Турсункулов эле тынч экен

Турсункулов эле тынч экен

Ири бийликтин бутагында отургандар жалаң эле майкөл, сүткөлдө боло бербесин турмуш өзү тастыктап жатат. Тилекке каршы баарынын эле эрки бекем эместигин да байкап жүрөбүз. Маселен, 2010-жылы апрелдеги төңкөрүштө көптөгөн генералдар, чиновниктер камалып кетишти. Айрымдар катуу жабыркашып, кээ бирлери майып болуп калышты. Түрмө деген курорт эмес да. Ошолордун арасында мурдагы баш прокурор Нурлан Турсункулов да бар болчу. Шүгүр дейли, анын эркиндикке чыкканына кыйла убакыт болуп калганын билебиз. Айтайын дегенибиз ал башкаларга окшоп опурулбай, жапырылбай эле жашоосун өткөрүп жатканы ырас. Негизи арканды алыска ыргыткан, топуктуу Турсункулов эле тынч экен. Ким билет, убактысы келгенде билимдүү, калыс бул жигитти бийик кызмат тепкичтеринен көрүп калаттырбыз. Элге жакын, сыйлуу мырзалар жерде жатпагандыр…

Булак: «Ачык сөз»

Назар Новости