www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 199

Сооронбай Жээнбеков энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды

19-октябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө энергетика тармагынын мыкты кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Анын ичинде «Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды: — Дайыров Темиркул Айтмырзаевичке — «Түндүк-электр» ачык акционердик коомунун башкы директорунун техникалык маселелер боюнча биринчи орун басары; — Машрапов Асылбек Андалбековичке — Жалал-Абад жогорку вольттуу электр тармактары ...

0 211

Сооронбай Жээнбеков: Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек

18-октябрь 2019, 18:14 Айдар Нуралиев

«Биздин улуттук энерготутумубуз евразиялык рынокто атаандаштык жөндөмүнө ээ болушу керек», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышуу учурунда. Мамлекет башчысы белгилегендей, коңшу мамлекеттер менен аймактык кызматташууну толук түрдө ишке ашырууга, CASA-1000 долбоорунун алкагында электр энергиясын экспорттоо боюнча милдеттерибизди толугу менен аткарууга даяр болушубуз зарыл. «CASA-1000 долбоорун натыйжалуу ...

0 393

Даарат кагазга Конституцияны жазып, Конституциялык соттун алдына илип кетишти

18-октябрь 2019, 17:57 Алтын Булат

Тагыраагы, “Вконтакте” социалдык түйүнүнө чыккан бул жаңылыкта, кечээ, 17-октябрь күнү кечинде, бул даарат кагаз белгисиз бирөөлөр тарабынан ташталганы айтылат. Анда айтылгандай, даараткана кагазына эринбей бастырылган Орусиянын башкы мыйзамы Петербургдагы Конституциялык соттун маңдайында бир сааттан ашык илинип турган. Албетте, аны полиция кызматкерлери келип алып кеткенче, жергиликтүүлөрдүн ичинен андагы беренелерди окуп таанышып алганга үлгүргөндөрү да болгон. Булак: NazarNews.kg

0 263

Эки жыл эмне берди? Же Сооронбай Жээнбековдун президенттикке шайланышынын эки жылдыгына байланыштуу ойлор

18-октябрь 2019, 17:38 Айдар Нуралиев

Ушул жумада Сооронбай Жээнбековдун президент болуп шайланганына эки жыл толду. Алдыда дагы толук төрт жылдык убактысы бар. Демек, алдын ала ченелген, мыйзамда каралган өлчөлүү жолдун жарымы да али бүтө элек!.. Ошентсе да, айрым бир алдын ала чыгарылган жыйынтыктарды жасап, артта калган убакытка, баскан жолго кылчайып карап, азыноолак саресеп салуу ашыктык кылбас. Анан калса, байыркы, акылман кыргыз элибизде адеп алгачкы ...

0 485

Алдамчылык менен алектенгенге шектүү кармалды

18-октябрь 2019, 17:48 Айдар Нуралиев

Бир нече адамды алдап, акчаларын алып, кайтарбай жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 2019-жылдын 17-октябрында Чаткал районунун 1953-ж.т. Б.О. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз арызында Ала-Бука районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ү. 2019-жылдын июнь айында карызга акча сурап алып кетип ушул күнгө чейин кайтарып бербей жүргөндүгүн билдирген. Арыздануучунун билдирүүсүндө М.Ү. ...

0 154

Акча жесең деле, тергөөдө шакылдап турсаң камалбайсың

18-октябрь 2019, 17:21 Айдар Нуралиев

Кылмышка шектелип кармалган “Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коомунун Бишкек филиалынын директору Мирлан Бегалиев үй камагына чыгарылды. Тергөөдө башкаларга да көрсөтмө бергени аны СИЗОдо эмес, үйүндө жылуу-жумшак жатышына шарт түздү. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы ушул жылдын 30-сентябрында Мирлан Бегалиевди кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген болчу. Ал аталган мамлекеттик ишканадан 5 миллиондон ашуун долларды кымырып алган деген кылмышта ...

0 320

19-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

18-октябрь 2019, 17:08 Айдар Нуралиев

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-октябрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, күндүз кээ бир райондордо15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21; Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 16…21; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 20…25; Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15; Нарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…5 градус болот. Бишкекте 19-октябрда жаан-чачын жаабайт. Абанын ...

