www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 166

Абылгазиев коррупция жол салгандар арасында да жыттанып жатканын билдирди

11-ноябрь 2019, 15:07 Темирлан Келдибеков

Коррупция, коррупция дейбиз, коррупция каякта, Абылгазиев бул боюнча чукугандай сөз айтты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда жол салууда чет өлкөлүк компаниялар тендерди утуп, бирок жергиликтүү компанияларга тапшырып койгону коррупцияга айланганын айтып чыкты. Бул туурасында премьер-министр парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Жыйындын жүрүшүндө депутат Төрөбай Зулпукаров Кыргызстанда четтен алынган насыяларга курулуп жаткан жолдорду жергиликтүү компаниялар курушу ...

0 323

Түркияда кыргыз кыздарына байланышкан кылмыш катталды

11-ноябрь 2019, 14:50 Аман Аскаров

Түркиянын Анталья шаарындагы Манавгат районунда эки кыргызстандык кыз мекендешин сабап, аны тоноп кеткендиктери үчүн полиция тарабынан кармалды. Haberler порталы маалымдагандай Нүргүл Карбаева аттуу айым Манавгаттын мейманканаларынын биринде тазалоочу болуп иштейт. Ал сабалгандан кийин доктурга кайрылган. Ооруканадан полиция кызматкерлери чакыртылган. Дарыгерлер жабырлануучунун денесинде ур-тепкинин белгилери бар экендиги тууралуу бүтүм чыгарып беришкен. Укук коргоо кызматкерлери көп өтпөй кылмышка шектүүлөрдү кармап, алар ...

0 216

Жумурткадан каза тапты

11-ноябрь 2019, 14:42 Айдар Нуралиев

Индиянын Уттар-Прадеш штатында Жаунпур аймагында 42 жаштагы Субхаш Ядав бир нече жумуртка жеп каза тапты. Бул тууралуу Gulf news агенттиги жазып чыкты. Жергиликтүү полициянын берген маалыматында Ядав Бибиганж базарында досу менен акчага мелдешип 50 жумуртка жей баштаган. Субхаш 42-жумуртканы жеп баштаганда эстен танган. Жыйынтыгында ал ооруканадан көз жумган. Булак: NazarNews.kg

11-ноябрь 2019, 14:42 | 216
0 114

ВИДЕО - Чаткалда алтын кендер мыйзамсыз иштеп жатабы?

Видео 11-ноябрь 2019, 14:36 Айдар Нуралиев

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу жеке баракчасына Чаткалдагы алтын кендер дагы деле мыйзамсыз иштеп жатат деп жазды. Ал бул мыйзамсыз иштер тууралуу жазганы төмөндө: “Президент Сороонбай Шарипович, сизге кайрылабыз. Чаткалда алтын кендери мыйзамсыз иштеп жатышат, токтотуп беришиңизди суранабыз. Эл каршы чыккан. Алтын кендер казылбайт, иштетилбейт деген убадаңыз бар эле...” Булак: NazarNews.kg

0 652

Коомдук унааларда жүрүү бекер болгон биринчи өлкө пайда болду

11-ноябрь 2019, 14:29 Айдар Нуралиев

 Люксембург – коомдук унааларда жүрүү толугу менен бекер болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.   Маалыматка караганда, бул шайлоо алдындагы убадалардын бири. Мындай чечим жалпы транспорт системасынын абалын жакшыртат деп эсептелүүдө. Ошондой эле тыгындарды азайтат. Луксембург шаарында 115 миңдей адам жашайт, дагы 400 миңдей адам шаарга күнүгө жумушка келип кетет. Франция, Бельгия жана Германиядан дагы ...

0 212

Мустафа Кемаль Ататүрк: "Мамлекет ыйык, сатылбайт, саткындарга тапшырылбайт"

11-ноябрь 2019, 14:19 Айдар Нуралиев

Бүгүн Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү күнү. Мустафа Кемаль ким экенин баарыбыз билсек керек. Мен ал жөнүндө айрым окуяларды азыркы Кыргызстандагы жагдайды салыштырып баяндагым келди,-деп жазып чыкты саясий серепчи Темирлан Сарлыкбек уулу Фейсбуктагы өздүк баракчасына.  ********** Мустафа Кемаль эл менен жолугушуусунда бир улгайыңкы аял (мурдагы кошунасы) жанына келип даттанат: - Уулум сенин атыңан Мамлекеттик темир жол ишканасына барса, сен жөнөткөн ...

