Бейөкмөтчүлөр талашы: 1 млн. 200 миң доллар “аламан улакта”

Бейөкмөтчүлөр талашы: 1 млн. 200 миң доллар “аламан улакта”

Өлкөбүздө күздө боло турчу парламенттик шайлоонун айланасындагы бардык процесстерди дискредитациялоо максатында сырткы күчтөр, өзгөчө батыштын акырынан жем жегендер болгон аракеттерди көрүүдө деген маалыматтар буга чейин көп эле жазылып келген.

Мындай деструктивдүү максатта Кыргызстандагы бейөкмөтчүлөргө жана айрым ММКларга акча каражаттары бөлүнүп, алар ар кандай тегерек столдорду уюштуруп, шайлоонун эрежелерин сындап, коомго бүлүк салууга, ишенбөөчүлүк жаратууга аракет кылышкан. Эми батыш тарап кийинки транш катары шайлоону мониторинг кылууга акча бөлүп берет экен.

Өлкөдөгү көп сандаган бейөкмөт уюмдар бөлүнө турчу 1 млн, 200 миң долларга «аламан улак» байге ала турчудай бири-бири менен жөөлөшүп, урушуп, түшө элек акчаны кызганышып, узун кезекке туруп жатышыптыр. Көбүрөөк же азыраак акча тийип калып, мушташ чыгып кетпесе экен деп бери жактан биз сарсанаа…

Булак: «De-facto»

Назар Новости