0 1161

Жигити сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өлүк менен селфиге түшкөн

18-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

22 жаштагы Илья Метлицкий 20 жаштагы сүйлөшкөн кызы  Анастасияны акча үчүн мыкаачылык менен өлтүргөн. Азыркы учурда кылмыш ишинин соттук отурум уланууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 2018-жылдын 6-майында Санкт-Петербургдагы бир бөлмөлүү батирде болгон. Кандуу окуя эки жаштын ортосундагы уруштан чыккан. Метлицкий Анастасияны жалпы 107 жолу бычак менен сайган. Өлтүргөндөн кийин ал күзгүнүн жанында туруп, ...

0 681

Жоголгон франциялык турист табылды

18-октябрь 2019, 17:00 Айдар Нуралиев

Дайынсыз жок деп айтылып, изделип жаткан франциялык саякатчы кыз табылды. Бул тууралуу Мурат Исмаилов аттуу Фейсбук колдонуучусу жазып чыкты. Ал: “жоголгон француз кызын Балыкчыдан Чоң Кеминге чейин жеткирип койдук. Аман-эсен эле экен. Чоң Кеминди кыдырып алып бүгүн Бишкекке барам деди. Күйөөсү Бишкекте экен, аны менен телефондон сүйлөштү”, -деп жазды. Муну туристтин жакындары да тастыкташты. Флорентинанын акыбалы жакшы. Анын телефону ...

0 139

Махабат Мавлянова: "Жеке ишкерлерди колдошубуз керек"

18-октябрь 2019, 17:01 Айдар Нуралиев

ЖК депутаты Махабат Мавлянова: "Жеке ишкерлерди колдошубуз керек", -деп "Ачык саясат" гезитине маек курган.  - Акыркы кезде жеке ишкерлер мейманкана ачса деле, фитнес клуб ачса деле, ачылышына президентти, премьер-министрди, жок эле дегенде, депутаттарды, мэрлерди чакырып калышпадыбы. Буга эмне дейсиз? - Жеке ишкерлер маданий тармакка көңүл буруп, аны өнүктүрүүгө аз да болсо салым кошуп жатса, биз эмнеге колдобошубуз керек? Тескерисинче, ...

0 318

СҮРӨТ - ЖК депутаттары “оптом” алмашты

18-октябрь 2019, 18:05 Алтын Булат

Жогорку Кеңеште 2020-жылдын бюджети талкууланып жатат. Жыйындар залындагы көрүнүш адаттагыдай эмес. Парламент депутаттарын таблодогу аты-жөнүнөн гана таанып-билбесе, өңү-түстөрү, ал тургай айрымдарынын жынысы дагы таптакыр башка. Чындыгында эле булар башкалар. Тагыраагы, эл өкүлдөрүнүн ордуна өкмөт менен жарандык коомдун өкүлдөрү олтуруп алышкан. Алар деле кадимки депутаттардан кем калышпай, кызуу талаш-тартышта. Айтмакчы, булардын сөзүн уккан 2-3 эле депутат бар. Ал эми калган ...

0 133

Ош шаардык ИИБдин 2019-жылдын 3-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

18-октябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 2019-жылдын 3-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Жыйынтыктоочу жыйын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары милициянын генерал-майору С.Өмүрзаковдун катышуусунда өттү. Жыйындын башында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары С.Өмүрзаков өздүк курам менен учурашкан соң, алдыда келе жаткан Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине карата жогорку деңгээлде даярдыктарды көрүп, татыктуу өткөрүп ...

0 320

4 жаштагы бала сууга түшүп кеткен карындашын куткарып калды

18-октябрь 2019, 16:29 Айдар Нуралиев

АКШнын түштүгүндөгү Теннесси штатында төрт жаштагы бала эки жаштагы карындашын сууга чөгүп кетүүдөн куткарып калган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, Лора Форрестер жолдошу жана эки баласы менен жаңы үйгө көчүп келишкен. Лора жолдошу экөө эшиктин алдындагы бассейнди айланта тосмолорду коюп, эшигине электрондук кулпу коюшкан.  Алар коопсуздук үчүн бардык чараларды көрдүк деп ойлошкон. Бирок, бул ...

