www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
0 74

Эртең Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

12-ноябрь 2019, 21:09 Айдар Нуралиев

Эртең оңдоо иштерине байланыштуу Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти. 9.30-15.00 —Үсөнбаев, 149; 9.30-17.00 — «Учкун» калктуу конушу (Огонбаев, Чымындык, Миң-Булак, Путейская, Чүй проспектиси), «Учкун-2»; 10.00-18.00 — «Ак-Тилек» (Мажүрүм-Тал, Чалдыбар, Жерге-Тал), «Каражыгач багы»; 15.00-17.00 — Юнусалиев, Матросов, Медеров, Скрябин, Суванбердиев, Найманбаев көчөлөрүнүн бир бөлүгү, Елецкий бурулушу; 9.30-18.00 — «Полиция шаарчасы» (9-көчө), «Алтын-Ордо», «Жумушчу ...

0 83

Сооронбай Жээнбеков Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу КР Мыйзамына кол койду

12-ноябрь 2019, 20:59 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» КР Мыйзамына кол койду. Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди. Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды ...

0 134

Кыргызстан-Жапония футбол оюнунун билеттеринин баштапкы баасы канча?

12-ноябрь 2019, 20:48 Айдар Нуралиев

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди. “Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот” деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө. 2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда ...

0 143

Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына

12-ноябрь 2019, 20:22 Айдар Нуралиев

Балдарды жаштайынан эмгекке үйрөтүү керек. Бул, албетте, ата-эненин милдети болуп саналат. Ар бир баланын үйдө өз милдеттери болууга тийиш. Албетте, ата-эне болгон соң балага кам көрүп, аябай койбойсуң. Бирок мээримдүүлүктүн дагы чеги болгону дурус. Аша чаап камкордукка алынган бала келечекте эрке, ата-энесине баш бербеген, кайрымсыз адам болуп чоңоюп калышы мүмкүн. Андыктан кайсы курактан баштап баланы эмгекке үндөй баштоо керектигин ...

0 273

Рактын биз анчейин көңүл бурбаган белгилери

12-ноябрь 2019, 20:15 Айдар Нуралиев

Учурда канчалык медицина өнүкпөсүн, онкологиялык оорулар адам өлүмүнүн негизги себептеринин бири бойдон кала берүүдө. Эң өкүнүчтүүсү, дарт өзү тууралуу кеч маалымат бергенинде. «Адамдар рактан коркушат, бирок анын алгачкы белгилерин издөөдөн эринишет» дешет онколог-дарыгерлер. Анын сыңарындай, денедеги биз көрүп-билип, бирок эч эле капарыбызга албаган белгилерден улам организмде залалдуу шишиктин очогу бар экенин баамдап, оорунун алдын алууга толук мүмкүн. Ич көбүү ...

0 140

Тарых музейи боюнча сот уланууда

12-ноябрь 2019, 20:09 Айдар Нуралиев

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кызматкери, экспонаттардын башкы сактоочусу Нурхат Иманкулова музейди реконструкциялоодо президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева музейдин кызматкерлерине басым кылганын айтты. Бул тууралуу ал 12-ноябрда сотто көрсөтмө берип жатып билдирди. - Бизге дайыма моралдык жактан басым болуп турган. Биз андан коркчубуз (ред: Мира Карыбаева). Анткени ал кызматкерлерге ар дайым кыйкырып, ...

0 140

Нарын шаарында таштанды салынуучу урналар орнотула баштады

12-ноябрь 2019, 18:26 Кызгалдак Жакыпова

Нарын шаарынын тазалыгы үчүн уюштуруучулар тарабынан таштанды салынуучу урналар орнотула баштады. Уюштуруучулар Нарын шаардык кенештин депутаты Айбек Муратбекович Токошев, жеке ишкер Рысбек Жакыпов жана 1986-жылкы балдардын демилгеси менен коюлду. "Нарын шаарыбыздын тазалыгы жалпыбызга" аттуу чакырык менен шаарыбызга таштандыны бөлүп (сорттоп)таштоочу урналарды орнотуудабыз, - дейт Айбек Токошев. Терен ыраазычылык: жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана орнотуу иштерине активдүү жардам берген инилерибизге билдиребиз! Булак:NazarNews.kg

