www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 139

Кенжебек Бокоев: "Аким отчетту бир эле өкмөт башчыга эмес, элге, же жергиликтүү кеңештин депутаттарына да берсин"

21-ноябрь 2019, 12:01 Айдар Нуралиев

- Кенжебек Сатымкулович, акимдер тууралуу мыйзам долбоору парламентте аябай чоң талкууну жаратты. Бул боюнча сиздин позицияңыз кандай? - Бул жерде Конституциянын багытына, салык, бюджет жөнүндөгү кодекстерге жана бир топ атайын мыйзамдарга каршы келген нормалар сунушталууда. Мындайча айтканда, демилгечилер акимдерди текшерүүчү, мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү орган кылып коюшмакчы. Мыйзамда «мамлекеттик көзөмөл» деген түшүнүк жок. Жергиликтүү кеңеш эки жолу айыл өкмөтүн ...

0 176

Сулайман Кочкорбаев, жинолог: “Көзү ачыкка баруу чоң күнөө”

21-ноябрь 2019, 11:55 Айдар Нуралиев

Сыйкыр, дуба окутуу сыяктуу нерселер көпчүлүк адамдарды кызыктырып келет. Булар тууралуу суроолорго жинолог Сулайман Кочкорбаев төмөнкүчө жооп берди. - Сыйкырдын шарияттагы өкүмү кандай болот? - Мусулман адамга сыйкыр менен алектенүү арам кылынган. Андыктан сыйкыр эң чоң күнөөлөрдөн болуп саналат жана аны жасаган киши динден чыгат. - Сыйкыр кантип жасалат? Мисалы, бир киши бирөөгө кара дуба окутуу үчүн барды дейли, ...

0 1189

ФОТО - Феликс Куловдун кыңыр иштери ачыкталдыбы? Рыспектин өлүмүнүн уюштуруучусу ким?

21-ноябрь 2019, 12:03 Аман Аскаров

Феликс Кулов убагында Чүй облусунун губернатору, Бишкек шаарынын мэри, Улуттук коопсуздук кызматынын, ички иштер министрлигинин жетекчиси, премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Иштебеген жеринен иштеген жери көп. Фейсбуктагы “Беспредел”  баракчасында бул адам тууралуу кызыктуудай бир материал жарыяланыптыр. "Феликс Кулов өзү убагында кримтөбөл Азиз Батукаев менен “кызматтышып” жүрүп эми башка бирөөнүн ишине баа бергенге кандай моралдык укугу бар?

0 83

Манас Саматов, фермер: “Бажы биримдигине каршы чыкканыбыз туура экенин турмуш өзү көргөзүп койду”

21-ноябрь 2019, 11:49 Айдар Нуралиев

Манас аке менен дыйканчылык боюнча азыноолак маектештик. Бу киши башынан эле «фермермин» деп келет. Айыл чарбасында эмгектенген мыкты адистин бири. Кант кызылчасы болсун, же багбанчылык, айтор, иштин көзүн билген адис. Учурда фермерлердин абалын, деги эле айыл чарба абалы, Бажы биримдигинин биздин экономикабызга, анын ичинде айыл чарбасына тийгизген таасири тууралуу айтып берди. – Манас аке, Кыргызстанда фермерлик абал кантип атат?

0 792

ВИДЕО – Жаш келинге сексуалдык ыдык көргөзгөн 79 жаштагы “сыйкырчы” кармалды

Видео 21-ноябрь 2019, 11:45 Алтын Булат

Тасманын 10:44 мүнөтүндө, тартип сакчылардын көз алдында кийинип жаткан абышка ычкырын беките албай көпкө убара тартты. Анда айтылган маалыматтарга ылайык, бул 1940-жылы туулган тажикстандык элдик табып Уктам Юсупов. Согдий облусунун Канибадам шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери Юсуповду 35 жаштагы айымга сексуалдык ыдык көрсөтүү учурунда кармашкан. 79 жаштагы Уктам Юсуповдун диний билими жок. Бирок, жергиликтүүлөрдүн ишенимине кирип, дуба жана куранды колдонуп ...