0 418

ВИДЕО - Көргөнү да, көрбөгөнү да арманда. "Газпромдун" "чудиктеринин" кылыгы боорду эзди

Видео 11-ноябрь 2019, 14:12 Аман Аскаров

Убагында Кыргызстан “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 сомго сатып жатканда абдан кейидик эле. Ушундай дагы болобу? – деп. “Газпром” болсо тез аранын ичинде өлкөнүн бардык аймагын көгүлтүр от менен камсыз кылабыз деди эле, анысынын дайыны дагы жок. Эптеп Бишкектин бир эки районуна жеткирди окшойт газ түтүктөрүн 3-4 жылда. Бирок, биздин айталы дегенибиз башка. Мындай “чудик” компанияга убагындагы өлкө жетекчилерибиз кантип ишенди ...

0 204

Өлкөнүн облустук жана райондук сотторуна судьяларды дайындоо тууралуу жарлыктарга кол коюлду

11-ноябрь 2019, 14:16 Алтын Булат

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын Нарын жана Талас облустук сотторуна, Чүй облусунун Кемин райондук сотуна, Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат жана Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол койду. Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна 1 талапкер, Нарын облустук сотуна 2 ...

0 363

Нурбек Жапаров: "Билинбей калган кылмыш болбойт"

11-ноябрь 2019, 14:15 Кызгалдак Жакыпова

«Жолуң шыдыр болсун»-деген сөз да бекеринен айтылбаса керек. Бүгүнкү каарманыбыз Нарын облустук Ички иштер башкармалыгынын жол кайгуул кызматынын ЖКККБнын издөө төбүнүн тескөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Жапаров Нурбек Калманбетович жөнүндө болмокчу. Негизи жашоодо адам баласы жакшы көргөн кесибин тандоодо бирөөгө карап же бир нерседен таасирленет эмеспи. Жаңы гана мектептин босогосун аттагандан баштап эже-агайлар окуучу балдарды тамырын кармап көрүп «Келечекте ким ...

0 178

Айнек тилгичтер Айга учушту, мык саткандар мыкты миллиардер болушту

11-ноябрь 2019, 14:07 Темирлан Келдибеков

Айнек тилгич Кожобек Рыспаевдин башына бак конду. Афган согушуна катышып ай-амалдын арифметикасын жадыбалдай жаттаган Кожокең кожоңдоп ал кездеги ар кимди сатып жүрүп көнүп калган, темир генералдан “чүпүрөк генералга” айланып калган Феликс Куловдун колтугуна кирип, бир заматта мык саткандан мыкты саясатчыга айланды. Эски “Правда”, эмки Ибраимов Жумабек көчөсүндө көпөлөктөй  мык, кийин чочконун этин сатып жүрүп “аферизмдин” айланкөчөгүндө көчүгү айланган Кожобек ...

0 253

Төкмө каза болгон жол кырсыгында төрт киши көз жумган

11-ноябрь 2019, 13:35 Айдар Нуралиев

Бүгүн, болжол менен түнкү бирлер чамасында 27 жаштагы А.Ж. аттуу жаран Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Субару Импреза унаасын айдап баратып, жүк ташуучу Норд унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Субарунун айдоочусу жана бул унаанын үч жүргүнчүсү каза болсо, дагы бир 20 жаштагы жигит оор абалда ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Каза болгондордун арасында жаш төкмө ...

0 308

Сокулукта жаңы ат майдан ачылды

11-ноябрь 2019, 13:30 Кызгалдак Жакыпова

Кечээ, 10-ноябрда Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айыл аймагында Уранбек Темиров атындагы ат майдан ачылды. Муну Уранбек Темировдун үй-бүлөөсү жана жакын санаалаштары өз күчү менен курушкан. Ипподромдун ачылышында ат оюндары ойнолуп, кунан чабыш, аламан чабыш, тай чабыш жана башка ат оюндары өткөрүлдү. Баш байгеге эки автоунаа коюлган. Булак: NazarNews.kg

0 223

ФОТО - Бишкекте кеч күз, Ак-Сууга кадимки эле кыш келди

11-ноябрь 2019, 13:37 Аман Аскаров

Кечээтен тартып республика боюнча абанын табы төмөндөп, бир топ эле сууктай түштү. Бишкекте майда жаан нөшөрлөдү эле, ал эми Ысык-Көл облусунун эң алыскы району Ак-Сууда 50 сантиметрге жеткен кар жаап салды. Албетте бул жагдай жергиликтүү тургундар үчүн бир топ түйшүктүү болду, андан калса калктуу пунктар арасында жолдор дагы буулган. Бирок, бул көйгөйдүү чечүү максатында кар түшкөн аймакка атайын 12 ...