0 179

Сооронбай Жээнбеков Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин атын ыйгарууну колдойт

18-октябрь 2019, 16:37 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына байланыштуу салтанаттуу иш-чарада Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгиледи. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. «Энергетиканын юбилейин белгилөө учурунда Турдакун Усубалиевди эскерип кетүү абзел. Анын Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис. Ошол үчүн аталган станцияга Турдакун Усубалиевдин ысмын берүү ...

0 237

ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту

18-октябрь 2019, 19:04 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 18-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Борбордук аппаратында Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев  РФдин Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарымдуу укуктуу элчиси Удовиченко Николай Николаевич менен жолугушту. Аны Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Ефимов Юрий Николаевич менен РФдин ИИМнин Кыргыз Республикасындагы расмий өкүлү Лузганов Владимир Николаевич коштоп келишти. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптын кызыкчылыгын ...

0 252

Кадр кызматына кадр табылбай турат…

18-октябрь 2019, 16:17 Айдар Нуралиев

Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Акрам Мадумаров Өкмөттүн Баткен облусундагы  ыйгарым укуктуу өкүлү болуп кеткенден бери 6 айдын жүзү болду. Андан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган болуп эсептелген Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи дайындала элек. Мааниси, функциясы олуттуу мекеме жарым жылдан бери жетекчиси жок иштеп келет. Буга тынчсызданган деле ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 369

Бирөөнүн үйүн банкка коюп акча алып качып кеткен жаран Москвадан кармалды

18-октябрь 2019, 16:01 Айдар Нуралиев

Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында алдоо жолу менен жарандардын мүлкүнө ээ болгон адам Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Ош ОИИБдин КМКнын ыкчам коштоосу менен Москва шаарынын аймактык укук коргоо органдары менен биргеликте өз өлкөсүндө жасаган кылмыш иши үчүн ички иштер органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз ...

0 239

Канат Исаев Чүйдү тарталбай калчудай

18-октябрь 2019, 15:50 Айдар Нуралиев

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге таарынычы күч болуп жүргөндөрдүн бири ЖК депутаты Канат Исаевдин саясий салмагы Чүйдө анчейин болбой турат. Айрыкча Алмаз Атамбаев камакка алынгандан кийин таптакыр эле жердештери тарабынан колдоого алынбай калгандыгы байкалат. Эми парламенттик шайлоодо бийликтин партиясына татыктуу добуш алып бере алабы? Кеп ошондо жатат. Болбосо саясий аренадан кетип, жаштарга, билимдүүлөргө, жаңы, таза жүздөргө орун бериши керек, - дейт "Ачык ...

0 184

Улугбек Ормонов: "Ар кимдин өз абийирине коелу"

18-октябрь 2019, 15:48 Айдар Нуралиев

Улугбек Ормонов,ЖК депутаты, "Бир бол" фракциясы: "Өз абийирине коелу", деп "Ачык саясат" гезитине маек курган. - Кечээ жакында Аида Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө берди, бул жоопкерчиликтен качуу эмеспи? - Ар бир  адамдын өз абийирине коёлу. Кандай болгон күндө  да Аида Жеңишбековна акыйкаттык үчүн, калыстык үчүн болгонун болгондой айтып бергени оң. Менимче  Салянова саясий заказ аткара турчу айым эмес. Ал азыркы ...

0 124

Туугандарын бийликке алып келүү «непотизм» деп аталабы?

18-октябрь 2019, 15:57 Темирлан Келдибеков

Тууганчылыкты бийликте колдонгон көрүнүш Европада «непотизм» деп аталып калган. Азыркы учурда непотизм деп кандаш туугандарды бийлик бутагына алып келүү, алардын кызыкчылыгын коргоо жана бийлик жүргүзүүдө туугандарга гана таянуу деп эсептөө болот. Итальян тилинен которгондо «nероtе» - жээн деген сөздү билдирет. Европа өлкөлөрүндө Кайра жаралуу доорунан баштап Рим Папалары өзүлөрүнүн бийлигин жана ал бийликти коштогон байлыкты кармап калуу максатында жогорку кызматтарды жакын туугандарына ...