0 101

Өгөй энесин өлтүргөн киши 15 жылга эркинен ажыратылды  

21-ноябрь 2019, 11:43 Айдар Нуралиев

Өгөй энесин мыкаачылык менен өлтүргөн 51 жаштагы киши 15 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды. Бул кылмыш Ош облусунда катталган, анда айыпталуучу өгөй энесинин үйүнө мас болуп келип, ал жактан бир келин жана энеси болуп үчөө арак ичишкен. Соңунда, мейман болуп келген эркек өгөй энесине бир нече жолу бычак менен сайып жиберген. Кемпир окуя ...

0 391

Тынчтык Шайназаров, ЖК депутаты: "Бакыт Төрөбаев президентти мактаса, мен да колдойм"

21-ноябрь 2019, 11:42 Айдар Нуралиев

- Тынчтык мырза, Евразиялык экономикалык комиссия кеңеши Кыргызстандын өкмөтүнүн автоунааларга бажы төлөмдөрү үчүн жеңилдикти узартуу сунушун колдогон жок. Муну айрымдар ЕАЭБдин диктатурасы катары кабылдап жатышат. Сиздин оюңуз кандай? - «ЕАЭБдин диктатурасы» дегенибиз бир аз копол сөз. Бизге жеңилдик катары үч жылдык мөөнөт берилген. Биз ал мөөнөттү колдондук. Анан эми ар бир мамлекет өзүнүн экономикасынын өсүшүнө, өндүрүшүнүн алдыга жылышына ...

0 156

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында айдоочулар канча айып пул төлөгөн?

21-ноябрь 2019, 11:34 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 12-февралынан тартып “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирген. Долбоордун алкагында 19-ноябрга чейин жол эрежелерин бузуу боюнча 809 миң 550 токтом жазылып, автооунаа ээлерине жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жогоруда айтылган токтомдордун 379 миң 464 эреже бузуусу боюнча айып пул төлөнгөн. Андан түшкөн акчанын суммасы – 456 миллион 529 миң сомду түзгөн.  Буга ылайык, камера ...

0 168

Депутат кыргыз тилин үйрөнүп жаткандарды шылдыңдабоону суранды

21-ноябрь 2019, 11:42 Кызгалдак Жакыпова

Депутат Гүлшат Асылбаева бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык тармактардын колдонуучулары анын кыргыз тилинде сүйлөгөнүн шылдыңдап жатышканын айтып таарынды.  Айтымында, ал жакында эле баяндаманы кыргыз тилинде окуган. Андан кийин социалдык тармактарда ал тууралуу сындар айтылып жатканын көрүп калган.  “Элдер кыргыз тилинде сүйлөгөн акцентимди жана “Р” тамгасын айта албаганым үчүн мени шылдыңдап жатышат. Ушул нерседен улам мыйзам долбоору кабыл алынбай калдыбы же ...

0 320

Аалы Карашев: "Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок"

21-ноябрь 2019, 11:24 Айдар Нуралиев

- Аалы Азимович, мыйзамга жергиликтүү кеңештерге жогорку билими барлар гана шайлана аларын белгилеген норманы киргизүү сунушталууда. Укуктук жагынан алганда бул туурабы? - Бир жагынан туура. «Жергиликтүү кеңештердин деңгээли көтөрүлсүн, сапаттуу болсун» деген ой турат. Бирок, ошол эле мезгилде «жалаң эле жогорку билимдүүлөр шайлансын» дегенге мен каршымын. Биздин Конституцияда «ар бир адам шайлоого жана шайланууга укуктуу» деп жазылып турат. ...

0 148

Акылбек Усупбаев: "Биздин жогорку чиновниктер жалганчы фирмаларды коргоп жатышат"

21-ноябрь 2019, 11:05 Айдар Нуралиев

- Тармактык маркетингдердин «Здоров» аттуу бетмайлары сиздин атыңыздан реклама болуп жүрөт. Бейтаптар буга ишенээр-ишенбесин билбей, бизге кайрылышты... - Бул «Здоров» деген бетмайды жайылткандар интернеттен чыгып жатат. Орусиянын фирмалары экен. Биздин мамлекетте врачтар дарыларды каалагандай реклама кылганга акысы жок. Бизде клиникалык протокол деп коёт, дартка жараша белгиленген дарылар бар. Мунун баарын жайылткандар - алдамчылар. Орусия, Украина ж.б. өлкөлөрдөн бизге ...

