Видео:адахан мадумаров: "коррупция менен күрөшкүлө деп кайра коррупционерлерди башына илип коюп отурабыз"

ВИДЕО:Адахан Мадумаров: "Коррупция менен күрөшкүлө деп кайра коррупционерлерди башына илип коюп отурабыз"

Бүгүн, Бишкекте коррупцияга каршы аракеттерди талкуулаган жыйында "Улуттук Кеңешмеге мурда журналисттерди мүчө кылып киргизилчү эле, азыр анын бирөө да жок, деген пикирин Адахан Мадумаров айтты.

Адахан Мадумаров, "комиссия түзүлүп жатат, андан эч майнап чыккан жок. Нарын Айып чындыкты жазып койгон үчүн анын 90догу апасы чыркырап жатат, "мени үйүмөн чыгарбагыла"- деп. Бир жаран кыңк эттиби? Мына Кабай Карабеков отурат. Ошол эле криминалдык топтун мүчөсү Азиз Батукаевди качырып ийгени боюнча, "Мегаком", уулу таш көмүр ташып келген жана башкалар боюнча комиссия эмнени чече алды? — Эч нерсени", деп билдирди жыйында.

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости