www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 433

Лунара айткан дүйнө кезээр пенсионерлер аныкталды...

15-октябрь 2019, 18:28 Айдар Нуралиев

Мурдагы Эмгек жана соц өнүгүү министринин орун басары Лунара Мамытова ал кызматта иштеп турганда инстаграмында 6-7 миң сом өлчөмүндөгү пенсияга дүйнө кыдырса болоорун жазган болчу. “Лунара лунадан түштүбү?” деп жер тепкилеп, 7 миң сом менен кантип дүйнө кыдырса болоорун айтышкан тараптар болгон. Чынында эле кантип болушун, биз ал кезде элестет алган эмеспиз. Көрсө, кептин төркүнү башкада жаткан экен. Мамлекеттик ...

0 195

Азимбек Бекназаров: "Атамбаев саясий куугунтуктарды жасаган..."

15-октябрь 2019, 18:12 Айдар Нуралиев

“Бульдезор” каймана аты менен таанымал болгон саясатчы Азимбек Бекназаровдун саясаттагы орду баарына эле белгилүү. Эки революциянын негизги локомотиви болгон деп жүрүшөт. Анысында арсар ой деле жок. Мына ушул жагына шык алганы, ык алганы белгилүү эмеспи. Жакында абакта жатка мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектиги боюнча оюн билдирди. Буга чейин ал: «Атамбаевди качырып жибербеш керек. Ал 6 жылда ...

0 126

Тарыхый окуя. Биринчи жолу марафон 2 саатка жетпей багынды

Видео 15-октябрь 2019, 18:05 Айдар Нуралиев

Кениялык жөө күлүк Элиад Кипчоге марафон аралыгын 2 саатка жетпей багынткан биринчи адам болуп калды. Бул окуя 12-октябрда катталды. Ал 42 чакырым 195 метр аралыкты 1 саат 59 мүнөт 40 секундда чуркап өткөн. Тилекке каршы, бул рекорд деп расмий түрдө катталбайт, себеби Венада өтүп жаткан бул марафон IAAFтын программасына кирбейт. Ийгилик кокусунан эле жаралып калган жок, Кипчоге рекорд жаратууга ...

0 411

Турсунбай Бакир уулу: “Атамбаев сотко келбесе, эч күнөөсү жок эле адамдар камалып кетиши мүмкүн”

15-октябрь 2019, 19:34 Алтын Булат

2013-жылы апрель айында кримтөбөл Азиз Батукаев эркиндикке чыккан. Болбосо ал 2006-жылы 3-августта адам өлтүрүүгө айыпталып, 16 жыл 8 айга кесилип, жазасын Нарындагы күчөтүлгөн абакта өтөп жаткан. Кыскасы, мурдагы парламенттеги депутаттык комиссиянын мүчөсү Турсунбай Бакир уулу маселенин чоо-жайын айтып, пикирин “NazarNews” маалымат агентиги менен бөлүштү. - Турсунбай ага, убагында Батукаевдин эркиндикке чыгышына күнөөлүүлөрдү депутаттык комиссия иликтегенсиздер. Ошонун жыйынтыгы эмне ...

0 355

“Республика – Ата Журт” парламенттик шайлоого даярдана баштадыбы?

15-октябрь 2019, 18:06 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда кайрадан саясий жүрүштөрдүн курч алганы байкалууда. Жаңы саясий сезондун башталышы менен партиялар 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдана башташты. Жогорку Кеңеште мандат саны боюнча экинчи орунда турган «Республика – Ата Журт» фракциясы шайлоого азыркы курамында катышпастыгын «Ата Журт” партиясынын мурдагы лидери Камчыбек Ташиев айтып чыкты. Бабанов шайлоолорго шайы деле келбей турат. Бирок, баруу боюнча ниети күч экени айтылып ...

0 216

Абактагы Атамбаевди сотко алып келе албай жатышат

15-октябрь 2019, 17:59 Айдар Нуралиев

Кечээ, Биринчи Май райондук сотунда абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча баштапкы сот иши каралып, ал ишке тийиштиги бар делинип жаткан мурдагы президент А. Атамбаев бул жолу да келбегендиктен бүгүнкү күнгө жылдырылды. Сот ЖАМКга Атамбаевди эртеңки сотко алып келүүнү камсыздоо тапшырмасын да берилгенин кошумчалады. Журналисттердин “Атамбаев күч менен алып келиниши мүмкүнбү?” деген суроосуна “андай норма жок” деп ...