0 90

Сооронбай Жээнбеков: Ислам жана Православие — биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз

21-ноябрь 2019, 10:56 Бакыт Молдалиев

«Ислам жана Православие —  биздин руханий мурасыбыз, аларды бүгүнкү күнү баа жеткис дөөлөт катары баалайбыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» аттуу эл аралык конференциясында. Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет: «Урматтуу айымдар жана мырзалар! Ардактуу коноктор! Сиздерди меймандос жергебизде тосуп алып жатканыбызга абдан кубанычтабыз. Кыргызстанга кош келиңиздер!

0 170

Депутат Асылбаева кыргыз тилин үйрөткүлө деп коомчулуктан жардам сурады

21-ноябрь 2019, 10:53 Алтын Булат

Бүгүн, 21-ноябрда парламенттин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында кыргыз тилин үйрөнгүсү келгенин айткан депутат айым Гүлшат Асылбаева кыргыз тилдүүлөрдөн жардам сурады. Белгилей кетсек, парламенттин 20-ноябрындагы жыйынында, депутат Гүлшат Асылбаева кыргыз тилинде сөз сүйлөгөн. Мына ошондо анын Кыргызстан деген сөздү так айта албаганы социалдык тармактардын колдонуучулары тарабынан сынга кабылган. Ал тургай депутатка карата өтө орой сөздөр дагы жазылган болчу. - Фейсбуктагы ...

0 173

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер: “Коопсуздук маселесин биротоло кытайларга өткөрүп бердик”

21-ноябрь 2019, 10:58 Айдар Нуралиев

Нuman Rights Watch уюму Кытайдын Кыргызстанга орнотулган кишинин жүзүн аныктоочу камералары тууралуу расмий билдирүү таратты. Анда «Коомдун, жол кыймылынын коопсуздугу деген себеп менен Кыргызстанга орнотулуп жаткан жүздү аныктоочу санариптик система жергиликтүү элдин жеке маалыматын чогултуп, топтоп жатат. Ал маалыматтарды андан ары эмне кылары белгисиз. Кыргызстан калкынын жеке жана башка маалыматы кантип чогултулуп, кайда сакталат жана кимге берилет – бул ...

0 372

Бабановдон көңүлү калбаган Ташиев кайра биригеби?

21-ноябрь 2019, 10:43 Айдар Нуралиев

– Камчыбек мырза, көрүнбөй кеттиңиз. Кээ бир саясатчылар эмитен шайлоого кам көрүп башташканы байкалууда… – Өзүңүз жакшы билгендей, биз саясаттын босогосун жаңыдан аттап аткан же алды-артын ойлобогон алабарман саясатчылардан эмеспиз. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, балын да таттык, жакшылыгын, жаманын да көрдүк дегендей. Биз Кудай кааласа шайлоого даярбыз. «Чабал өрдөк мурда учат» дегендей, эрте эле чуркап даярданып алуу оюбузда жок. ...

0 224

УКМК 200 миң долларды көрсөтө алабы же аны казиного уттуруп жиберишкенби?

21-ноябрь 2019, 10:40 Аман Аскаров

Биздин коомдо гана парага берилген параны кайра паракорлор эле уурдап кете алат.   Дегенибиз, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев жакында УКМКдан уурдалган 200 миң доллар тууралуу сөз кылды. Анда ал эгерде пара чындыгында уурдалбаган болсо, анда ал далил буюмдар эмнеге сотто көрсөтүлбөгөндүгүнө кызыгып, элге, сотко сериялык номурлары менен көрсөтүлсүн деди. “Парага берилип жатканда алынган параны кайра паракорлордун ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 432

Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштырмакчы болушканбы? Шамиль Атахановдун көрсөтмөсү

21-ноябрь 2019, 10:30 Айдар Нуралиев

Фейсбуктагы БеспределКG баракчасында экс-вице-премьер-министр Шамиль Атаханов менен мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жолуктуруудагы сурактын протоколу жарыяланды. Анда Шамиль Атаханов кримтөбөл Батукаев кандай жол менен бошотулганын кенен айтып берген. Айтымында, чечен бийлиги Батукаевди бошотуп беришин суранышкан, анын ордуна Жаныш Бакиевди кармап беришмек, бирок, алар сөзүнө турбай коюшкан. Баукаевдин бошотулушун өзү Атамбаев менен кошо көзөмөлдөгөн экен. Шамиль Атаханов жомок айтып жатабы же ...

0 196

Эркин Сопоков "сороң" этип чыга элек...

21-ноябрь 2019, 10:33 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда бир аптадан бери кызуу талкууга алынып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “ызырынды”. Ал "Кытай жараны Саймаитинин өлүмү боюнча көп сырдуу, жаңы нерселер ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр болуп өткөн маселени башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп чыгыш керек”, ...

0 268

Алтынбек Сулаймановдун өзүнүн “пачагы” чыгабы же аны “каралаган” башка күчтөрдүнбү?

21-ноябрь 2019, 10:36 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда бир аптадан бери кызуу талкууга алынып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” жыйынында Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча “ызырынган” пикирин билдирди.   "Кытай жараны Саймаитинин өлүмү боюнча көп сырдуу, жаңы нерселер ачылып жатат. Мени, депутаттарды каралаган күчтөр көбөйдү. Алаксытуучу күчтөр болуп өткөн маселени башка жакка бургусу келип жатат. Бул маселени иликтеп, ...

0 204

Аксыдагы кыздардын мушташы. Кайсы чиновник иштен алынды?

21-ноябрь 2019, 10:19 Кызгалдак Жакыпова

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жаңы-Жол айылында кыздардын массалык мушташынын фактысы боюнча райондук  билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зыябекова иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Ведомстоводон билдиришкендей, Жаңы-Жол айылындагы Ж. Мамытов атындагы №13 орто мектептин 10-11-класстарынын окуучу кыздарынын мушташына райондук билим берүү бөлүмүнүн жетишсиз иши себеп болгон.  Эске салсак, 18-ноябрда саат 17:30 чамасында Аксы районун ...

0 196

Бакыт Төрөбаев кыска, бирок терең ойду айтып, таң калтырды

21-ноябрь 2019, 10:37 Аман Аскаров

Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бугун чыгарып алды окшойт. Себеби ага буга чейин өкмөт “оппозиция сунуш бербей жатасыңар, берсеңер болбойбу?” – деп койгон окшойт сыягы, бүгүн ал аткаруу бийлигинин сынына жооп берди. Анда ал конкреттүү сунуштарын жайнатты. Айтсак, Төрөбаевдин баамында Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин экономикабыз кайра чалкасынан кетип баратыптыр. Унга болгон баа күндөн күнгө кымбат, биримдикте акчанын ...

0 162

Аалы Карашев: "Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок"

21-ноябрь 2019, 10:17 Айдар Нуралиев

Аалы Карашев, КСДП фракциясынан ЖК депутаты: "Коррупция менен соттолгондордун кайра кызматка дайындалганга моралдык укугу жок", деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган. - Аалы Азимович, мыйзамга жергиликтүү кеңештерге жогорку билими барлар гана шайлана аларын белгилеген норманы киргизүү сунушталууда. Укуктук жагынан алганда бул туурабы? - Бир жагынан туура. «Жергиликтүү кеңештердин деңгээли көтөрүлсүн, сапаттуу болсун» деген ой турат. Бирок, ошол эле мезгилде «жалаң ...

0 216

Бишкектин тургуну аялды үйүнө камап, 3 күн бою сабаган

21-ноябрь 2019, 10:02 Кызгалдак Жакыпова

Бишкек шаардык милиция кызматкерлери аялды уурдоого шектелген адамды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, ушул жылдын 9-ноябрында шаардык №4 ооруканасынын дарыгерлеринен “жабык баш сөөк жаракаты, баш мээси чайкалып жана төшүнөн жаракат алган” деген диагноз менен Ж. Н. аттуу аял түшкөнү тууралуу милицияга маалымат түшкөн.  Жабырлануучу Октябрь райондук ИИБине Эсен деген адамдын үстүнөн арыз жазган. ...

0 159

Депутаттар актандыбы же ардандыбы? Айтоор, Саймаитинин өлүмүндөгү “иттин өлүгү” ...

