салым кошууга чакырды. «Илим - адам баласын зээндүү кылуу менен бирге келечек муундарга туура багытты көрсөтүүгө жол ачат. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 214

Депутат ИИМге берген Эркин Мамбеталиевдин белеги тууралуу үн катты

17-октябрь 2019, 15:24 Кызгалдак Жакыпова

Парламенттин депутаты Исхак Масалиев эсептегендей, мыйзам боюнча Алмазбек Атамбаевдин мурунку жан сакчысы Эркин Мамбеталиев ИИМге  жип белек кылууга укугу бар. Экинчиси, бул маселенин моралдык жагы. Депутаттын айтымында, Мамбеталиев жаран катары унаа белек кылууга укуктуу. "Ал 2010-жылы акталган. Башкача айтканда азыр ал соттолуучу эмес жана мыйзам менен эч каңдай көйгөйү жок. Бирок, ИИМ бул унааларды алууда карманса болмок. Жакшы иш кылгысы келсе, башка ...

0 377

Мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылды. Апасы баланын атасын коркутуп коюу үчүн таштагам дейт

17-октябрь 2019, 14:26 Айдар Нуралиев

Ош шаарында мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты. Маалыматка караганда, 15-октябрда кечки саат 11лер чамасында милицияга “Элита” мейманканасынын жанынан наристе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барган. Алгачкы иликтөөнүн жыйынтыгында, С.Р. аттуу бала 2019-жылдын май айында төрөлгөндүгү анык болгон. Наристенин апасы да табылган. Ал 1986-жылы ...

0 1549

Мирзиёев чиновниктерине тойго баруусуна тыюу салды, кыргызда аткаминерлер тойго көп барат

17-октябрь 2019, 14:28 Темирлан Келдибеков

"Бардыгы бирдей той берет. Эгер бир жетекчи, аким, прокурор, салыкчы норманы буза турган болсо, ошол күнү түрмөгө камайм, көрөсүңөр. Бапыратып үйлөнүү үлпөт той берүү үчүн акчаны кайдан алып жатат? Мунун бардыгы уурдалган акча! Тойго 110-120га чейин гана киши чакырылат. Эң көп дегенде 150 киши келип, ал дагы атайын комиссиянын уруксаты менен болот. Башкача той болбойт", — деп президент сөз ...

0 113

Президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда

17-октябрь 2019, 14:02 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-октябрда, Жалал-Абад облусуна эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун жашоочулары менен жолугушууда. Мамлекет башчысы өз сөзүндө президенттикке талапкер кезинде бир катар убадалардын катарында аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу убадасын бергенин эске салды. «Региондорду өнүктүрүү зарылдыгы элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүү, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгынан келип чыкты. Буга чейин ...

0 868

Карамушкина трибунада тик турам деп оңкочук атып кетти

17-октябрь 2019, 14:11 Алтын Булат

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина баягыдай эле кайрадан экс-президентти коргоп чыкты. Ал бүгүн 17-октябрдагы парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында мүмкүнчүлүгүн пайдаланып президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү Курманбек Дыйканбаевге кайрылып, соболдуу пикирин айтып алды. - Мен Жогорку Кеңештеги оппозицияны сезбей жатам. Парламенттеги оппозиция жалгыз Карамушкина окшойт. Эмне үчүн экс-президенттин соту жабык өтүшү керек? Бул аныкы (ред.: Атамбаев) туура, ак ...

0 301

КСДПнын төрагасы Садыр Жапаровдун штабында эмне кылып жүрөт?

17-октябрь 2019, 14:02 Айдар Нуралиев

КСДП партиясынын төрагасы Сагынбек Абдырахманов Садыр Жапаровду колдоо штабына келип кошулду. Ал да Садыр Жапаровдун акталып чыгышынан үмүт кылат. Эске салсак, камактагы саясатчы Садыр Жапаровду колдоо штабы түзүлүп, Жапаровдун тарапташтары анын бошотулушу үчүн кол топтоодо. Ага бардык каалоочулар келип, саясатчыны колдоо иретинде кол коюп кете алат. Кол коюлган барак Жогорку сотко жана президент Сооронбай Жээнбековго жолдонот. Булак: NazarNews.kg

0 58

БУУ Кыргызстанга 9 миллион доллардан ашык каражат бергиси келет

17-октябрь 2019, 13:42 Алтын Булат

Париж келишими ратификацияланса Баткен, Нарын облустарында альтернативдүү энергия булагы пайда болот. Аны ишке ашыруу үчүн 8 миллион доллар керектелет. Бул тууралуу парламенттин 17-октябрдагы “Ар түрдүү маселелер” жыйынында белгилүү болду. Анда маалымат берген Токой чарба агенттиги Париж келишиминин алкагында, жалпысынан 9 миллион 600 доллар өлчөмүндө каражат бөлүнөрүн билдирди. Мындан сырткары калган каражатка абанын сапатына мониторинг жүргүзүү үчүн автоматташтырылган жабдуу сатылып ...