0 216

Табылды Акеров: “Чыңгыз Айтматов Осмоновго Е. Примаков Ю. Абдрахмановдун баласы деп айткан экен”

11-ноябрь 2019, 13:38 Айдар Нуралиев

– Сиз кыргыз саясатчылары жөнүндө көп окуяларды билсеңиз керек. Ошолордон бирин айтып бербейсизби? – Азыркылар жөнүндө айтсам, заказдай болуп калат го. Бул маек 7-ноябрь майрамына туш келип жатпайбы. Ошого карата Ю. Абдрахмановдун тегерегинде айтылып жүргөн сырлардын бирине токтоло кетейин. Балким, кимдир бирөөлөр изилдеп, тактап чыгаар. Мен «Кыргызалтында» иштеген кезде, Курманбек Осмонов деген аксакал менен иштешип калдым. Өзү Москва районунун ...

0 428

ВИДЕО - Өрт өчүрүүчү кошуналарынын үйүн өрттөп жүргөн

Видео 11-ноябрь 2019, 13:08 Бакыт Молдалиев

Хакасия Республикасындагы Балыкса айылында үй өрттөдү деп өрт өчүргүч шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, ушул жылдын август айынан октябрь айына чейин аталган айылдагы алты үй күйүп кеткен. Бул окуяга айылдын тургуну Иван Шнайдер шектелип жатат. Иван 26 жашта. Ал Балыкса айылынын өрт өчүргүч бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.  Жабырлануучулардын айтымында, ал көпчүлүк жабырлануучулар менен дос болчу ...

0 420

Өзбектерди ОшМУдан окутуп коррупция жыттанган Каныбек Исаков аткарылбас убадаларды берип жибердиби?

11-ноябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

Билим берүү министри Каныбек Исаковдун коррупция менен күрөшүүгө моралдык укугу барбы? Эң коррупцияга баткан университеттин ректорунун министр болгону туурабы? Каныбек мырза, Ош мамлекеттик университетин жетектеп турганда 2019/20-окуу жылына кабыл алууда 1-класстан баштап латын алфавитинде окуп, орто мектепти аяктаган өзбекстандык 1500гө жакын абитуриенттерди ОшМУнун медицина факультетине кабыл алган. Бул факты аталган жогорку окуу жайда коррупция гүлдөп жатканын түшүндүрөт. Ар бир өзбекстандык ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 172

ВИДЕО - Айэркен Саймаитини белгисиз адамдар атып кетишти

Видео 11-ноябрь 2019, 12:50 Айдар Нуралиев

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлдү. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз эки адам атып качып кетишкен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» быйыл май айынын соңунда жарыяланган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аты аталган. Анда 700 ...

0 652

Клара Алибекова: "Эгер көңүлүмө жигит жагып, назарым түшүп калса, анда чын жүрөгүмдөн кабыл алам..."

11-ноябрь 2019, 12:45 Айдар Нуралиев

“Биринчи жана акыркы жолу” деген гезитибизде рубрика бар.  “Кыргызымдын жигиттерин” катыра ырдап, эл оозуна алынган Клара Алибекова карындашыбызды кепке тарттык, - деп жазат "АЗИЯnews" гезити. -- Биринчи жолу мектеп босогосун аттаганың эсиңдеби? -- Мектептик форма-фартук кийип, чачыма чоң ак бантик байлап мектепке жетелеп барышкан. Элдин баары бантигиме суктанып, кийин кыздардын баары меникиндей бантты сатып алышкан болчу. -- Биринчи жолу тамак ...

0 187

Бишкекке түндө самурайлар келди

11-ноябрь 2019, 13:00 Айдар Нуралиев

11-ноябрга караган түнү “Манас” аэропортуна футбол боюнча Япониянын курама командасынын өкүлдөрү келип түштү. Бул рейсте япон курамасынын тренердик жана медициналык штабы, административдик персоналы жана улуттук чемпиондукта ойногон футболчулар келишкен. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашты. Маалыматка караганда, чет өлкөлөрдөгү клубдарда ойногон футболчулар башка рейстер менен келишмекчи. Команданы курамы 12-ноябрда толугу менен чогулат. Япония курамасы бүгүн ...