0 211

Турускуловду туйлаткан чындык эмне?

15-октябрь 2019, 17:57 Айдар Нуралиев

“Өрдөк жокто чулдук бий” дегендей, Бабановдун башына кара туман айланып турганда анын жанындагы жактоочу, мактоочу, колдоочу болуп тураар азаматтары анын далысына жакшы эле бычак сайышты. ЖКнын ичинде партиянын бир топ депутаттары болгон менен бир тобу балык болуп берди. Зарылбек Рысалиев, Тариэл Жоробеков сыяктуу депутат болууга кымындай шансы жокторду өз чөнтөгүнөн каржылап болсо да катарга кошуп, акыры депутат кылды. Бирок, ...

0 124

Шаардын мэрин ким шайлайт?

15-октябрь 2019, 17:54 Айдар Нуралиев

МЕЛИС АСПЕКОВ, ЖАШ САЯСАТЧЫ: -Шаар бул тирүү организм,ал организмдин жүрөгү Дал ушул мэр болот. Ошондуктан менин жеке оюмда, мэрди шаардын тургундары түз шайлаш керек. Себеби, кыргыз айткандай, калк айтса калп айтпайт дейт. Азыр мэрди шаардык кеңештин депутаттары шайлашат, бул коррупцияга түздөн-түз жол. Акчасы бар, мэрге талапкерлигин койгон бай талапкер, азыркы шаардык депутаттарды оңой эле сатып алат, системаны ушул боюнча ...

15-октябрь 2019, 17:54 | 124
0 170

ВИДЕО - Депутат райондогу мектептердин алдыңкы мугалимдеринин башын кошту

Видео 15-октябрь 2019, 17:45 Бакыт Молдалиев

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров Ноокат районундагы жалпы мектептердеги алдыңкы мугалимдер үчүн атайын майрамдык программа уюштуруп, алардын арасынан аксакалдарына өзгөчө белектерин тапшырды. Аны менен катар өлкө тарабынан берилген мамлекеттик сыйлыктарды ээлерине салтанаттуу тапшырды. Булак: NazarNews.kg

0 635

Путин үчүн атайын МАИ. Эмираттарда Путиндин кортежин кайсы унаалар коштоп жүрдү?

Видео 15-октябрь 2019, 17:16 Айдар Нуралиев

Интернетте Орусиянын президенти Владимир Путиндин Бириккен Араб Эмираттарына барган учурундагы кортеждин видеосу чыгып кетти. Владимир Путин расмий сапар менен Бириккен Араб Эмираттарына барган. Абу-Даби шаарында президенттин кортежин жергиликтүү номер тагылган, бирок капотторуна ДПС деп орусча жазылган Мерседестер коштоп жүргөн. Маалыматтарга караганда, бул жазууну Путинге урмат көрсөтүү үчүн чаптап коюшкан. Булак: NazarNews.kg

0 220

Эрдоган улуттук валюта менен соода кылууну сунуштады

15-октябрь 2019, 16:54 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган түрк тилдүү өлкөлөр улуттук валюта менен соода кылышы зарыл деп билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-октябрда Баку шаарында өтүп жаткан түрк мамлекеттеринин кызматташуу кеңешинде сүйлөп жатып айтты. - Долларды колдонуу тобокелчиликтерди арттырат. Доллардын басымын азайтуучу механизмди иштеп чыгыш керек. Түрк мамлекеттеринин ичинде улуттук валютада гана соода кылуу туура деп эсептейм., -дейт түрк ажосу. Белгилей ...