0 405

Акыйкатчы Атамбаевге жолугуп чыкты, бирок эмне тууралуу сүйлөшкөндөрүн айтпайт. Институт качантан бери жашыруун болуп калган?

18-октябрь 2019, 15:38 Бакыт Молдалиев

Акыйкатчы Токон Мамытов институттагы өзүнүн тобу менен Улуттук коопсуздук кызматынын абагында жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, сүйлөшүп чыкты. Бул тууралуу ал өзү бир топ маалымат каражаттарына билдирүү жасады. Тилекке каршы, өлкөнүн башкы укук коргоочусу Атамбаев менен эмне тууралуу сүйлөшкөнүн сыр кылып айтпайт экен. Акыйкатчынын айтымында, баардык маалыматты ачыкка чыгарууга болбойт, кыскача гана “Атамбаев тарабынан ...

0 190

Азимкан Жусубалиев эмне үчүн адилетсиз оор статьялар менен соттолуш керек?

18-октябрь 2019, 15:32 Айдар Нуралиев

     Кыргыз Республикасынын  Президенти С. Ш. Жээнбековго   КАЙРЫЛУУ Биз, коомчулуктун төмөндөгү өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын мурдагы транспорт жана жол министринин орун басары Жусубалиев Азимкандын УКМК тарабынан коррупцияга шектелип камалганына он айдан өтүп, анын тергөө иштери аяктагандан кийин, ал иштин биринчи инстанциясы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралганынан кабарыбыз бар. Ошентип тергөөнүн версиясы боюнча, Азимкан италиялык “Тодини Конаруциони ...

0 145

Кытай карызы уйкуну качырат...

18-октябрь 2019, 15:20 Кызгалдак Жакыпова

Кытайдын Эксимбанкынан алынып Бишкек ЖЭБине коротулган 586 млн долларды кайтаруунун максималдуу мөөнөтү - 20 жыл. Бир жагынан бул өтө кыска мөөнөт болсо, экинчи жагынан анын үстөгү да кымбат. Т. а. 386 миллионду 492 млн доллар кылып кайтарышыбыз керек. Мындай шарттар бир эле ЖЭБге эмес Кытайдан алынган Датка-Кемин  ЛЭПти Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу боюнча долбоорлорго да тиешелүү. Баштагы Каржы министри ...

18-октябрь 2019, 15:20 | 145
0 528

Орусия примадоннасы өлүмгө даярдануудабы?

18-октябрь 2019, 15:13 Алтын Булат

Алла Пугачева өлүмгө даярданууда – өлгөндөн кийин өзүнүн сөөгү коюла туруучу жайды сатып алды. Мына ушундай кабарларды орус маалымат булактары жазып жатышат. Анда айтылгандай, Пугачеванын сатып алган участогу Кузьминск мүрзөсүндөгү агасынын күмбөзүнө жакын. “Жылдыздар чогулушту” (Звезды сошлись) аттуу көрсөтүүдө белгилүү болгондой, учурда скульпторлор Пугачевдордун үй-бүлөлүк мүрзөсүнүн эскиздерин жасап жатышат. Эске сала кетсек, ушул жылдын апрель айларында Пугачева 70 жаш ...

0 287

Бишкекте машиналардын көптүгүнөн “пробкалар” арбыды

18-октябрь 2019, 15:10 Темирлан Келдибеков

Ордо калаадагы экологиялык абал жылдан-жылга оорлоп барат. Азыр жалбырактар өрттөлүп, мончолорго пластик бөтөлкөлөр жагылып, үйлөрдү жылытууда сапатсыз көмүрлөр пайдаланууда. Экологдор алардын баарын көзөмөлгө алышы зарыл. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңеште билдирди. Бишкекте айрыкча автомашиналардын көбөйүшү, көчөлөрдөгү автотыгындардын кыйла арбышына алып келип, бул шаар тургундарын өтө тынчсыздандырууда. Ошондуктан, автомашиналардан чыккан уулуу заттардын ченемин өлчөгөн ...