0 274

Дарыгерлер тирүү адамды “көмүп салышты”

11-ноябрь 2019, 12:22 Бакыт Молдалиев

Колумбиянын түндүгүндө жайгашкан Барранкилья шаарында дарыгерлер тирүү адамды өлүк деп жарыялашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.  Маалыматка караганда, 80 жаштагы Понедера шаарынын тургуну Канделарио Гутьеррес Эрнандес дем алуу көйгөйүнөн улам ооруканада жаткан. Эртең менен саат жетиде анын өлгөндүгүн айтышкан.  “Бизге атамды табигый себептерден улам каза болду деп айтышты. Андан кийин бизге анын өлүмү тууралуу күбөлүктү карматышты. Анын ...

0 270

Медетбек Керимкулов деген "ишкер мэр" кайда?

11-ноябрь 2019, 12:26 Аман Аскаров

Акаев заманында далай чиновниктер жыргады. Мал-жандуу, үй-жайлуу, акчалуу болушту. Кандай жол менен экенин ким билсин. Бирок бир чиновник такыр эле унутта калды көрүнөт. Ал Медетбек Керимкулов. Ооба, дал өзү. Такыр көрүнбөй кетти. Билбегендер үчүн бул үлкөн чиновник Бишкек шаарын алты жыл башкарып турган. Тагыраагы 1999-жылдан Акаев куулган 2005-жылга чейин. Эмнеден улам бул адамды эстеп калдык? Азыркы Бишкекти жакшы билесиңер. ...

0 308

Тумандын айынан бир учурда 18 автоунаа сүзүшүп, 29 киши жабыркады

11-ноябрь 2019, 11:57 Айдар Нуралиев

Германиянын түштүк-батышында болгон жол кырсыгынан бир эле учурда 18 автоунаа кагылышып, анын айынан 29 киши жабыркады.  Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн жазып чыгышты. Кырсык Германиянын Франкония аймагында болгон. Чоң жолдо автоунаалар өз нугунда жүрүп жаткан, айлананы туман каптап, нымдуулук жогору болгон. Айдоочулардын бири тайгак жолдо унаасын башкара албай калып, алдындагы автоунааны сүзүп алган. Буга удаа эле дагы башка ...

0 312

"Эрдик" медалынын ээси өз алдынча басып, сүйлөй баштады

11-ноябрь 2019, 12:00 Аман Аскаров

7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан мажбурлоо түрүндө тергөөгө алып келүү операциясы учурунда башына таш тийип кийин комага түшүп, андан ары дарыланууга Москвага жөнөтүлгөн Чүй ОИИББинин башчысы Самат Курманкулов өз алдынча сүйлөп жана баса баштады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиргендей, Курманкулов акырындык менен басып, айрым көнүгүүлөрдү жасап калды. Андан сырткары, буга чейин Самат Курманкулов үн ...

0 190

Жалал-Абад ОИИБде бир катар сыйлыктар тапшырылды

11-ноябрь 2019, 11:51 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 11-ноябрда ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун эмгектенген милициянын подполковниги Эрмек Абдрасуловго полковник чини ыйгарылып, ардактуу эс алууга узатылды. Мындан сырткары бир катар кызматкерлерге кезектеги атайын наамдар ыйгарылып, кызматта жана спортто ийгиликке жеткендер медаль тагынышып, дипломдор менен сыйланышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мындан сырткары, 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнүнө карата ички ...

0 396

Мыйзамсыз коон ташып келе жаткан жаран кармалды

11-ноябрь 2019, 11:46 Айдар Нуралиев

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, Ыкчам бажысынын кызматкерлери Баткен областында З.О. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранынын башкаруусундагы “ ВОЛЬВО-FH12” үлгүсүндөгү транспорт каражатын “Шмитц” маркасындагы чиркегичи менен токтотуп текшерүүгө алышкан. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе ...

0 904

Кара-Көлдө 18 жаштагы кыз дааратканага барам деп ажал тапты

11-ноябрь 2019, 11:38 Аман Аскаров

СССР убагында курулушу аяктабай же болбосо такыр эле каралбай калган объектилер чачтан көп. Андай объектилердин бири Кара-Көл шаарында союз убагында курулган кудук. Анын тереңдиги 8 метрге чамалап калат. Эми ошол кудукта кырсык катталып отурат. Тагыраагы 9-ноябрь, түнкү саат 01:30дар чамасында 18 жаштагы кыз ал кудукка түшүп кетип каза болду. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары каттоого ...