0 1396

Бишкекте “Суперкыз” пайда болду

Видео 15-октябрь 2019, 16:48 Айдар Нуралиев

Социалдык тармактарда супер баатырдын кийимин кийген кыздын таштанды чогултуп жаткан видеосу тарады. Видео качан, кайсы жерде тартылганы белгисиз. Бирок, Бишкектин түштүгүндөгү панорамада тартылганын болжолдоого болот. Кадр артындагы жигиттин суроосуна, ал кыз өзүн “Суперкыз” деп атаганын угууга болот. Булак: NazarNews.kg

15-октябрь 2019, 16:48 | 1396 |
0 1108

Кей-поп жылдызы Соллинин жансыз денеси табылды

15-октябрь 2019, 16:38 Айдар Нуралиев

Түштүк Кореянын кей-поп жылдызы, F(x) тобунун мурунку солисткасы Солли деген ат менен белгилүү Чхве Ри каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 25 жаштагы Соллинин сөөгү Сеулдан алыс эмес аймактагы өз үйүнөн табылган. Ырчы менеджери менен байланышпай калганынан улам, менеджери ырчынын үйүнө барган. Ал жактан кыздын өлүгүн таап, полицияга кабарлаган. “Биздин акыркы баарлашуубуздан кийин, Солли ...

0 187

Ит аткычтар барбы? Иттен дагы жаман чиновниктерди ата тургандарчы...

15-октябрь 2019, 16:19 Алтын Булат

Бишкек шаарында жолбун иттер көбөйдү. Бул боюнча кайда барып даттанарын билбей суроо салган шаардыктар бар. Алардын айтымында, мектептин жанында топтошкон мындай иттерден коркуп калган окуучулар ата-энелерине даттанышкан. Маселеге жооп алуу үчүн мэриянын басма сөз кызматына кайрылдык. Бирок, азырынча жооп боло элек. Балким учурда жолбун иттерге караганда, Бишкек мэриясында иштеген чиновник “иттерден” тазалануу маанилүү болуп жаткандай. Антпесе жаныбарга караганда андай ...

0 167

Азаматтар! Монголия – Кыргызстан: 1:2. Футболчуларыбыз жеңишке жетишти

15-октябрь 2019, 16:18 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттеш өткөрдү. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталган. Оюндун жыйынтыгында 1:2 эсеп саны катталып, Кыргызстан 3 упайга ээ болду. 1-таймда Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти. Ал эми ...

0 120

Байпакты тизеге чейин кийет, Байпакбаев тизеден өйдө көтөрдү

15-октябрь 2019, 15:54 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде Өкмөттүн мамлекеттик бюджеттердин аткарылышы боюнча отчетторун парламентте кеӊири талдоого алууга жол ачуу максатында иштелип чыккан .“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Демилгечи депутат – Экмат Бакбакпаев. Демилгечи мамлекеттик органдардын парламентке берген отчетун чагылдыра турган автоматташтырылган тутумду ишке киргизүү зарыл экенин баса белгиледи. «Эсептөө палатасынын чоӊ көлөмдөгү аудитинин жыйынтыгы кагаз ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 523

Көрдө өткөргөн 3 күн. Тирүүлөй көмүлгөн ымыркайды таап алышты

15-октябрь 2019, 15:42 Айдар Нуралиев

Ортодогу баласынан ажыраган жубайлар тирүүлөй көргө көмүлгөн ымыркайды таап алышты. Ымыркай көрдө 3 күндөй жатып калган. Таап алгандар аны биротоло багып алууну каалап жатышат. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты. Маалыматтарга караганда, Индиянын Уттар-Прадеш штатынын Кумар деген тургунунун келинчеги ара төрөп, натыйжада чарчап калган. Алар чарчап калган ымыркайын мүрзөгө көмгөндөн кийин, жер астынан ыйлап жаткан үндү угушкан. Кумар ый ...

0 171

Батукаевдин соту негизги айыпталуучусу жок өтөт

15-октябрь 2019, 15:13 Айдар Нуралиев

Бүгүнкү кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз абактан бошотулушу боюнча баштапкы соттук жыйынга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы алынып келинген жок. Мындан аркы соттук жыйындар да Атамбаевсиз өтмөкчү. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Эске салсак, сотко катышпоосун билдирген Атамбаев «баштапкы соттук жыйынды менсиз эле өткөрө бергиле» деп арыз жазып, аны сот канааттандырганы белгилүү болду. Атамбаев буга чейин да 2 жолу ...