0 386

Мейманкага ташталган наристенин атасы “бала меники эмес” дейт

18-октябрь 2019, 14:43 Айдар Нуралиев

Ош шаарында “Элита” мейманканасынын жанына ташталган наристенин апасынын жарандык никедеги күйөөсү "бала меники эмес" деп айтууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Эске салсак, Ош шаарында мейманкананын жанынан 5 айлык наристе табылган. Ош ШИИБинин маалыматына караганда, 15-октябрда кечки саат 11лер чамасында милицияга “Элита” мейманканасынын жанынан наристе табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге оперативдүү-тергөө тобу барган. Алгачкы ...

0 280

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Өзбекстандын курамасын ири эсеп менен “сыйлады”

18-октябрь 2019, 14:44 Бакыт Молдалиев

Футзал боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы “Азия-2020” чемпионатына даярдануу алкагында Өзбекстандын курама командасын кабыл алып, конокторду 5:1 эсебинде “сыйлап” койду. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча ассоциациясы маалымат таратты. Маалыматта айтылгандай, учурда футзал боюнча 2020-жылы өтчү Азия чемпионатына даярдык катары Бишкекте окуу-машыгуу иш-чаралары жүрүүдө. Эртең, 19-октябрда Өзбекстандын курамасы менен дагы бир матч өтөт.

0 564

Убактылуу өкмөт Атамбаевди бийликке алып келген, азыр алар кайда?

18-октябрь 2019, 14:42 Темирлан Келдибеков

Алмазбек Шаршеновичти бийликке алып келгендерди, эмне үчүн ал президент болгон соң бирден талкалаган: Роза Отунбаева - Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен. Алмазбек Атамбаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын президенти. Өмүрбек Текебаев - Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, жалаа менен камалып, учурда сот ишти кайрадан карап ...

0 165

Сооронбай Жээбеков: “Кудай буюрса, Токтогул ГЭСинин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат”

18-октябрь 2019, 14:26 Бакыт Молдалиев

«Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узарат» Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоору боюнча иштер менен таанышуу учурунда сүйлөгөн сөзүндө айтты. Мамлекет башчынын айтымында, электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү 20 пайызга көбөйсө, жалпы экономиканын өсүшү 1,5 пайызга жогорулайт. Ошондуктан энергетика тармагы - өлкөнүн өнүгүүсү ...

0 484

Текебаев дагы деле нааразы...

18-октябрь 2019, 13:55 Айдар Нуралиев

"Ата Мекен" партиясынын лидери  Өмүрбек Текебаев дагы деле нааразы. Текебаев менен Чотонов орусиялык жаран Маевскийден пара алган деген айыптоого  байланыштуу кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда кайрадан каралып баштаган. Кечээ дагы бир соттук териштирүү болуп өттү. Бирок, Текебаев сотторго дагы деле нааразы экенин билдирди. Алар алып келген күбөлөрдүн көрсөтмө берүүсүнө ишти караган судья Айнура Сатарова тоскоолдук кылып, анын айткандарын укпай, ...

18-октябрь 2019, 13:55 | 484
0 190

ВИДЕО - Кыргыздын ооз комузун мыкты ойногон орус жигиттери

Видео 18-октябрь 2019, 13:52 Айдар Нуралиев

Социалдык тармакка чет элдиктер кыргыздын улуттук ооз комузун заманбап стилде ойногон тасма тарады. Тасмада үч орус улутундагы жигит кадимки эле кыргыздын улуттук аспабы ооз коомузун заманбап музыкалык стилде чертишкен. «Темир комуз» деген музыкалык аспабыбыз тээ байыркы доорлордо эле пайда болгон. Албетте, темир комуздун алгачкы түрү жыгачтан жасалгандыгы талашсыз. Анын далили катары «жыгач ооз комуз» деген музыкалык аспабыбыз бүгүн да ...

0 306

Орусияда кыргыз мигранттардын түйшүгү башкалардан жеңилби?