0 154

Адамдын организми 24 саат бою иштейт

12-ноябрь 2019, 18:03 Айдар Нуралиев

Түнкү саат бирде: Өзгөчө ушул убакта адам таттуу уйкуда уктап жатса да, организми ар кандай ооруларга сезимтал болот. Болор-болбос дабышка да ойгонушу мүмкүн. Бул тууралуу "“Факты.kg” гезити жазып чыкты.  Түнкү экиде: Боордон башка дененин бөлүктөрү пассивдүү абалда болушат. Боор болсо, так ушул маалда организмдеги ууларды өлтүрөт. Эгерде ушул учурда сизден уйку качып жаткан болсо, эч убакта кофе же чай ичпеңиз. Андан ...

0 233

ИИМ жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү

12-ноябрь 2019, 18:07 Кызгалдак Жакыпова

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен дайынсыз жоголгон жаранды издөөнүн жүрүшүндө өздүгүн аныктоо максатында генетикалык экспертиза жүргүзүлдү 2019-жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын РФдеги Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчисинин жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлүн атына 1975-жылы туулган Ж.М. аттуу жаран дайынсыз жоголгон уулун издөөнү уюштурууга жардам берүүлөрүн суранып кайрылган. Анын 18 жаштагы уулу Ж.Д., Тверь облусунун аймагында жүрүп, ...

0 168

Саймаити өлтүрүлгөн жердеги унаа кимге тиешелүү экендиги аныкталды

12-ноябрь 2019, 17:44 Айдар Нуралиев

Стамбулда Айэркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык болгон. “Рейнж-Ровер” унаасы башкы консул Сопоковдуку болгон. Бул тууралуу  Тышкы иштер министрлиги маалымдады. Маалыматка караганда, Эркин Сопоков октябрь айында дипломаттык номерин кайтарбай туруп, «Рейндж Ровер» автоунаасын сатуу үчүн “Рамадан туризм” деген автосалонго таштаган. Ал эми Саймаитинин жанында эмне үчүн унаасы туруп калганын ...

0 518

Көрүүчү алпаруучу кызды оорудан сактап калды

12-ноябрь 2019, 17:30 Айдар Нуралиев

Австралияда Венди Маккой аттуу жаран Network 10 телеканалын көрүп отуруп, Актуанет Латуф аттуу журналисттин моюнундагы шишикти байкап калган. Көрөрман журналист кыздын  калкан безинин чоңоюп кеткендигин, тезинен доктурга кайрылыш керек экенин телеканалдын Facebook'дагы баракчасына жазган. Телеканалдын редактору бул туурасында алпаруучу Латуфка айкан. Бирок, ал көпчүлүктөн түрдүү комментарийлер келе берет дегенсип, көңүл бөлгөн эмес. Ошентсе да Антуанет Латуф эфирди кайрадан башынан ...

0 279

ВИДЕО - Саймаитини өлтүргөндөр полицияга алынып келинди

Видео 12-ноябрь 2019, 17:24 Айдар Нуралиев

Стамбул шаарында ишкер Айеркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелип кармалгандарды полиция имаратына алып келген учурдагы видеону түрк басылмалары чыгарды. Видеодон полициянын эки унаасы менен үч кишин алып келгенин көрүүгө болот. Эске салсак, 11-ноябрь күнү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык ...

0 138

JashtarCamp 2019: Санарип муун. Санарип дүйнөсүнөн өзүӊдү тап!

12-ноябрь 2019, 17:28 Айдар Нуралиев

Бүткүл дүйнөлүк Жаштар күнүнө карата 9 жана 10-ноябрь күндөрү Кыргызстандын бүткүл облустарында жана Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Талас, Нарын, Каракол шаарларында Jashtar Camp 2019 конференциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу Камила Алыкулова билдирди.  Jashtar Camp – бул жыл сайын интерактивдүү форматта өткөн. Атайын жаштарга арналган конференция. Быйылкы Жаштар Кэмп «Санарип муун. 21-кылымдын кесиптери» темасына арналып, «Санарип дүйнөсүнөн өзүӊдү тап!» урааны менен өттү. ...