0 133

Монголия – Кыргызстан: 0:2. 1-таймдын жыйынтыгында футболчуларыбыз алдыда

15-октябрь 2019, 15:01 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Монголия курама командасы менен беттешүүдө. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталды. Учурда оюндун 1-таймы аяктап, 0:2 эсеп саны менен футболчуларыбыз алдыда. Гүлжигит Алыкулов менен Мирлан Мурзаев атаандаштардын дарбазасына бирден гол киргизишти. Тандап алуу оюндары ушул жылдын ...

0 527

Жаңы “Кудай” тууралуу эл эмне дейт?

15-октябрь 2019, 17:00 Айдар Нуралиев

12-октябрда, Жогорку Кеңештин имаратынын алдында азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылган митинг өткөн. Бул акцияга 20га жакын адам, негизинен аялдар катышкан. Социалдык тармактарга тараган сүрөттөрдө көрүнүп тургандай, булар Арстан Алайдын тарапташтары экен. Митингдин катышуучулары колдоруна: "Сооронбай Жээнбеков Ааламдын XXI кылымдагы талаптарын билбейт. Ошондуктан ал тынчтык жолу менен отставкага кетиши керек", "Эски түшүнүктөгү саясатчылар бизди каатчылыкка, туңгуюкка кептешти. Биз ...

0 136

Ысык-Көлдү депутаттар кантип тазалайт?

15-октябрь 2019, 14:40 Темирлан Келдибеков

Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Комитет депутаттары «Ысык-Көл биосфера аймагын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, КР Жоруктар жөнүндө кодексине, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору менен ага байланыштуу «Ысык-Көл» биосфера аймагында суу чыгаруу (агымдылоо) жана тазалоо курулмалары жөнүндө» мыйзам долбоорун 1-окууда талкуулашты. Демилгечилердин бири ...

0 171

Собчак жазага тартылабы?

15-октябрь 2019, 14:28 Айдар Нуралиев

Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы “Орусиянын ардагерлери” партиясынын төрагасы Ильдар Резяповдун Ксения Собчактын Крымды ээлик кылуу жөнүндө айткан сөзү боюнча арызын карап чыгат. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасына түшкөн арыз алдын ала алынган далилдерди эске алуу менен каралып чыгып, профилдик бөлүмдүн кароосуна киргизилген. Россиянын президенттигине талапкер Собчак 5-сентябрда украиналык “Новое время” радиосунун ...

15-октябрь 2019, 14:28 | 171
0 145

Түз эфир: Кыргызстан-Монголия. Ак шумкарларды сүрөп туралы!

Видео 15-октябрь 2019, 14:33 Бакыт Молдалиев

2022-жылы Катарда өтчү дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндар алкагында Монголия-Кыргыз беттеши башталды. Оюн “F” тайпасындагы 4-турдун алкагында өтүүдө. Кыргызстандын курама командасынын бул оюну үчүнчү болуп саналат. Оюнду Ливандын калыстар тобу тейлешүүдө.  

0 1725

Калыстыктан тайган министр Каныбек Исаков эми жакындарына “Кыргыз Эл Баатырын” берсин

15-октябрь 2019, 14:01 Темирлан Келдибеков

Каныбек Исаковдун мойнуна өкмөттүн “серый кардиналы” Эмил Бузурманкулов минип алып, Оштон сүйрөп министрге алып келген экен. Айласыздан айтылган сөз. Анткени, Билим жана илим министри 23-жаштагы жакынына “кол ийрисине тартып кетип” студенттик скамейкадан турар менен “Жыл мугалимин” алып берип, ага шылтоолоп “Эл агартуу отличнигин” алып бергени анын уятсыздыгы. Эгер калыс, адилет болсо: “Биздин мамлекетте жүз миңдеген мугалимдер армиясы бар. Алардын ичинде ...

0 1238

СҮРӨТ - Порно тасмадагы эжей, ээн баш окуучулар жазаланды

15-октябрь 2019, 13:54 Алтын Булат

Тамаша, чындыкка жанаша болуп чыкты. Тагыраагы эжейин тамашага салгысы келген окуучулар өздөрү байкабай чындыктын бетин ачып алышты. Мугалим ыңгайсыз абалда калды. РФнын Кемерово областындагы коллеждердин биринде болгон бул окуя тууралуу Телеграм-каналында маалымат пайда болду. Анда айтылгандай, кадимки окуу күндөрүнүн биринде окуучулар интернеттен өздөрүнүн эжейине окшош аял бир эркек менен интимдик катнашка барып жаткан учурун таап алышат. Ошентип алар бул ...