21-ноябрь 2019, 10:02 Айдар Нуралиев

Түркияда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмү коомчулукту гана эмес Жогорку Кеңештин депутаттарын да дүрбөлөңгө салды. Бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин депуттары Төрөбай Зулпукаров, Алтынбек Сулайманов жана Жанар Акаев Саймаитинин өлүмү тууралуу туура эмес маалыматтар тарап жаткандыгын айтып, депутаттык комиссия түзүлсүн деген сунушун айтышты. Эске сала кетсек, Саймаитинин Кыргызстандын Стамбул шаарындагы мурдагы башкы консулу Эркин Сопоковдун байланышы боюнча жаңы жагдайлар чыккан.

0 152

Карасартова менен Карамушкинада эмне мандем бар?

21-ноябрь 2019, 09:58 Айдар Нуралиев

Айкырчаак аялдарга «аялуу» суроолорду жолдойлу. Чапкан жерден эле көз чыкпайт да, туурабы?...  Бейөкмөтчү Рита Карасартова көп учурда эмоцияга алдырып, бийлик органдарына жалаа жапканга далбастап, андан пиар жасап, кара жанын карч урганы эмнеси? Мамлекетибизди каралоо үчүн чет элден алган миңдеген доллар-байларын актоого жан сабай береби? Рита айым кымбат ресторандардан тамактанары, 7 миң долларга чейин маяна алганы жалганбы? Батыштын гана кызыкчылыгына ...

0 162

ВИДЕО - Сулайманов Саймаитинин маселеси боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады

Видео 21-ноябрь 2019, 16:41 Аман Аскаров

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Түркияда 10-ноябрда өлтүрүлгөн кытай ишкери Айеркен Саймаитинин маселеси боюнча атайын депуттаттык комиссияны түзүү боюнча сунуш киргизди. Буга чейин массалык маалымдоо каражаттарында ишкер Саймаити Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаттары менен бизнес-өнөктөш экендиги айтылган. Андан сырткары, Ош аэропортундагы 2014-жылдын 27-декабрындагы 5-6 миллион долларды кытайлык ишкерлерден карактап кеткендерди дал ушул Алтынбек Сулаймановдун тобуна ...

0 207

ВИДЕО – Кичинекей кыз чыркырап, депутаттарды жер каратты

Видео 21-ноябрь 2019, 09:50 Алтын Булат

Мектептеги балдарды жалгыз медайым эмдегени үчүн акча чогултканын айтып жаткан кенже класстын окуучу кызы ыйлап дагы жиберди. Ютубга чыккан бул тасмада Жогорку Кеңештин депутаттары дагы залда олтурушат. Алар кыз чыркырап жатканда жер тиктегендерин көрүүгө болот. Депутат Жанар Акаев бул тууралуу БУУнун экологиялык жыйынында Швециялык Гретта Тумбергди мисалга тартып, ал дүйнө элдерин жер каратса, кыргыз окуучусу эл өкүлдөрүн жер каратканын ...

0 164

Гонконгдогу кыргыз студенттери мекенине кайтты

21-ноябрь 2019, 09:42 Айдар Нуралиев

Гонконгдо окуган кыргызстандык 27 студент мекенине учуп келди. Кытайда калган студенттер 21-22-ноябрь күндөрү учуп келет. Бул тууралуу ТИМден билдиришти. Маалыматка караганда, студенттердин  аэропортко чейинки жол кире чыгымын  Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги төлөгөн. Эскерте кетсек, Гонконгдогу курчуган кырдаалдан улам, ал жакта окуган кыргызстандык студенттердин ата-энелери президенттен жардам сурап кайрылган.  Буга, “кыргызстандык студенттер элчилик менен дайыма байланышта. Кытай бийлигинин көмөгү менен студенттерибиз ...

0 148

Укук коргоочулар: Иранда демонстрациялар учурунда 100дөн ашык киши өлдү

21-ноябрь 2019, 09:44 Айдар Нуралиев

Иран президенти Хасан Роухани шаршембиде “душмандардын кутумун жеңүүгө мүмкүн болгонун” жарыялады. Жергиликтүү телеканалдар аркылуу көрсөтүлгөн өкмөттүн жыйынында ал жапырт башаламандыктарды басуу тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.  "Иран эли кайрадан сыноодон өтүп, душмандарга абалдан пайдаланууга жол бербей турганын көрсөттү", – деди ал. Роухани эл бийликтин аракетине нааразылык билдирүүгө укуктуу экенин да кошумчалады. Мамлекеттик ММКлар демонстрация учурунда ...