0 553

ВИДЕО - Нур-Султандын тургуну резина куурчакка үйлөнүү сунушун киргизди

Видео 17-октябрь 2019, 16:56 Бакыт Молдалиев

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын жашоочусу Юрий Толочко резина куурчакка үйлөнгөнү жатат. Бул тууралуу казактардын “Астана” телеканалынын сюжетинде айтылат. Андагы маалыматка ылайык, Толочко 34 жашта. Актёрдук чеберчилик жана режиссура боюнча тренингдерди өткөрүп келет. Сюжетте Толочко өзүнүн резина сүйүктүүсүн кадимки айымдардан эч нерсеси кем эмес экендигин айтат. Анын Марго деген куурчак менен “мамиле” кылып келгенине жарым жыл болуп калыптыр. Юрий Толочко ...

0 164

Эшек чуусун былгытып, “Элдик лотереясы” элди алдагандан кийин качып кеткен Юруслан Тойчубеков соцтармакта пайда болду

17-октябрь 2019, 13:25 Айдар Нуралиев

Башка иштерине караганда эшек чуусу менен белгилүү болгон Юруслан Тойчубеков деген эргул бар болчу. Ал эшек чуусун эптеп жаап, ал окуя унуткарылып бараткан болчу. Кийин ал башка кылмышка күнөөлөнүп Интерпол тарабынан издөөгө алынган. Укук коргоо органдары аны Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматын жетектеп турган учурда коррупциялык иштерге барган деп күнөөлөгөн. Тойчубеков түрктөргө “Элдик лотереяны” ачууда жардам берген. ...

0 128

Бокоев Токаевден арзан бензин алгысы келет

17-октябрь 2019, 13:32 Темирлан Келдибеков

Депутат Бокоев Кыргызстандын эӊ жакын кошунасы болгон Казакстанда бензиндин баасы бизден 15 сомго айырмалуу арзан экенин айтты. К.Бокоев эӊ жакын кошуна өлкөдө арзан бензин турса, эмне үчүн бензинди башка жактан кымбатка ташып жатабыз деп, Өкмөттүн астына маселени кабыргасынан койду. Жогорку Кеӊештин «Ар кыл маселелер» саатында депутат Кенжебек Бокоев кыргыз-казак чек арасындагы айрым көзөмөл- өткөрүү пункттарын ачуу керектигине бир катар ...

0 83

Сүрөт. Кыргыз желегин желбиреткен “Шумкарлар”

17-октябрь 2019, 13:24 Айдар Нуралиев

 2019-жылдын 12-16-сентябрь күндөрү Индияда өткөн “күжүрмөн самбо” боюнча мелдеште Кыргызстандын атынан катышкан жигиттер байгелүү орундарды камсыздашкан. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын кызматкерлери да көкүрөктөрүнө медаль тагып келишкен.  Алардын бири Мурзабаев Эмилбек Жаныбекович 1996-жылы 6-октябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Орто-Азия айылында жарык дүйнөгө келген. Аскерден келген соң ...

0 884

ВИДЕО – Бири “Кудаймын!” деп кокуйлатса, эми мунусу “Президент болом!” деп оолугуп чыкты

Видео 17-октябрь 2019, 13:00 Бакыт Молдалиев

Арстан Алайдын чуусу Жогорку Кеңешке барып, андан ары “экспертизага” жөнөтүлүп турган чакта, бу жактан Кайрат Кыргыз деген “обу жоктонгон” ырчыбыз “Президент болуп калышым мүмкүн” деп чыкты. Бул тууралуу оюн ал "Барс Медиа"га берген маегинде билдирген.   