0 374

Ош милициясы “Женгону” кармады

Видео 15-октябрь 2019, 13:50 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 15-октябрда Ош шаарында “Женго” каймана аттуу белгилүү кримтөбөл Кадыр Досонов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ИИБинен билдиришти. Маалыматка караганда,  МАИ жана ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери биргеликте "Ураган" аталган рейд өткөрүп жаткан убакта номуру жок Мерседес 320 автоунаасы токтотулган. Бирок айдоочусу баш ийбей кетип калгандыктан, күч кызматкерлери машинени артынан кууп барып токтотушкан. Анда Досонов баратканы белгилүү ...

15-октябрь 2019, 13:50 | 374 |
0 327

Атамбаевдин Пархати деген “пацан” досу ким деги?

15-октябрь 2019, 13:17 Бакыт Молдалиев

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин “сыйкырдуу”, ары сырдуу бизнес өнөктөшү Субихи Пархатинин кармалышы коомчулукта резонанс жаратты. Себеби, Атамбаевдин коррупцияга шектелип жаткан кылмыш иштеринин бири дал ушул Пархатиге байланыштуу жана анын кармалышы менен эми дагы буга чейин белгисиз болгон көпчүлүк сырлардын ачыкка чыгышы күтүлүүдө. Себеби, Пархати саясатчы эмес. Ага акча үчүн эми Атамбаев эмес, өз башынын эркиндиги кымбат тураарын жакшы ...

0 704

Токтогулдун милициясы карылардан кабар алды

15-октябрь 2019, 13:07 Айдар Нуралиев

Октябрь айынын башынан тартып Жалал-Абад ОИИБи тарабынан карылардан кабар алуу, аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча бир топ алгылыктуу иш-чаралар жүргүзүлүп келинүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, бул максатта жана Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, Токтогул РИИБдин жетекчиси Замирбек Ормонов өздүк курамдын атынан КРнын ИИОнун 77 жаштагы 2 ардагеринен жана көп жылдар бою билим ...

0 669

Акылбек Жапаровдун мылтыгы кыргоолдорду өзү эле атат же анын ДАМАСы эмнени түшүндүрөт?

15-октябрь 2019, 13:09 Темирлан Келдибеков

2010-жылы таластыктардын капчыгына акча сала коюп курмандык болгондон кутулган Акылбек Жапаров акыркы мезгилде мылтык көтөрүп эле түшкөн сүрөттөрүн ар кайсы соцтүйүндөргө берип калды. Угушубузча Акылбек Жапаров кыргыздын “Кызыл китебине” түшкөн паспорту жок кыргоолдорду кырып жоготом деп кыйла кишиге убада берген имиш. Ал вассал болуп жүргөн Данияр Үсөнов “Колума курал алып бийликти коргойм” - деп жүрүп, кыргыздын жигиттерин шейит ...

0 223

Ак-Талаада жаңы аким, ал ким?

15-октябрь 2019, 12:41 Алтын Булат

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрация башчысы алмашты. Буга чейин бул кызматты аркалап келген Нурбек Молдокадыров 1-октябрдан тарта Нарын шаарынын мэри болуп шайланган. Эми анын ордуна Сейтек Кулубаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Ак-Талаанын 48 жаштагы жаңы акими Кулубаев буга чейин, Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Чүй областы боюнча координатору болчу. Ошондой эле, ал 2006-10-жылдары Ак-Талаа районунун ...

15-октябрь 2019, 12:41 | 223
0 239

Оңду, солду Чыңгыз Айтматов жана кыргыз бийлиги

15-октябрь 2019, 11:53 Темирлан Келдибеков

Айтматовдун чыгармачылыгы Раззаков, Усубалиев, Масалиев, Акаев, Бакиевдин бийлигине туш келет, деги анын бийлик менен алым-катнашы кандай болду эле? Бул ой -пикир жекече ой-пикир, ар кимдин ойлогону ар кандай: 1. Исхак Раззаков менен жаш Айтматовдун иши деле болбосо керек, бирок 1958-жылы Москвада жарык көргөн «Жамила» повести атактуу жазуучулар Мухтар Ауэзов менен Луи Арагонго жагып Айтматов дүйнөлүк даңазага ээ болгон. Казак Мухтар Ауэзовго ...

0 136

“Ак шумкарлар” бүгүн тайпада экинчи орунга көтөрүлүшү мүмкүн

15-октябрь 2019, 11:52 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бүгүн, 15-октябрда, 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында, Монголия курама командасы менен беттешет. Улан-Батор шаарындагы борбордук стадиондо өтө турган оюн Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Курама командабыз Мьянмага каршы матчтан кийин Улан-Баторго учуп кеткен болчу. Тандап алуу оюндары ушул жылдын 5-сентябрында башталган. Кыргызстандын «Ак шумкарлары» алгачкы беттешинде Тажикстанга 0:1 эсеби ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 170

Спикер Дастан Жумабеков баштаган депутаттар эс алууга кетишти

15-октябрь 2019, 11:35 Алтын Булат

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков баштаган делегация Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Курамында парламент депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Динара Исаева, Гүлшат Асылбаева, Өмүрбек Бакиров, Жаныбек Исаев жана Бакирдин Субанбеков бар. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендерге таянсак, 14-16-октябрга чейинки үч күндүк сапардын алкагында алгач бир катар Латвия лидерлери менен жолугушуулар болот. Андан соң ал сапар Литва ...

0 287

Алмазбек Атамбаев дагы спектакль коймокчу

15-октябрь 2019, 11:24 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев сотко аны күч менен алып бара турган болушса ачкачылык жарыялай турганын билдирген. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына анын жактоочусу Замир Жоошев билдирди. “Атамбаев азыркы учурда УКМКнын СИЗОсунда. Анын абалы канааттандырарлык. Эгер ал бир же эки жолу тамак ичпей койсо, ден соолугу ошол замат начарлап кетиши мүмкүн”, -дейт жактоочусу. Атамбаев “Эгер сот жана өкмөт менин ...

0 195

Ырыс Окенова "Азаттыкты" сотко берди

15-октябрь 2019, 11:27 Айдар Нуралиев

Калп маалымат жазган үчүн "Азаттык" үналгысын жаш да болсо, эл оозуна алынып, жалпы журтка белгилүү болуп калган режиссер Ырыс Окенова сотко берди. Ырыс Окенованын сотко кайрылуусуна "Акшоола" сериалы тууралуу "Азаттык" үналгысынын чындыкка дал келбеген макаласы себеп болгон. Эске салсак, режиссер Ырыс Океновадан тактабай эле, божомолдун негизинде "Азаттык" үналгысы "Мамлекет же КТРК тарабынан "Акшоола" сериалына 250 миң доллар бөлүнгөн" деп ...

0 319

Малайзиянын падышасы менен “Москва сулуусу” сүрөт үчүн ажырашканбы?

15-октябрь 2019, 10:56 Айдар Нуралиев

Малайзиянын мурунку падышасы Мухаммад V менен “Москва сулуусу-2015” Оксана Воеводинанын Москвада өткөн үйлөнүү тоюндагы сүрөт социалдык тармактарга тарап кеткени үчүн никеси бузулган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Мухаммад V менен Воеводина 2017-жылы Европада таанышкан. 2018-жылы апрелде Оксана ислам динин кабыл алып, Рихана деген мусулман атка өткөн. Эки айдан кийин экөө мусулмандардын салты менен үйлөнүшкөн. 

0 420

Атамбаевдин "Форумун" сатып алган Субихи Пархати кармалды

15-октябрь 2019, 10:45 Айдар Нуралиев

Мурунку президент Алмазбек Атамбаевге карата козголгон кылмыш ишинин алкагында ишкер Субихи Пархати кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жеке булактарына таянуу менен жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Субихи Пархатиге кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу билдирүү берилген. «Буга чейин ишкерге издөө жарыяланган. Биринчи Май райондук соту ага карата сыртка чыкпоо тууралуу баш коргоо чарасын тандаган. Алдын ала маалыматка таянсак, Субихи Пархати кирешелерди ...