0 1077

"Мен мындай акчаны көргөн эмесмин”. Екатерина Андреева Малаховдун айлык акысына таң калды

12-ноябрь 2019, 17:05 Бакыт Молдалиев

Орусиянын Биринчи каналындагы “Время” программасынын белгилүү алпаруучусу Екатерина Андреева “Русское радио” эфиринде Андрей Малаховдун алган айлыгына таң калып, өзү андан өтө эле аз аларын билдирди. Ошондой эле, алпаруучу Орусиядагы эркектер менен аялдардын айлык акысы бирдей болбоорун кошумчалады.  Буга чейин Андрей Малахов Ксения Собчак менен болгон интервьюсунда Биринчи каналда иштеп жүргөндө 50 миң доллар айлык алып жүргөнүн айтып, Владимир Познер ...

0 155

ФОТО - ЖК Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

12-ноябрь 2019, 16:56 Айдар Нуралиев

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.  Төрага Дастанбек Жумабеков жетекчилик кылган жыйынга кеңештин мүчөлөрү, Өкмөттүк мекемелердин, бир катар коомдук уюмдардын жана ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты. Алгач ишкердик субъектилерин текшерүү тартибине байланышкан мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр каралып, Төрага Дастанбек Жумабеков ишкердик ...

0 131

Өлө-сөлө өкмөт, өлкөнүн өксүктөрүн качан көрөт?

12-ноябрь 2019, 17:15 Айдар Нуралиев

Кыргызстандагы буга чейин болуп келген ар кандай тендерлерде коррупциялык элементтер, кала берсе өлкөнүн кызыкчылыгы аз болгон жагдайлар арбын экени айтылып эле келет. Кыргызстан жаш өлкө. Куруу, салуу, ишке ашыруу, иш орундарын түзүү сыяктуу алгылыктуу иштерди жасоодо бир топ аракеттер менен алдыга жыла турган өлкө. Мына ушул багытта алганда, куруу иштериндеги аракеттерде ар дайым аксап келет. Муну өз күчү менен эмес ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 245

Касым-Жоомарт Токаев Кыргызстанга эмне себептен келет?

12-ноябрь 2019, 16:44 Кызгалдак Жакыпова

Касым-Жомарт Токаев 27-ноябрда Кыргызстанга келет. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.  Чынгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жыйынына даярдыктардын алкагында аткарылып жаткан жумуштар жөнүндө билдирди. Ушул жылдын 28-ноябрында Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы астында өтө турчу иш-чарага Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчыларынын жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.    Булак:NazarNews.kg  

0 156

Куралданган мал уурулар кармалды

12-ноябрь 2019, 17:02 Бакыт Молдалиев

Кочкор районунда мал уурулукка шектелген 5 адам кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, ички иштер бөлүмү атайын буйруктун негизинде өткөрүлгөн “Касапчы” операциясынын жүрүшүндө Кочкор РИИБи менен  ИИМдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан мал уурулукка шектелген беш адамды кармады.  “1979-жылы туулган Ш.Ж. аттуу Ысык-Ата районундагы Төмөнкү Нооруз айылынын тургуну, 1992-жылы туулган  Ж.у.Т. аттуу Кочкор районуна ...

0 216

ЧУКУЛ КАБАР!

12-ноябрь 2019, 16:45 Кызгалдак Жакыпова

Өлкө аймагында 12-ноябрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Каракол—Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 76-90 чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Булак:NazarNews.kg    

12-ноябрь 2019, 16:45 | 216
0 131

Назарбаев Путин менен Зеленскийге ортомчу болот

12-ноябрь 2019, 16:28 Айдар Нуралиев

Казакстандын биринчи президенти  Нурсултан Назарбаев Россия менен Украинанын президенттерине Казакстанда  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизди. Ал бул тууралуу “Мен Украинанын президенти Зеленский менен жолуктум, аны уктум. Ал эми,  кечээ күнү Владимир Путин менен бул көйгөйдү кантип чечүү керек деген темада сүйлөштүм. Мен ойлойм, Россия менен Украинанын президенттери өздөрүнчө ээн-эркин сүйлөшүшсө жакшы болмок”, -деп “Астана клуб” дискуссиялык аянтчасында билдирди. Назарбаевдин айтымында, ...

0 276

Эртеңки күнгө карата аба ырайы тууралуу маалымат

12-ноябрь 2019, 16:28 Кызгалдак Жакыпова

Эртең, 13-ноябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас облустарынын айрым райондорунда туман түшөт деп билдирет Кыргызгидромет. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетиши мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2 күндүз +6…+11 Талас облусунда түнкүсүн -1…-6 күндүз +7…+12 Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3 күндүз +10…+15 Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3 күндүз +10…+15 Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7 күндүз +4…+9 Нарын ...