0 237

Кыргызстан Кафиристанбы? Дубайдагы кыргыздар тополоң чыгарышты

11-ноябрь 2019, 11:42 Бакыт Молдалиев

Бириккен Араб Эмиратында жашаган кыргызстандыктар телефонго кийгизе турган чехолдун аталышында ката бар деп тополоң чыгарышты. Бул тууралуу Twitter  социалдык тармактын колдонуучуларынын бири жазып чыкты.  “БАЭда жашаган кыргызстандыктар Амазон онлайн дүкөнүндөгү чехолдун аталышына аябай ачууланышты. Сатуучуга кыргызстандыктардан массалык арыздар түшө баштагандан кийин чехолдун аталышындагы ката оңдолгон. Бир сааттын ичинде миңге жакын кат түшкөн”, - дейт социалдык тармактын колдонуучусу. Сүрөттөн телефондун ...

0 580

Текебаев Рыскелди Момбеков сыяктуулардын деликатес тамактарына эттенип баратабы?

11-ноябрь 2019, 11:31 Темирлан Келдибеков

Атамбаев жөн жерден шорлотуп, камактын “шорпосун” татып келген  Өмүрбек Чиркешович Чотонов менен чиркелип алып, тамактын жаагын айрып жүргөндөй. Отуз жылдан бери  кыргыз саясатына белчесинен баткан Текебаев камактан чыккан соң Нельсон Мандела, Сальвадор Далиге айланып кыргыз саясатынын бүркөк жерлерин ачып, кызуу кандуулук менен кайрадан саясаттын “олимпине” чыгат деп болжоп келинген. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо Атамбаевдик бийлик канчалык бут тоспосун ...

0 3740

Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча Атамбаевдин досу Ахмет Каяны тез арада суракка чакырыш керекпи?

11-ноябрь 2019, 11:29 Айдар Нуралиев

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

0 207

“Антошканын” ижарачысы үй камагына чыкты

11-ноябрь 2019, 11:14 Айдар Нуралиев

“Антошканы” ижарага алып иштеткен адам үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи кабарлады. Маалыматка караганда, мындай чечимди Свердлов райондук соту чыгарган. Эске салсак, 8-ноябрда Бишкектин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан “Антошка” тез татым кафеси жарылып, өрттөнүп кеткен. Кырсыктан бир адам каза болуп, 15 адам жабыркаган. Ошол эле күнү Бишкек ...

0 401

Атамбаевдин эркеси Жээнбековду каматам дейт

11-ноябрь 2019, 11:01 Айдар Нуралиев

Темирлан Султанбеков деген бар. КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү. Акыркы убакта Атамбаевге жакын адам болуп көрүнүп, Жээнбековдорго каршы сөз сүйлөй калып жүрөт. Бул ирет дагы өзгөчөлөнөйүн дегенби, айтоор, эми Асылбек Жээнбековду каматам деп оолугуп калыптыр. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы жеке баракчасына жазып чыккан. Анда ал Башкы прокуратурага Асылбек Жээнбековго карата кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазганына 20 күн ...

0 1484

ВИДЕО: Соцтармакта тараган чочкого окшогон кой жөнүндө билгиңиз келеби?

Видео 11-ноябрь 2019, 11:04 Айдар Нуралиев

Акыркы учурларда социалдык тармактарды ар кандай тасмалар тарап коомчулуктун үрөйүн учурууда. Алсак, кулагы чочконукуна окшош семиз койлор тууралуу тасма тарап, «Кытай кой менен чочкону аргындаштырып, Орто Азияга жиберип жатат. Бул койдун эти өтө кооптуу. Бул чочко менен аргындаштырылган койдон колбаса жасалып жатат. Мындай чочко менен аргындаштырылган койлор Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстанга экспорттолууда. Жакындарыңарга жибергиле!», деген маалымат 3 мамлекетке тараган.

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 220

Эми элестеткиле! Хоккей боюнча курама командабыз Олимпиада 2022 жолдомо алууга жакын калды

11-ноябрь 2019, 11:06 Аман Аскаров

Хоккей боюнча Кыргызстан курама командасы 2022-жылкы Олимпиада оюндарынын тандоо турунда Европанын Босния жана Герцоговина өлкөсүнүн таш талканын чыгарды. Тактадагы эсепти айтсак ишенбейт дагы болсоңор керек. 15:3 эсебинде биздин пайдабызга чечилди. Бул оюн үчүнчү турдун жыйынтыктоочу беттеши болду. Буга чейин Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигин 9:4 жана Люксембургду 5:3 эсебинде утуп, тандоо турунун экинчи баскычына алдын ала өткөн. Тандоо турунун экинчи баскычы ...

