Ѳлүм төшөгүндө болгон ажайып бир окуя

Ѳлүм төшөгүндө болгон ажайып бир окуя

Басра шаарында бир өмүр бою адал оокат кылып, ыйман жолунда жүргөн инсандын ажалы жетип өлүм төшөгүндө жатты. Анын бул дүйнө менен кош айтышаарын билген туугандары тегеректешип алып ыйлап жатышты. Алардын ага ушунчалык ыйлашканын көрүп:

– Мени төшөктөн чыгарып отургузгулачы – деп суранды. Туугандары анын өтүнүчүн дароо орундатышты. Анда ал атасына карап:
– Оо атаке сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – деди. Атасы баласына көзүнөн жашы токтобой:
– Ай балам ай, сени жоготуп, өзүм жалгыз каламбы – деп, ыйлап жатам деди. Андан соӊ энесине кайрылып:
– Оо энекем, сизди эмне анчалык ыйлатып жатат? – дегенде, жүрөгүмдү жаралантып кетип жатасың ал мен үчүн айыкпас дарт – деди. Андан соӊ жубайына карап:
– А сени эмне анча ыйлатып жатат? – деди. Жубайы да көздөн жашын агызып:
– Сенин жакшылыгыңдан айрылдым. Эми сенден башка адамдын көзүнө карап каламбы? – деп, ыйлап жатам деди. Андан соң балдарына карап:
– Силер эмне үчүн ыйлап жатасыңар? – деп, сураганда:
– Биз сизден айрылып жетим калабызбы, мындан кийинки жашообуз кандай болот? – деп, ыйлап жатабыз дешти. Алардын баарынын жоопторун уккан соң ал адам өзү ыйлап кирди. Баары ыйларын токтотуп андан сурап киришти:
– А сени эмне ыйлатып жатат? – дешип. Анда ал адам аларга карап:
– Мен силерди көрүп ыйлап жатам, ар бириңер өз жаныңарды ойлоп ыйлап жаткан турбайсыңарбы мага эмес? – деди. Кайра эле аларга карап:
– Силердин араңарда менин узак сапарга чыгаарымды ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин жатар жайым жабынаар жуурканым кара топурак экенин билип ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин эсеп күнүмдү ойлоп ыйлаганыңар барбы?!
– Силердин араңарда менин Жараткандын алдында кандай туруп жооп береримди ойлоп ыйлаганыңар барбы?! – деди да, жүзү менен жерге карай жыгылды. Аны кайра жерден көтөрүшкөн кезде анын жаны чыгып кеткен болчу.

Булак: "kg.insan"

Назар Новости