0 252

Россиялык журналисттердин бет тырмоочулук cаясатына элчилик дагы чыдабай калды

21-ноябрь 2019, 09:37 Аман Аскаров

Санкт-Петербург шаарынынын метролорунун биринде 2017-жылдын 3-апрелинде теракт болгон. Ал жардыруудан жалпы жонунан 103 адам жабыркап, 16 жаран каза болгон. Жардырууну жанкечти-террорчу Акбаржон Жалилов аттуу адам ишке ашырган. Алгач ал террорчуну россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары Кыргызстандын жараны деп маалымдашкан. Ошондон улам Кыргызстандын чет өлкөдөгү имиджине, кадыр-баркына бир топ эле залакасы тийген. Россиядагы далай эмгек мигранттары федералдык ...

0 251

Эчак өлгөн адам депутаттыкка талапкер болуп катталды

21-ноябрь 2019, 09:28 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир нече жыл мурун өлгөн адамды депутаттыкка талапкер кылып каттаган деген маалыматты текшерип жатат. Мындай маалыматты Бахтиёр Насимов аттуу өзбек журналисти Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. Ал анда партиялардын биринин депутаттыкка талапкерлеринин тизмесинен 2 жыл мурун каза болгон таанышынын аты-жөнүн көрүп калганын жазган. Булак: NazarNews.kg

0 196

ВИДЕО – Мектеп окуучуларын “зебрадан” унаа коюп кетти

Видео 21-ноябрь 2019, 09:08 Кызгалдак Жакыпова

Бишкекте жеңил унаа эки өспүрүмдү сүзүп кетти. Кырсык болгондон кийин күбө муну видеого тартып, Инстаграмм социалдык тармагына киргизген.  Маалымат боюнча, кырсык 20-ноябрда саат 18:40 чамасында Шота Руставели менен Айни көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаа 13 жана 14 жаштагы мектеп окуучуларын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден коюп кеткен. Жабырлануучуларды “Тез жардам” кызматы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 237

ФОТО - Британ Ханышасы Елизаветта II кыргыз дипломатына жүгүнүп, колун сунду

21-ноябрь 2019, 09:16 Аман Аскаров

Айтылуу, чулгандуу Эдиль Байсалов. Айтылуу дегенибиз чурулдап жүрүп эле көздөгөнүнө жетет. Чулгандуу дегенибиз чачынан дагы артынан ээрчип жүргөн сөзү көп. Ал жакында эле Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалган.  Кечээ, 20-ноябрда Кыргызстандын Улуу Британиядагы ыйгарым укуктуу элчиси Эдиль Байсаловго Улуу Британиянын ханышасы Елизаветта II ишеним гармотасын ыйгарды. Букингем сарайында өткөн салтанатта Эдиль Байсалов ханышага президент Сооронбай Жээнбековдун атынан суктануу жана ...

0 159

Абылгазиев: Өкмөт ишкер айымдарды ар дайым колдойт

21-ноябрь 2019, 08:44 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкер айымдарды ар дайым колдойт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бүткүл дүйнөлүк ишкер айымдар күнүн белгилөөгө арналган «Өз алдынча болуу эрдиги…» аттуу конференцияга катышуу учурунда билдирди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчы ишкер айымдарды майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнү жана жергиликтүү коомчулуктарды социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымын белгилеп өттү. «Мен чын жүрөгүмдөн биздин ...

0 326

Эркингүл Иманкожоева, экс-депутат: "Атамбаев мындай билдирүүнү камала электе айтса болмок"

21-ноябрь 2019, 08:30 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Атамбаевдин бул кайрылуусу кеч болуп калды. Мындай билдирүүнү камала электе айтышы керек эле. Тергөөдөн качпай, болгонун, болбогонун ошондо айтса болмок. Эми болбой калды, тарапташтары да жасаган иштерин айта баштады. Алар да мойнуна алды көп нерселерди. Булак: NazarNews.kg  

0 325

Оор кылмыштарды жасап издөөдө жүргөн адам кармалды

21-ноябрь 2019, 08:56 Бакыт Молдалиев

Орусияда оор кылмыш жасап качып жүргөн кыргыз жараны Ош шаарынан кармалып тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, буга чейин Москвада эки мекендешинин сөөгүн уурдап кеткен 37 жаштагы кыргызстандыкка эл аралык  издөө жарыяланган. Кармалган жаран Араван районун тургунун коркутуп, машинасын тартып алганы үчүн изөөдө жүргөн. Ошондой эле, аталган адам жакында эле Ош ...

