Видео: кар жааганына сүйүнүп, мас болуп, жылаңач чечинген кыргыз кыздар

ВИДЕО: Кар жааганына сүйүнүп, мас болуп, жылаңач чечинген кыргыз кыздар

Биринчи кар жаады деп журтубуз жарым жартылай сүйүнүп, жарым жартылай кайгырып жаткан чак. Кээ бир райондордо же жылуулук жок, анысы аз келгенсип свет да өчүп калган.

Ошентип маанайы түшүп турган элди бир жыргатып коёлу дегенби, айтор өздөрү айткандай "бухтан" берип көчө таптап баскан мас абалындагы кыргыз кыздардын видеосу таркады. Видеону көргөндө алгач эле оюубузга булар кимдер, үйдө тыя турган ата-энеси, ага-иниси жокпу?- деген ойлор келди.

Чынында эле кыргыз кыздары "кыргыз арагын" колтукка кысып анысы аз келгенсип, аягында чечинип, жылаңач денесин көргөзгөнү кандай? Кыргызмын дегендер баарысы көргөндө эле көзүнө өөн учураса керек!

"Кызга кырк үйдөн тыю"- деген макал жөн жерден чыкпаган. Кыздар эмне болсоңор да ата-энеңерге сөз тийгизип жүзүн жерди каратпагылачы! Кандай гана адепсиз көрүнүш жылаңач денесин көргөзүп, сөгүнүп, арак ичип көчөдө басканыңар. Ойлонгула эртең силер эне болосуңар! Эртең өзүңөргө эле оорулуу баланын кереги жок болсо керек. Ден-соолугу бекем бала төрөш үчүн азыртадан өзүнөргө карагылачы көчө таптап сасып арак ичпей!

Булак: NazarNews.kg

Назар Новости