0 290

Малайзиянын падышасы Мухаммад мурдагы аялы Оксана Воеводина жана уулу менен катышпоо үчүн канча төлөйт?

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Малайзиянын падышасы Мухаммад V россиялык Оксана Воеводина экөөсүнүн ортосундагы уулуна буга чейин ай сайын 2 милллион рубль алимент төлөөдөн баш тартып келген. Бирок, ал жакында өзүнүн мындай чечиминен баш тартып, Воеводинага 16 миллион рубль берип, баш оту менен кутулууну чечти.   Ал үчүн падыша баласынын атына фонд ачып, ал жакка аталган сумманы котороорун билдирип, дагы 10 ай аралыгында кошумча 6 ...

0 139

Уурулукту ооздуктаган бүбү

12-ноябрь 2019, 16:43 Айдар Нуралиев

Ууру пайда болуптур, жиги билинбейт деп кайрадан айыл ичи уу-дуу, аңыз кепке толду. Иш козголсо, ууру болуп ким чыгар экен. Киши бири-бирине тоскоолдук жаратпай өмүр кечире албайбы деп ойлонуп отуруп, бир учурдагы атамдын иш-тажрыйбасын эстедим. Совет мезгили эле. Анда бүбү-бакшыларга ишенмек түгүл, ишенген кишилерге катуу тыюу салынган учур. Атам милиция кызматкери болуп иштечү. Бир айылдан төрт жылкы жоголуп, райондо катуу ...

12-ноябрь 2019, 16:43 | 139
0 129

Боливиянын президентине Мексика баш калка берди

12-ноябрь 2019, 16:09 Айдар Нуралиев

10-ноябрда отставкага кеткен Боливиянын президенти Эво Моралес Мексикага учуп кетти. Бул тууралуу Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард Твиттердеги баракчасына жазып чыкты. Эске салсак, Боливиянын президенти Эво Моралес аргасыздан отставкасын жарыялаган. Анын бул кадамына элдин толкундоосу себеп болгон. Аталган өлкөдө оппозициянын митинги үч жумадан бери уланып жатат. Нааразычылык акциясында курман болгондор жана жаракат алгандар бар. Нааразычылыкка чыккандар Эво Моралести ...

0 338

Бала бакчага кирип уу чачып жиберген

12-ноябрь 2019, 15:46 Айдар Нуралиев

Кытайдын  Юньнань провинциясындагы бала бакчалардын биринде жаш балдар ууланышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Болжол менен 51 бала жана бала  бакчанын үч кызматкери ууланышкан. Бала бакчага бир киши колуна уулуу затты көтөрүп кирип чачып жиберген. Уулангандын экөөсүнүн абалы оор, ал эми калгандарынын абалы биз аз туруктуу.  Окуя, 11-ноябрда күндүз болгон. Кылмышка шектүү деп кармалган жаран, 23 жаштагы ...

0 852

Текебаев "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен кошуна

12-ноябрь 2019, 15:38 Темирлан Келдибеков

Парламентти өз жайытындай сезип калган эл өкүлү Өмүрбек Текебаев бийликтегилерди кезек менен коркутуп, криминалдар менен күрөшөм деп 2010-жылы шайлоодон өтүп келген. Ал парламент отурумунда ИИМдин жетекчилерине өкүм сүйлөп, кримавторитет делип жүргөн Камчыбек Көлбаевдин Кырчын жайлоосуна барып депутаттар менен кошуна боз үйдө конок болгонун сындап, "эмне, биз менен атаандашкысы барбы анын?!" деп жаны кашайган. Албетте, кантсе да укукту жадыбалдай окуп, ...

0 299

ФОТО - ЧУКУЛ КАБАР! Айэркен Саймаитини өлтүргөндөрдү түрк полициясы кармады

12-ноябрь 2019, 16:45 Аман Аскаров

Стамбул шаарында ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды. Алар Адана шаарынан Сирияга өтүп кетүү маалында кылтакка илинген. Белгилүү болгондой алардын экөөсү кыргызстандык, бирөө Сириянын жараны. Бул тууралуу Sondakika басылмасы Anadolu (Акыркы мүнөттө) агенттиги жазды. Маалым болгондой, шектүүлөр Түркиядан Сирияга чыгып кетүүгө аракет кылаарда Түркиянын түштүгүндөгү Адана аймагынан кармалган. Ал жакта жүргүзүлгөн ...

0 195

 “Кыргызавтомаштын” айдоочусу. Иштен айдалган Стамбулдагы башкы консул Эркин Сопоков дагы кай жерлерде иштеген?

12-ноябрь 2019, 15:21 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоковду кызматтан алуу тууралуу указга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга башка өлкөнүн жаранынын анын унаасында жүргөндүгү себеп болушу мүмкүн. Эске салсак, 11-ноябрь күнү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу жараткан ...

0 74

Ойго келбес окуялар: Аба таксилери

12-ноябрь 2019, 15:23 Айдар Нуралиев

Airbus европалык консорциуму шаар ичине аэротаксилерди сыноого киришти. Учурда иштелменин авторлору учуучу аппараттын кыймылдаткыч системасын текшерүүдөн өткөзүүдө. Ушундан кийин жакынкы убакта Европанын ири шаарларынан City Airbus аба таксилерин көрүп калышыбыз ажеп эмес, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити бүгүнкү чыккан санында. Бул долбоор 2015-жылдан бери иштелип келет. Авторлордун пикирине ылайык, долбоор ийгиликтүү түрдө ишке ашса, анда аэротакси 2-4 ...

0 375

ФОТО - ИГИЛдин согушкерлери абакта кандай күн кечиргени кызык болсо, көрүңүз!

12-ноябрь 2019, 15:24 Аман Аскаров

ИГИЛ террористтик кыймылы дүйнө коомчулугун өзүнүн мыкаачылыгы менен үшүн алып келген. Эми бул уюм талкаланып, анын көпчүлүк мүчөлөрү коалициялык күчтөр (НАТО блогу), дагы башка тобу Сирия, Россия, Түркия жана Ирандын куралдуу күчтөрү тарабынан жок кылынса, тирүү калгандарынын көпчүлүгү туткундалган. Аталган уюмга каршы күрд боштондук аскерлери дагы күрөшкөн. Учурда күрддөрдүн карамагындагы абактарда 12 миңге жакын ИГИЛ террористтик кыймылынын согушкерлери күн кечирүүдө. Алардын ...

0 142

Депутат Марлен Маматалиев Алай районунда иш сапары менен болду

12-ноябрь 2019, 15:09 Айдар Нуралиев

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев Алай районунун Үч-Дөбө айылына мурда бир келгенде үй-бүлөлүк дарыгерлер борборун курдуруп берүүнү убада кылып кеткен. Натыйжада, эл аралык фонддун көмөгү, депутаттын жеке кийлигишүүсү менен жаңы имарат тургузулуп, пайдаланууга берилип отурат. Бул үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору эл аралык фонддун жана депутаттын жеке каражатынын эсебинен курулган. Бюджеттен кезек күтүп отурбай минтип жаркыраган имараттын курулуп калганы айылдыктар үчүн, ...

0 172

Бийчисизби? Анда сынакка катышып, Америка жана Европа мамлекеттеринен бекер билим алыңыз

12-ноябрь 2019, 15:08 Айдар Нуралиев

Алгачкы жолу Бишкек шаарындагы балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт. Бишкек шаарында 2019-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү  Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен балет мектептеринде билим алып жаткан окуучулар жана элдик коллективдердин арасында эл аралык «Youth America GrandPrix – Бишкек, Кыргызстан» сынагы өтөт. Сынактын ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 87

Зомби - бактериялар

12-ноябрь 2019, 15:06 Айдар Нуралиев

Жакында бактерияны изилдей турган Амстердам университетинин адистери кызыктуу жагдайга туш болушкан, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити. Тагыраак айтканда, бактерия жетиштүү азыктанбай калса, ачкачылыктан жардам берүүчү зомби режимине өтүп кетери аныкталып отурат. Мындан сырткары бактериялар стресс учурунда атайы булутчага оронуп, жогоруда аталган режимде жашай берери аныкталган. Мисалы, топуракта жашоочу Bacillus subtilis бактериясы азык талап кылынбаганда ушул режимге өтүп кетет ...

12-ноябрь 2019, 15:06 | 87
0 251

Кыргызстанда баа кымбаттап жатабы?

12-ноябрь 2019, 15:01 Кызгалдак Жакыпова

  Быйыл былтыркыга караганда уйдун эти 20 сомго кымбаттады. Бул жылы Кыргызстанда малдын эти эле эмес ун да кымбаттаган. 2019-жылдын октябрь айынын жыйынтыгы менен өткөн жылдын бул мезгилине салыштырмалуу 1-сорттогу ун 6,6 пайызга, жогорку сорттогу ун 3,3 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети он айлык жыйынтыгын жарыялаганда маалымдалат.  2018-жылдын октябрь айында 1-сорттогу ундун баасы 29,25 сом, жогорку сорттогу ...

0 563

45 жаштагы майып аялды зордуктаган жаш жигитке өкүм чыкты

12-ноябрь 2019, 15:00 Бакыт Молдалиев

Токтогул районунда 25 жаштагы жигит мүмкүнчүлүгү чектелген 45 жаштагы аялды зордуктап салган. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.  Маалыматка караганда, ушул жылдын 13-августунда түнү белгисиз адам Бала-Чычкан айылында жашаган 1974-жылы туулган К.А.Э. аттуу 2-топтогу майыптын үйүнүн эшигин тээп сындырып, аял уктаган бөлмөгө кирип, аны күч колдонуп зордуктап салган.  Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам териштирүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада ...

0 256

Өкмөт башчысынын уулдары кандай жашашат?

12-ноябрь 2019, 15:04 Темирлан Келдибеков

Өз мекенин сатып, каршылаш мамлекетке уялап кеткен Илья  Медведев - Орусия  Федерациясынын премьер-министри Дмитрий Медведевдин жыйырма төрт жаштагы  уулу. Медведев АКШнын жараны, АКШ болсо Орусияны душман катары көрүп Орусиялык жарандарды кара тизмеге алып, камап келатат. Таң калычтуусу, Орусиянын өкмөт башчысы Медведевдин уулун кармамак түгүл мыкты бизнесмен кылып алышкан же Трамп менен ЦРУ аны билбейт дейсиздерби?

0 106

Жээнбеков: "Өлкөдө экологиялык таза электр энергиясына өтүү үчүн олуттуу потенциал бар"

12-ноябрь 2019, 14:50 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган «БУУнун  Климаттын өзгөрүшү жөнүндө Рамкалык Конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо жөнүндө» КР Мыйзамына кол койду. Бул боюнча ал 12-ноябрда өткөн «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумунда билдирди. Мамлекет башчысы өлкө глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотуу боюнча дүйнөлүк коомчулуктун ...

0 266

Айсберг - өлтүргүч

12-ноябрь 2019, 14:44 Айдар Нуралиев

Гренландиянын чыгыш аймагындагы Иннаарсуит кыштагынын тургундары жээкке жакындап келген зор айсбергдин айынан бөлөк жерге көчүүгө аргасыз. Кыштак кеңешинин мүчөсү Сюзанн Элиассен: "Тоодой болгон музда жарака бар экен. Ал кайсы убакта болбосун кулап түшүп, кыштакты суу басып калышы мүмкүн. Электростанция менен күйүүчү майдын запасы да жээкке өтө жакын жайгашкан. Мунун баары бизди кооптондурууда", - дейт. Буга чейин эксперттер климаттын өзгөрүшүнөн ...

12-ноябрь 2019, 14:44 | 266
0 835

ШОК! ФОТО - ВИДЕО - Жапжаш кыздын атактуу, улгайган көңүлдөшү Олег Соколов кызды кантип өлтүргөнүн айтты

Видео 12-ноябрь 2019, 15:00 Аман Аскаров

9-ноябрь күнү Мойки дарыясынын жээгинде 60-65 жаштар чамасындагы адам бутуна тура албай, сууда ары-бери чайпалып жүргөн. Жергиликтүү тургундар аны алып чыгуу аракетин көргөнү менен негедир ал колундагы баштыкты сууга чөктүрүүнүн аракетин көргөн. Кийинчерээк окуя болгон жерге дарыгерлер чакыртылган. Бирок, дарыгерлер менен бирге эле полиция кызматкерлерин чакыртууга туура келген. Себеби, ал адамдын колундагы баштыкта жиликтенген адамдын колу табылган. Ал дароо ...