0 217

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: "Атамбаев ал адатты унутушу керек"

20-ноябрь 2019, 18:37 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Ал маселени сот мыйзамдын гана талабына ылайык чечиши керек. Президент Жээнбековдун да, экс-президент Атамбаевдин да сотко кийлигишүүсү мыйзамдуулукка карама-каршы келет. Атамбаев өзү сотторго жеке буйрук берип, каалагандай өкүм чыгартчу. Ал адатты унутуш керек, толук кандуу мамлекет курабыз десек. Булак: ...

0 166

Уран Рыскулов, укук коргоочу: "Арзан шоу"

20-ноябрь 2019, 18:34 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул саясий шоу. Атамбаев өзү түзгөн системанын курмандыгы болду. Тарапташтарын коргомуш болуп, "мени кама" дегени арзан шоу болуп калды. Башкача айтканда, өзүн жакшы көрсөтүштүн жолу десек болот. Булак: NazarNews.kg    

0 141

Ыргалай Бекмуратова, "Мээр жазы" уюмунун башчысы: "Атамбаевдин кайрылуусу эске алынса, мыйзамды бузган болобуз"

20-ноябрь 2019, 18:27 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Анын кайрылуусун эске алынса, мыйзамды бузган болобуз. Ким кылмыш кылса ошол адам мойну менен тартыш керек. Эгерде Атамбаевдин жалгыз күнөөнү мойнуна алып калгандарды бошотсо, баардык элдер эле кылмышты жасап алып бир байкушка шылтап кылмыштуулук күч алып, бей бечаралардын шору ...

0 182

Эмилбек Каптагаев, коомдук ишмер: "Атамбаев бир жыл мурда ушуну айтып чыкса, салмактуу угулмак"

20-ноябрь 2019, 18:24 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Эске ала тургандай деле кайрылуу эмес го дейм, учурлаштыгы жок, маанисин жоготуп койгон да эбак эле мындай сөз. Бир жыл мурда айтып чыкса болмок, салмактуу угулмак.  Булак: NazarNews.kg  

0 529

Адил Турдукулов, жарандык активист: "Атамбаев активдүү саясатчы экенин көрсөттү"

20-ноябрь 2019, 18:07 Айдар Нуралиев

- Атамбаевдин: "Мага каалаган мөөнөтүн беришсин, бирок башкалар бошотулсун" деген талабына көз карашыңыз? - деп суроо салган "Майдан.kg" гезити. - Бул кайрылуусу менен Атамбаев саясаттан кетпегенин, камакта болсо дагы активдүү саясатчы экенин көрсөтүп жатат. Ошондой эле саясий күрөшкө даяр экенин да билгизет. "Мени камап, менден башкаларын чыгаргыла" дегени тарапташтарына "сынбагыла, мен дагы деле бийликке сес көрсөтөм, аягына чейин күрөшөм"- ...

0 786

Рак менен ооруган эне өлөөрдөн мурун баласын асырап алчуларды тапкан 

20-ноябрь 2019, 18:05 Кызгалдак Жакыпова

Көптөн бери рак оорусу менен күрөшүп келген Татарстандын 30 жаштагы тургуну Айгүл Фазыйлова көз жумду. Бул тууралуу Инстаграмм социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири жазып чыкты.  Маалыматка ылайык, Айгүл өзүнүн айыкпас оорусу тууралуу билгенден кийин жалгыз баласын асырап ала турган үй-бүлө издей баштаган. Айгүлдүн апасы да бир нече жыл мурда рак оорусунан каза болгон. Өгөй атасы апасы көз жумгандан кийин аны ...