18-октябрь 2019, 13:24 Кызгалдак Жакыпова

“The Diplomat” журналы Казакстандагы Нурсултан Назарбаев атындагы университеттин профессору Кэррис Шенктин Орусиядагы мигранттарга байланыштуу интервьюсун чыгарды. Окумуштуу мигранттардын расмий органдар менен мамилеси, Евразия Экономикалык Биримдигине кирген өлкөлөрдөн барган жумушчулар баштан кечирген кыйынчылыктар сыяктуу маселелерге кенен кайрылган. «Орусиядагы мигранттар бийликтин эрежелери менен мыйзамдарын көз жаздымдан чыгарбашы керек. Мындан тышкары, Орусиядагы мамлекеттик органдардын өз ара байланышы начар болгондуктан иш уруксаты же дагы ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 271

Кара-Суу шаарынын дааратканасы ашына өзбек, тажиктерге уят кылбайбы?

18-октябрь 2019, 13:26 Темирлан Келдибеков

Кара-Суу шаарында бир катар социалдык объектилердин курулушу создугуп жатат. Алардын арасында мектептер, канализация  да бар. Өкмөт ошондой курулуштарды көзөмөлгө алып, тезинен бүткөрүү жаатында чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Айнуру Алтыбаева Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди. Айрыкча Кара-Суу шаарынын эбак эле эскирип калган канализациясын калыбына келтирүүгө көңүл бурулушу керек. Анткени, ал калаада ири Кара-Суу базары орун алгандыктан, келим-кетим ...

0 250

“Таштанды челекке ташташ керек.” Паракор чиновниктерди сиз кантип жазаламаксыз?

18-октябрь 2019, 13:07 Алтын Булат

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын кайсы бир чиновникти колунан жетелеп келе жатат, аңгыча жер ачылып тиги чиновник ал жакка түшүп кетти. Видеого тартып жаткан оператор эмне болгону түшүнбөй таң калып карап калды. Мына ушундай кыска кыймылдуу сүрөт интернетте пайда болду. Албетте бул шөкөттөлгөн. Бирок, ал социалдык түйүндөрдө олтурган кыргыз коомчулугуна жагып жаткан учуру. Жарандардын жазгандарына караганда мындай механизм, ...

0 139

ЮНЕСКОнун студент-окутуучу чырындагы изи

18-октябрь 2019, 13:18 Кызгалдак Жакыпова

Вашингтондо чыккан «Inside Highered» басылмасы 2019-жылдын январь айында Бишкектеги Кыргыз-Орус (Славян) университетинде «окутуучу студентке жыныстык ыдык көрсөттү» деген чырдын ЮНЕСКО менен байланышын иликтеди. Аталган басылмага Арарат Осипиан деген лакап ат менен Жорж Мейсон университетинин окумуштуусу, профессор Александр Миртчев: «Жыныстык ыдык көрсөтүү - дүйнөдөгү чоң мүшкүл. ЮНЕСКО да ар дайым аны менен күрөшүү зарыл экенин белгилеп келет. Университеттерде бул мүшкүл ...

0 212

Бири Атамбаевден куугунтук көрдүм деп качса, экинчиси Атамбаевди колдойм деп качып кетти

18-октябрь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, журналист Мирбек Айтикеев үй-бүлөсү менен Швецияда экенин Азаттык жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. Бирок, анын качан жана кандай жол менен өлкөдөн чыгып кеткени белгисиз. Ал 7-8-августта Кой-Таштагы окуялардан кийин Мирбек Айтикеевдин кармалганы айтылып, бирок ички иштер министрлиги бул маалыматты төгүндөгөн. Кийин журналист турган жери белгисиз болуп, анын ...

0 503

Экс-депутат Лунара Мамытова Жогорку Кеңештеги айрым “шабашка” болчу жагдайды ачыктады

18-октябрь 2019, 12:47 Бакыт Молдалиев

Чындыгында Жогорку Кеңеште элдин кызыкчылыгы үчүн иштейм деп келген депутаттар бар, бирок өтө аз. Өз кызыкчылыктары үчүн иштеген депутаттар да бар. Бул тууралуу мурунку депутат Лунара Мамытова азыркы депутат Тазабек Икрамовдун “Азаттыкка” берген маегинде “депутаттар - өлкөнүн патриоттору” деген билдирүүсүнөн улам “Vesti.kg”нин суроосуна жооп берип жатып билдирди. - Мен Тазабек Икрамович менен таанышмын, ...