0 143

 Күзгү депрессияны эмнелер чакырат? Мелатонин, серотонин, дофамин

11-ноябрь 2019, 11:03 Айдар Нуралиев

Жыл мезгили менен адамдын маанайынын кандай байланышы бар деп ойлойбуз. Албетте, кээ бир сезимтал адамдардын жашоосунда бул абдан чоң ролду ойноору белгилүү. Мисалы, жаздын келиши менен бак-дарак гүлдөп, аба ырайы дагы жылуу болгонго жан дүйнөң жаңыланып, көңүл да көтөрүңкү болот эмеспи. Ал эми күз келери менен күн сууктап, эки күндүн биринде жамгыр нөшөрлөп жаай берет. Ошондуктан күз мезгилинде адамдардын ...

0 400

Жеке ишкер Айэркен Саймаитини Стамбулдан өлтүрүп кетишти

11-ноябрь 2019, 10:41 Аман Аскаров

«Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөнүн негизги каарманы  жеке ишкер Айэркен Саймаитинин өлтүрүлгөнү кабарланды. Мындай маалыматты “Азаттык” Түркиянын басылмаларына шилтеме берүү менен жазып чыкты. Маалыматка караганда, окуя 10-ноябрь кечке маал Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринде болгон. Анда Айэркен Саймаитини белгисиз адам атып кеткен. Ооруканага жеткизилген Саймаити алган жаракатынан каза тапкан. Саймаити «Азаттык» ...

0 658

ВИДЕО - “Жүзү адамдыкына окшош балык” соцтармактын колдонуучуларынын үрөйүн учурууда

Видео 11-ноябрь 2019, 10:34 Бакыт Молдалиев

Жүзү адамдыкына окшош балык тартылган видео социалдык тармактардын колдонуучуларынын үрөйүн учурууда. Автор “Бул балыктын жүзү адамдыкы” деп пост жазып чыгарган.  Видеодо карп балыгы жээкке келип, оозу менен кызыктай кыймылдарды жасап жатканын көрүүгө болот.  Социалдык тармактын көпчүлүк колдонуучулары балык коркунучтуу экенин жана аларга бул жакпаганын билдирип пикир калтырышкан. Соцтармактын бир колдонуучусу “Адам карптын денеси менен” деп тамашалап пикир калтырган. Булак: ...

0 530

Эксперттер спирт ичимдиктерин кайсы өлкө көп ичерин айтышты

11-ноябрь 2019, 10:26 Айдар Нуралиев

Алкоголь ичимдигин эң көп ичкен өлкө деп Литва табылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Эксперттер алкоголь ичимдиктерин эң көп колдонгон 10 мамлекетти аташты. Анда сатылган ичимдиктерди өлкөнүн калкынын санына бөлгөндө, ар бир адамга канча литрден туура келээрин эсептеп чыгышкан. 1. Литва. Ар бир  тургунуна орточо эсеп менен жылына 12,3 литр спирт туура келет. 2. Автралия - 11,8 ...

0 1295

ВИДЕО - Маркум Майра Керим кызынын уулу төкмө Акжолтой Канат каза болду

Видео 11-ноябрь 2019, 10:29 Айдар Нуралиев

Жаш төкмө акын, обончу, маркум төкмө акын Майра Керим кызынын өнөрүн уланткан уулу Акжолтой Канат уулу кырсыктан көз жумду. Бул боюнча акын Бердибек Жамгырчиев өзүнүн социалдык баракчасына жазып чыкты.  Маалыматтарга таянсак, Акжолтой Канат уулу Балыкчы-Кочкор унаа жолунда автокырсыкка учурап, анын кесепетинен үч адам каза болсо, дагы бир адам оор абалда ооруканага жеткирилген.  Булак: NazarNews.kg

0 183

Боливияда революция! Эво Моралес кызматтан кетүүгө аргасыз

11-ноябрь 2019, 10:12 Аман Аскаров

Боливиянын президенти Эво Моралес өзүнүн отставкасын жарыялады. Анын бул кадамына Боливиянын куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калимандын билдирүүсү түрткү болду. Ал президентти кызматтан кетишин туура көрө тургандыгын кечээ жар салган. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести президенттик шайлоодон кийин кызматтан тез арада кетүүсүн талап кылган. ...

0 518

Качкын Булатов:"Кылмыш топтору мамлекеттик кызматкерлерге кол салганы туурабы?"

11-ноябрь 2019, 10:18 Айдар Нуралиев

Укук коргоочу Качкынбек Булатов учурдагы “каралардын” кадамын айтып,  «Мадина» базарындагы жеке ишкерди мисал кылып, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директору К.Ашырбаевдин өмүрүнө бандиттер кол салганына кабатырланганын билдирди. Булатов өлкөдө «каралардын» кадамы барган сайын өлкөдө күчөп жаткандыгын айтып NazarNews.kgге пикирин билдирди. - Жакында Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбеков коргоо кеңешинин жыйынында тоо кен өндүрүшүндө орун алган коррупция жана анын уламдан улам күчөп жаткандыгы жөнүндө ...

0 496

Жанна Фрискенин миллиондук карызын белгилүү артист төлөп берди

11-ноябрь 2019, 10:03 Бакыт Молдалиев

Жанна Фрискенин “Русфонд” кайрымдуулук фондуна болгон 22 миллион рубль карызын белгилүү артист төлөп берди. Бул тууралуу ырчынын атасы Владимир Копылов билдирди.  Карызын жаап берген артисттин атын Фрискенин атасы атаган жок, бирок ал адам карыз төлөө үчүн  2 миллион карыз алганын кошумчалады. “Карыздын баары жабылды. Баары бүттү... Бир адам бизге аябай жардам берди. Ал шоу дүйнөсүнөн”, -деп Фрискенин атасы Владимир ...

0 241

97 пайыз кыргыз жашаган облустун борборунда 80 пайыз орус класстар барбы?

11-ноябрь 2019, 10:09 Темирлан Келдибеков

Кыргызстанда абдан көйгөйлүү маселелер туулуп жаткан. Ачык нерсени жаап салууга болбойт, ал эмес президент Сооронбай  Жээнбеков күйгөнүнөн белгилеп жаткандай, ата-энелер өз балдары менен кыргыз тилинде сүйлөшпөй калды деп. 2019-жылдын 23-сентябрында президент Жээнбеков мамлекеттик тил майрамына арналган салтанатта олуттуу билдирүү жасап, кыргыз тилинин өлкөдөгү абалына, анын статусуна, мындан ары өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө маани берип, бул багытта абалды өзгөртүү үчүн ...

0 373

Милиция кызматкери Гүлсана Жошбаеванын көзүндө катылган жаштын сыры

11-ноябрь 2019, 09:55 Кызгалдак Жакыпова

Өзү назик аялзаты болгону менен эрки күчтүү, жүрөгүндө күйүп турган оту бар милициянын кыздары катарыбызда арбын. Бүгүн Сиздерди мына ошол кесиптештерибиздин бири менен тааныштырганы турабыз, ал Интерполдун ИИМдеги Улуттук борбордук бюросунун ыкчам кызматкери, милициянын подполковниги Жошбаева Гүлсана Султанбековна. Тянь-Шань штурмга алынганда… …Бул окуя мындан 16 жыл илгери, 2003-жылдын июль айында болуп өткөн. 20 адам, анын ичинде «Келечек» жаштар уюмуна ...

0 3248

ФОТО ФАКТ - Урмат Үсөнов кызматта. Спикер Дастан Жумабеков турганда маңка эмес танкасың

11-ноябрь 2019, 10:14 Аман Аскаров

Белгилүү эстрада ырчысы Урмат Үсөнов бүгүнтөн тартып жаңы кызматка киришмей болду. Ал маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Күтүүсүз жаңылык деп жатасыңарбы? Бирок, ал андай эмес! Кеңешчи кызмат бул ырчы үчүн болгону машыгуу. Алкымы чоң. Андан калса сүйүктүү "крыша" агасы Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда ага жалаң гана светофордун жашыл түсү күйөт да. Дегенибиз, NazarNews.kg былтыр, 2018-жылы эле Дастан ...

0 1024

Комузчу Нурзат Орозалиева көз жумду

11-ноябрь 2019, 09:18 Айдар Нуралиев

Комузчу, бир нече күүлөрдүн автору Нурзат Орозалиева 44 жашында оорудан улам каза болду. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, комузчу кечээ, 10-ноябрда көз жумган. Нурзат Орозалиева комузчу эле эмес, күүлөрү менен да белгилүү. Ал акыркы мезгилде Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген. NazarNews.kg маалымат агенттигинин эмгек жамааты Нурзат Орозалиеванын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат. Булак: ...