0 87

Нурадин Рустамбек уулу, Азия чемпиону: "Финалга чыккычакты абдан оор болду"

20-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 162

Жалил Сапаров, журналист: “Президенттин жүргүзүп жаткан саясатына дегеле коошпойт - проформа»

20-ноябрь 2019, 18:12 Айдар Нуралиев

Ошентип, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкөдөгү райондук гезиттерди биротоло жоюп, деги эле өкмөттүк гезит (кагаз) журналистикасынын өз алдынчалыгын алып салып, аны жергиликтүү телевидениенин алдында аракет кылуучу бир бөлүмүнө айландыруу аракетин көрүп жатат. Кыскасы, мурда өз алдынча чыгып келаткан областтык гезиттер эми өз алдынча юридикалык жак болбой эле областтык телердиокомпаниялардын бир бөлүмү болуп калышат. Дүйнөдө жок мындай ...

0 223

Камчыбек Ташиев, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти: "Биздин мамлекетте чоң майрам"

20-ноябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 415

ВИДЕО - ИИМдин министринин орун басарына бычак шилтешти. Ал милициянын ишине нааразы

Видео 21-ноябрь 2019, 08:47 Аман Аскаров

Бүгүн Бишкектин чок ортосунда калаа тургундарына, андан кийин милиция кызматкерлерине бычак менен кол салган видеону көбүңөр көрдүңөр окшойт. Анда милициянын кандай иштегендигине дагы күбө болдуңар. Тургундарга, анан калса милицияга бычак менен тап берген адамды кармай албай куурашты. Ага жада калса МАИ кызматкерлеринин артынан милициянын кайсыл бир жетекчиси дагы нааразы болуп чуркап келе жатты. Ишенбесеңер видеого ...

0 108

Абдыкулова Дарика, Нурадин Рустамбек уулунун апасы: "Эненин жүрөгү назик болот экен"

20-ноябрь 2019, 17:50 Айдар Нуралиев

11-ноябрдан 17-ноябрга чейин Монголиянын борбор калаасы Улан-Батордо болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатынан биздин спортчулар ийгиликтүү кайтып келишти. Бул таймашта 18 жаштагы Нурадин Рустамбек уулу 69 кг салмакта Азия чемпиону болуп баарыбызды кубантты. Ал төрт мушкер менен бет келишип финалдык беттешүүдө Өзбекстандан барган Нурислом Исмаиловду, болгондо да учурдагы Азия чемпионун утуп алган. 19-ноябрда эртең мененки саат 9.30да Улан-Батор-Бишкек багытындагы ...

0 195

Пенсионерди 4750 рубль үчүн өлтүргөн шектүүгө өкүм чыкты

20-ноябрь 2019, 17:46 Кызгалдак Жакыпова

Чувашия Республикасынын тургуну пенсионерди акча үчүн өлтүргөндүгү үчүн 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, ушул жылдын 4-апрелинде Ибреси айылында бир киши шериги менен 74 жаштагы кошунасынын үйүнө кирип, эки уюлдук телефонун карактап алып, андан болгон акчасын берүүнү талап кылышкан. Эгер бербесе өлтүрүп салабыз деп коркутушкан. Аял өзүндө болгон 4750 рубль акчасын берген. ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 199

ВИДЕО – Ай бали! Эми балакайлар “жар-жар” айтып баштады

Видео 20-ноябрь 2019, 17:45 Алтын Булат

“Тойкуп келген мейманга, той баштайбыз, эй, жай-жай...”. Бал тилдүү кичине балакайлар келин келгендеги “жар-жар” айтууну катырышыптыр. Бул тасма кайда, качан тартылганы белгисиз. Учурда социалдык тармактарды аралап, көпчүлүктүн купулуна толуп турган учуру. Бала эмнени укса аны айтып, эмнени көрсө аны туурары чын экен. Андыктан адамда жакшы жактары көбүрөөк болсо, келечек муунга мыкты тарбия болучудай. Булак: NazarNews.kg

0 486

Жарым миллиард доллар пара алган Өзбекстандын мурунку башкы прокурорунун үйү аукционго коюлду

20-ноябрь 2019, 17:33 Айдар Нуралиев

Өзбекстандын мурунку башкы прокурору Рашид Кадыровдун  үйү аукционго коюлюп, анын алгачкы баасы 10 миллиард 7 миллион 940 миң сумду (1 млн доллардан ашуун) түздү.  Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Аукционго коюлган үй Ташкенттин Мирзо-Улугбек деген районунда орун алган. Ал мурунку башкы прокурордун жубайынын наамына катталган. Эске салсак, Рашид Кадыров Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жылдай жетектеген. Ал 2018-жылдын февраль ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83