0 149

Бюджетке 2020-жылга жалпы көлөмү 183 млрд 708 млн сом акча сарпталат

15-октябрь 2019, 10:42 Темирлан Келдибеков

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде келерки жылга карата республикалык бюджеттин долбоору каралды. Комитеттин жыйынына КР биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов жана башка тиешелүү мамлекеттик мекемелердин жетекчилери катышты. Каржы министринин орун басары Алмазбек Азимов 1-окуудагы «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Берилген маалыматка ...

0 146

Төрага Дастанбек Жумабеков Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды

15-октябрь 2019, 10:41 Айдар Нуралиев

Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Латвия Республикасына расмий иш сапар менен барды. Сапардын алкагында бир катар жолугушуулар өтөөрү мерчемделген. Анын ичинен Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган делегация Латвия Сейминин Төрайымы Инара Мурниеце, Президенти Эгилс Левитс жана тышкы иштер министри Эдгар Ринкевич менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

0 528

ФОТО - Бойдок президент Касым-Жомарт Токаевдин жалгыз уулунун сүрөтү алгачкы ирет жарыяланды

15-октябрь 2019, 10:59 Бакыт Молдалиев

Саясатчы жана Мангистау областынын акиминин штаттан сырткаркы кеңешчиси Ербол Едилов Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаевдин жалгыз уулу Тимур Токаевдин сүрөтүн жарыялаганын казак басылмалары жазып чыгышты. Аны менен бирге ал Едилов Тимур Токаев тууралуу да учкай маалымат тараткан. Андагы маалыматтарга ылайык, Тимур Токаев 2009-жылы Казакстандын Батыш өлкөлөрүнө болгон стратегиялык кадамдары тууралуу кандидаттык диссертациясын жактап, саясий илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган. Тимур Токаев 1984-жылы туулган. Учурда ...

0 957

Арстан Алайдын айтканы төп келбей Атамбаев камалып калган...

15-октябрь 2019, 10:24 Айдар Нуралиев

Кыргызстанда учурда социалдык тармактарда  актар менен каралар согушу күч алып, социалдык тармактын бетинде айрым обу жоктор оозуна келгенди оттоп, каалаганын калчап жатышат. Алардын алдыңкы катарында, кызуу талкуу жаратып, элди кыжырданткандардын бири, “президентмин”, "Кудаймын" деп тааныткысы келген Арстан Алай. Ал Кой-Ташта ызы-чууда жүргөн саясатчы Равшан Жээнбековдун телекомпаниясында иштеп, телекөрүүчүлөргө өзүн Кудаймын деп ишендирүүдө. Учурда бул "Кудай" социалдык тармакта катуу талкууга алынып жатат. ...

0 1452

ВИДЕО - Күнүмдүк колдонулган памперстен курт чыкты

Видео 15-октябрь 2019, 10:44 Айдар Нуралиев

Социалдык түйүндөрдө памперстин ичинен курттар чыккан видео таркады. Тасмага таяна турган болсок, аталган окуя Казакстанда болуп өткөн.  Кыска тасмада, белгисиз казак жарандары балдар жалаягын кайчы менен кескенде  ичинен майда курттар чыгып жатканын көрүүгө болот. Окуя качан, кайда болгону тууралуу азырынча так маалымат жок. Тасма Фейсбук социалдык тармагына 24 саат мурун жүктөлгөн.  Булак: NazarNews.kg

0 150

Баку: Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев эмне тууралуу “кобурашты”?

15-октябрь 2019, 10:08 Бакыт Молдалиев

Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) 7-жыйынына катышуу учурунда Казакстантын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. Жолугушуу Баку шаарына учуп бараары менен Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортунда өттү. Маалыматтарга ылайык, “бисмилла” дегенде эле Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Түрк кеңешинин ардактуу төрагасы болуп шайланышы жана Түрк ...