0 722

ВИДЕО – Суу түтүгүнөн төрт метрлик кобра чыкты

Видео 18-октябрь 2019, 12:07 Алтын Булат

Кадрда көрүнүп тургандай, бир куткаруучу кобраны жылаңач колу менен эле суудан сууруп чыкты. Бирок беш адам жыландын башынан куйругуна чейин кармап турду. Таиланддын калкттуу аймактарынын биринен табылган бул уулуу жылан учурда атайын корукка кое берилгени айтылууда. Ал эми кобранын адамдар жашаган аймакта жүргөнүн куткаруучуларга жергиликтүүлөр билдиришкен. Белгилей кетсек, “Падышалык кобра” же “гамадрит” деп аталган бул уулуу жыландын жашоо узактыгы ...

0 184

Прокурор менен милиция кызматкери эмнеге кармалганы белгилүү болду

18-октябрь 2019, 12:00 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 16-октябрында КР УКМК ККК Башкы прокуратурасынын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынны жүрүшүндө Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтрып жаткан учурунда Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары «А.Н.К.» жана Жети-Өгүз райондук ИИБ тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү «Б.Э.Б.» кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Такталган боюнча «А.Н.К.» тергөөчү «Б.Э.Б.» ...

0 1391

Кышында светтер эртең менен, кечкисин, күнүгө эки маал өчүп турат деген кеп тарады, каңшаарбы же...

18-октябрь 2019, 12:29 Темирлан Келдибеков

Тажикстанда авторитардык режим, ошондуктан бийликтегилери светтерин чет мамлекетке сатып байышса, карапайым элинин светтери маал-маалы менен өчүрүлүп турат. Бизде парламенттик бийлик, светтин өчүп-өчпөгөнүнө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жооп бериш керек. Эгер жарык өчө турган болсо, анда кыжырданган эл Абылгазиев эмес балакет болсо да  өкмөт башынан алып түшөт. Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдан бери бийликте, үчүнчү жылга аяк басты. Аста секин келатат, 2016-жылы Казакстандан ...

0 597

Айчүрөк Иманалиева: "Үй-бүлөм үчүн өзүмдү курмандыкка көп чалам"

18-октябрь 2019, 15:06 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, сахна жылдызы Айчүрөк Иманалиева “Жаңы Ордо” гезитине акыркы жаңылыктарынан бөлүшүп эксклюзивдүү интервью берди. — Арыбаңыз Айчүрөк эже! Маданият ааламында жүргөнүңүзгө отуз жылдан ашып калды. Ошондон бери өчпөй, жыл сайын популярдуулугуңузду жоготпой, сактап келесиз. Мунун да сыры болсо керек? — Ырахмат, бар болуңуз! Ким кай кесипти аркалабасын, өмүр өткөнчө ошол сүйгөн кесибинин аркасынан баар табат. ...

0 108

Милиция экстремисттик маанидеги китептерди жана атуучу куралдарды тапты

18-октябрь 2019, 11:08 Айдар Нуралиев

2019-жылдын 8-октябрь күнү саат 07-00 чамасында Жалал-Абад шаарында жана Базар-Коргон районунун Арстанбап, Кеңеш айылдарындагы такталган даректерге, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 315-беренеси менен ачылган сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, кылмышка шектүү делген 5 жарандын жашаган турак-жайларына тинтүү жүргүзүлгөн. Тергөө жана ыкчам иликтөө иштери Ноокен райондук соту тарабынан турак-жайларды тинтүү үчүн берилген уруксат токтомунун негизинде, Жалал-Абад ОИИБнин жана Базар-Коргон РИИБнин тергөө тобу ...

0 141

5 миллион долларды сугунган Мирлан Бегалиев камактан чыгып кеттиби?