0 64

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Сейминде жолугушууларды өткөрүүдө

17-октябрь 2019, 12:36 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегация Литва Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында, баш калаа Вильнюс шаарында бир катар жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Литва парламенти - Сеймдин төрагасы Викторас Пранцкетис менен болгон жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланыштарын бекемдөө, мыйзамдарды шайкеш келтирүү, депутаттык достук топторунун алкагында тажрыйба алмашуу маселелерин ...

0 1851

Экс-премьердин артист жубайы ректор болгону менен, чет элдик студенттер керебет талашып мушташууда

17-октябрь 2019, 12:44 Темирлан Келдибеков

 “Артистти аялым дебе, шопурду күйөм дебе”, –деген сөз бар. Артистти ректор да кылбаш керек экен. Кубанычбек Жумалиев Акаевдин өкмөтүн башкарып соргон акчаларына бизнес жасап, валюта алыш үчүн пакистандыктарды көптүрүп, Бишкекте медициналык университетти ачкан. Анан тааныштыкка салып анын ректорлугуна өзүнүн койнунда жаткан жубайы, аткаруучулугу менен элге таанылган Роза Аманованы коет. Роза Аманова сахнага обон созуп кетип, бул университетте ...

0 133

ФОТО - Бишкектин четиндеги мүрзөлөрдүн бирин талкалап кетишти

17-октябрь 2019, 12:29 Бакыт Молдалиев

Бишкектин четиндеги (Аламүдүн районунун Ленин айылы) христиан мүрзөлөрдүн биринде белгисиз адамдар көр үстүнө коюлган эстеликтерди талкалап кетишти. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар бүгүн, 17-октябрда соцтармактарга сүрөттөрү менен бирге жарыялады. Андагы маалыматтар боюнча, окуя 14-октябрдан 15-октябрга караган түнү болгон. Сүрөттөрдөн эстеликтердин омкорулуп, бузулуп, талкаланганын көрүүгө болот. Бул тууралуу азырынча укук коргоо органдары расмий билдирүү жасай элек. Белгилей кетсек, ...

0 204

ВИДЕО - Чачылган акчанын алдында ырдаган ырчыга лицензиясы кайтарылды

Видео 17-октябрь 2019, 12:19 Айдар Нуралиев

“Өзбекконцерт” мамлекеттик ишканасы Жахонгир Атаджановго жана бир катар ырчыларга өлкө аймагында ырдоого укук берүүчү лицензиясын кайтарып берди. Лицензиясы кайтарылган артисттердин катарында Атаджановдон башка да Шахло Ахмедова, Абдулла Курбанов жана Халима Ибрагимова бар. Эске салсак, мындан бир нече күн мурун концерт берүүгө жана телеге чыгууга уруксат берчү "Өзбекконцерт" мамлекеттик мекемеси өзбектердин белгилүү ырчысы Жахонгир Атаджановду мындай укуктан ажыраткан. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 753

Икрамов менен Турганбаевдин жеңишине какшык ыргыткан Мавлян Аскарбеков

17-октябрь 2019, 13:44 Кызгалдак Жакыпова

Ардагерлер арасындагы дүйнөлүк мелдешке катышкан Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов коло медаль утса, ЖАМКнын төрагасы Мелис Турганбаев биринчиликти багындырып, көкүрөгүнө алтын тагынды. Сүрөөнчүлөр алкап-мактап жатып калышты. Бир гана Мавлян Аскарбеков принципиалдуулугун карматып, Икрамовдун пайдалуу мыйзам жазбаганын, Турганбаевдин реформа кыла албай атканын какшыктап, агымга каршы сүзгөндөй түр жаратты. Түпкүлүгүндө Мавлян мырзанын күйгөнүндөй эле бар, бүгүнкү күндө бийлик бутактары «тушалып», бирине-бири окшош, ...

0 106

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата: Ири кан төгүүнү токтотуп калган милициянын ардагери Өмүрзак Ажыбеков

17-октябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

Өмүр бою милициянын катарында кызмат кылып, эл-журттун тынчтыгы, мыйзамдуулук үчүн эмгек сиңирип, бирок бир да жолу эл алдында өзүнүн кылган кызматын колко кылбай, жарыя айтпай, тынч жашоосун улап келаткан ардагер офицерлер бар. Алардын бири – Сузак районунун Кара-Жыгач айылында жашап жаткан ардагер, подполковник Өмүрзак Ажыбеков. Чет тилинен мугалим  Өмүрзак аксакал 1939-жылы Сузак районундагы Жоон-Күңгөй айылында туулган. Бирок, ал ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83