0 360

Өлкөдө өзгөчө оргиналдуу куудул бар

15-октябрь 2019, 10:04 Алтын Булат

Керек болсо ал дүйнөдө жалгыз экземпляр Арстан Алай деген. Ии ошол, ошонун эми тамашасын мен... анан көптөр түшүнөт. Бирок өзү түшүнбөйт, образга кирип кетет. Чын айтам ал киши тамашаны ушунчалык ишендире айткандыктан, ал айткандарына кийин өзү кошо ишенип алат. Эми анын айткандарын талдай кетели. Мына бир кездери ал уктап жатып түшүндө кыш болбой калганын көрөт. Анан чоочуп ойгонуп, олтуруп ...

0 237

Рианна араб миллиардери менен болгон мамилесин ачыктады

15-октябрь 2019, 09:22 Айдар Нуралиев

Америкалык белгилүү ырчы, актриса Рианна Vogue журналына берген маегинде Сауд Арабиялык миллиардер Хассан Жамил менен болгон сүйүү мамилесин ачыктады. Айтканына караганда, ал дүйнөдөгү эң бай үй-бүлөөнүн мүчөсү менен 2017-жылдан баштап жолугуша баштаган. Экөө мамилесин коомчулуктан канчалык жашырбасын, баары бир папарацци экөөнүн Испаниядагы виллада эс алып жатканын тартып алууга мүмкүн болгон. Рианна буга чейин араб миллиардери менен болгон мамилеси жана ...

0 163

АКШ Түркияга каршы санкция киргизди

15-октябрь 2019, 09:16 Айдар Нуралиев

АКШ түрк куралдуу күчтөрүнүн Сирия түндүгүндөгү операциясына байланыштуу Түркияга каршы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди.  Secretary Pompeo✔@SecPompeo The U.S. is now implementing sanctions authorities related to #Turkey’s ongoing military offensive in northeast #Syria, which is endangering civilians and severely undermining the D-ISIS ...

0 306

Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт?

15-октябрь 2019, 13:56 Темирлан Келдибеков

«Эл бөрү болсо бөрү бол, эл түлкү болсо түлкү бол»-деген кеп бар.Бүгүнкү соттор жүзүнө беткап кийип алган кечээки эле Атамбаевдин сүйүктүү кадрлары. Камактагы Атамбаев эмне үчүн сотторду тоготпойт: Соттор бийлик алмашып кетсе, кайрадан Атамбаевдин колуна түшүп калабызбы деп опкоолжуп турушат. Эгер алар Атамбаевдин ачуусуна тийишип,кайрадан ал бийликке келе турган болсо, тирүүлөй азабын берерин далысынан сезип турушат. Атамбаев кечээ даңазалап жүргөн ...

0 260

Владимир Путин Сауд Арабияга эмнеге барды?

15-октябрь 2019, 09:13 Айдар Нуралиев

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиянын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү SPA агенттиги билдирди. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Путин Сауд Арабияга 14-октябрда барды. Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында Путин мунай боюнча келишимге ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 142

Президент Р. Т. Эрдоган Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту

15-октябрь 2019, 09:10 Айдар Нуралиев

Түрк Кеңешинин 7 -  саммитине катышуу үчүн барган Азербайжандын борбор шаары Бакуда жолугушууларын баштаган Эрдоган Азербайжандын президенти Алиев менен жолугушту. Загулба сарайындагы массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн жолугушуу 1 саат 10 минутага созулду. Бул тууралуу трт.нет кабарлады.  Президент жолугушууларынын негизинде бүгүн Түркия  - Азербайжан Иш Кеңешинин жыйынына катышат,эртең Түрк Кеңешинин мүчөлөрүнүн лидерлери менен жолугушуу өткөрөт. Түрк Кеңешинин 7 -  ...

0 277

Роза Аманованын студенттери мушташа кетишти

15-октябрь 2019, 09:07 Айдар Нуралиев

Бишкектеги Эл аралык медициналык университеттин студенттеринин ортосунда массалык мушташ болду. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматка караганда, массалык мушташ кечээ, 14-октябрда болжол менен 15:30да Бишкектин Тунгуч кичирайонунда болгон. Чыр-чатак Пакистандан келген студенттер ортосунда болгон. Ал эми милиция массалык мушташ болбогонун билдирүүдө, жөн гана талаш-тартыш жаралган. Милиция бөлүмүнө 30дан ашуун студент алынып келинип, ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83