0 318

Рак, өпкө, жүрөк – кан тамырлар, кант диабети оорулары күчөп баратат, дарыгерлерди ким ардактайт?

11-ноябрь 2019, 08:56 Темирлан Келдибеков

“Биринчи байлык ден соолук” деп кыргыздар илгертеден дени сак өсүү үчүн кам көргөн. Кайсы бир учурда эмчи, бакшы, молдо сыяктууларга ден  соолугун тапшырып берген учурлар да болгон. Бүгүнкү күндөрү кыргыз элинде ден соолуктун камын көргөн ден соолук сакчылары болгон дарыгерлер ар бир айылдарга чейин адамдардын ден соолугунун камын көрүп келишет. Булардын абалдары кандай, алсак  “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери  Бакыт Төрөбаев ...

0 592

Президент болууга далалаттанып казактарга кыргыздарды дүңүнөн сатып ийгиси келген Бабановдун арманы

11-ноябрь 2019, 07:56 Темирлан Келдибеков

Көрүшкөнчө көздөрүмдөн чагылган, Казактарга салган менин көпүрөм. Кыргыз эли сага барбай жаңылгам, Жетпей калып президентке өкүнөм.   Кайырма: Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм. Казак ойлоп күнү-түнү, Кимге айтып күйүтүмдү, Кимге барып өтүнөм.   Таанышкыча табышмактуу казагым, Тандап кеттим Орусия өлкөнү. Пенза жакта цемент завод бар чыны, Артык экен башка жердин көркөмү.   Кайырма: Арбалдым да эми келдим , Ала-Тоону көргөнү. Акча алып  эми келдим , Ала-Тоону көргөнү.   Кала берем мекенимде бийлик деп, Жүрсөм экен камагы жок аман-соо. Кыргыз жерге шайлоо качан келет деп, Көкүрөгүм ...

0 174

Түбөлүк аз айлыктуу ишти, убактылууга көп айлыктуу ишке алмашса болобу?

11-ноябрь 2019, 07:47 Темирлан Келдибеков

 Дүйшөмбү шаарына өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев иш сапар менен барып калса, Тажикстандын Ак үйүнүн төбөсүндө бир чукча отурат имиш. -Эй, ал жакта эмнеге отурасыз? - дейт Мухаммедкалый Абылгазиев. -Мен Тажикстандын президенти Улуу урматтуу Эмомали Рахмонго каршы күчтөргө абай салып турам. Эгер ага каршы күчтөр чогулуп жаткан болсо, көз ачып жумгуча тиешелүү жерлерге билдирип турам.-дейт. -Канча айлык аласыз?-дейт, ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 480

Кыргызстандык Алексей Федосеев аралаш мушташта каршылашынын бетинен тамтык калтырган жок

10-ноябрь 2019, 17:30 Аман Аскаров

Алексеев Федосеев спорт дүйнөсүндө чоң кадыр-баркка ээ кикбоксчу-мушкер. Кыргызстандын, Азиянын, дүйнөнүн үч жолку чемпиону. Өлкөбүздүн желегин далай жолу желбиретти. Чыныгы патриот жигит. Даңазалуу “Гермес профи” спорт клубунда машыккан. Башка мушкерлерге окшоп криминалга аралашпай, өзүн түз алып жүргөн спортчулардын катарында. Жакында ал ММА аралаш мушташ турниринде алгачкы беттешин өткөрүп, аны ийгиликтүү жыйынтыктады. Анын каршылашы Түштүк ...

0 687

«Байкалбаган инфаркт» кандай болот?

10-ноябрь 2019, 17:06 Айдар Нуралиев

Көкүрөгүбүз сайгылашып, кан басым көтөрүлүп, дем кыстыгуу… Болжолу биздин инфаркттын белгилери тууралуу элестөөбүз ушундай болсо керек. Жүрөк кармап калган учурдагы башка белгилер — колдогу, моюндагы оору, баш айлануу, муздак тер. Бирок ар дайым эле ушундай боло бербейт. Окумуштуулар мындай белгилер байкалбаган дагы инфаркт болорун көрсөтүүдө. Гарвард университетинин окумуштуулары мындай учурлар дарыгерлер болжогондон дагы көп болорун айтып чыкты. Жүрөктөн приступ ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83