18-октябрь 2019, 11:09 Кызгалдак Жакыпова

1-октябрь күнү Каржы полициясы «Манас» аэропортундагы беш жыл мурдагы мыйзамсыз иштер аныкталганын жар салып, 2014-жылы аэропорттун жетекчилиги жеке кызыкчылык менен 5 миллион долларды оффшордук компаниялар аркылуу чыгарып кеткенин билдирген. Мыйзамсыз ишке барыш үчүн компаниянын ошол кездеги жетекчилиги банкротко учураган ишкананын акцияларынын 100 пайызын сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун да кошо айтышкан. Ага улай, 30-сентябрь күнү дароо аталган иштин алкагында 2014-жылы ...

0 257

Прокурор менен милиция кызматкери пара алып кармалды

18-октябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун прокурорунун орун басары жана аталган райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү пара алып жатып кармалышты. Маалыматка караганда, бул экөө зордуктоо боюнча кылмыш ишин жабуу боюнча миң доллар пара талап кылышкан. Кылмышка шектүүлөрдү УКМКнын кызматкерлери кармаган. Булак: NazarNews.kg

0 137

Японияда тайфундан көз жумгандардын саны 77ге жетти

18-октябрь 2019, 10:54 Айдар Нуралиев

Японияны каптаган “Хагибис” тайфунунан улам каза болгондордун саны 77 кишиге жетти, ошондой эле дагы 10 киши дайынсыз жоголгон. Учурда тайфундун кесепеттерин жоюу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу япон басылмалары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, катуу бороондон улам электр зымдары үзүлүп, миңдеген үйлөр жарыксыз калса, дарыялар нугунан чыгып каптаганынан улам 33 миң үй суу астында калган.  «Хагибис» Японияда акыркы жылдардагы ...

0 200

ФОТО - Кичи жана Улуу Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

18-октябрь 2019, 10:45 Бакыт Молдалиев

Ооганстан Ислам Республикасындагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргыз Республикасынан гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы ...

0 253

Мунапысты кимдер алышы керек?

18-октябрь 2019, 11:28 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊеш жыйынында “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамды колдонууга киргизүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин төрайымынын орун басары Искендер Матраимов мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө берди. Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө ыкчам издөө иштери ...

18-октябрь 2019, 11:28 | 253
0 190

Карыбек ЖУСУБАЛИЕВ: “Милиция орой мамиледен арылып, жүрүм-турумду оңдошу керек”

18-октябрь 2019, 10:27 Айдар Нуралиев

Кыргыз милициясына 95 жыл.  “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” -дегендей, ар бир инсан жаш кезинде эл-жер үчүн кызмат кылып, карыганда ошол мээнетинин үзүрүн көрүп, дөөлөттүү кутман карылыкты өткөргөн кандай кандай гана сыймык. Биз бу саам мына ошондой сыйга татыктуу кутман кары – Карыбек Жусубалиев туурасында сөз кылабыз. 75 жашка келген Карыбек аксакал учурда милициянын ардактуу эс алуудагы старшинасы, Ак-Талаа ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 814

ВИДЕО - Чет элдиктер таксистке 100 миң сом калтырып кетишти

Видео 18-октябрь 2019, 10:12 Алтын Булат

Унаанын ичинде миң сомдуктар жайылып жатат. Кадр артында комментарий кылып жаткан автордун айтымында, болжолу мында 100 миң сом бар. Видео кечээ, 17-октябрдын кечинен бери интернетти жарып жатат. Анда айтылгандай видеого тартып жаткан адам өзү таксист болуп иштейт. Аэропортко алып барган чет элдиктер машинанын салонуна бул акчаларды таштап кетишкен, “алар кайра учуп келип сурашса мен бербей кое алам да”, -дейт ...

0 135

Сооронбай Жээнбеков калкты таза суу менен камсыздоо анын жеке көзөмөлүндө экендигин айтты

18-октябрь 2019, 10:06 Бакыт Молдалиев

Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад областына болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында Токтогул районунун Кара-Тектир айылын таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Мамлекет башчысына маалымдалгандай, долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө жаңы суу түтүгүн орнотуу, айылдын колдонуудагы суу менен камсыздоо түйүндөрүн толугу менен алмаштыруу каралган. Курулуш иштери АРИС линиясы боюнча айылдарды ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83