0 461

Стамбулдагы башкы консул иштен айдалды. Анын Түркияда өлтүрүлгөн Саймаитиге тийешеси барбы?

12-ноябрь 2019, 14:34 Айдар Нуралиев

Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков кызматынан айдалды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты. Маалыматка караганда, Эркин Сопоковду кызматтан алуу тууралуу указга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Эске салсак, 11-ноябрь күнү Кытайлык ишкер Айэркен Саймаити аттуу жаран Түркияда киши колдуу болуп каза тапкан. Ал, 2016-жылдан тарта алдамчылык жана ири кылмыштар боюнча айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн эле. Кыргызстанда талкуу ...

0 862

Биринчи жолу кара терилүү адам бетин алмаштырды

12-ноябрь 2019, 14:38 Айдар Нуралиев

Бетин алмаштырган биринчи кара терилүү адам. Операция 16 саатка созулуп, ага 45 врач катышкан. Мындай маалыматты уккандар поп-король Майкл Жексончу, ал деле бетине операция жасатып, ак терилүү болбоду беле деген суроо туулушу ыктымал. Бирок бул жолу биринчи жолу кара терилүү адамга дал өзүнүкүндөй бет коюлду. Ошентип Калифорниянын 68 жаштагы жашоочусу Роберт Челси биринчи жолу бетин алмаштырган кара терилүү адам ...

0 96

ВИДЕО – Илбирс камераны жеп коё жаздады

Видео 12-ноябрь 2019, 14:20 Айдар Нуралиев

Ысык-Көл облусунда GoPro камерасы илбирсти тартып алган. Германиянын жаратылышты коргоо союзу (НАБУ) бул видеону Твиттердеги баракчасына жарыялашкан. Маалыматка караганда, GoPro журналисттери НАБУнун Ысык-Көл облусунда жайгашкан реабилитациялык борборуна барышкан. Борбордо илбирстер да бар. Булак: NazarNews.kg

0 280

«Гүл өссө жердин көркү, чал кетсе элдин көркү». Казактар каардана баштады, “Желтоксан” (декабрь) келатабы?

12-ноябрь 2019, 14:20 Темирлан Келдибеков

Учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 66 жашта. Жашы 80ди чамалаган Нурсултан Назарбаев президенттиктен кеткени менен таасири күчтүү. 1986-жылы декабрда же казакча желтоксанда Алматыда казак Динмухаммед Кунаевдин ордуна улуту орус Колбин келгени үчүн казак жаштары көтөрүлүп Желтоксан окуясы болгон. Ошонун негизинде Назарбаев бийликке келген. Эми «Ойгон, Казакстан» жарандык кыймылынын митингине 80дей киши келген. Алар негизинен саясий системаны алмаштырып, супер президенттик башкаруудан ...

0 150

Эрдоган АКШга бара турганын айтты

12-ноябрь 2019, 13:55 Айдар Нуралиев

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча бүгүн ал өлкөгө сапар жасайт. Бул тууралуу маалыматты трт.нет кабарлады.  Маалыматка караганда, Эрдоган, Трамптын чакыруусу боюнча 12-13-ноябрь күндөрү АКШга иш сапары менен барат. Эрдоган сапарынын алкагында АКШнын президенти Трамп менен жолугат жана делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылат. Жолугушууларда Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралат. Сапардын алкагында ...

0 406

ВИДЕО - Москвалык дарыгер Самат Курманкуловдун абалына так мүнөздөмө берди

Видео 12-ноябрь 2019, 13:57 Аман Аскаров

Кечээ күнү Москва шаарынын реабилитациялык борборлорунун биринде дарылануусун улантып жаткан Чүй ОИИББнин башчысы Самат Курманкуловго Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев барып, президент тарабынан ыйгарылган “Эрдик” медалын колуна тапшырып келген. Курманкулов дарыланып жаткан борбордун башкы дарыгери Татьяна Шаповаленко бейтаптын абалы тууралуу Коомдук биринчи каналдын журналисттерине төмөндөгүлөрдү айтып берди.  “Бейтап учурда акырындык менен басат, көнүгүүлөрдү өз алдынча аткарууга дарамети жетет. Өзү отурат, турат, ...

0 147

Кыргызстанда ылдамдыкты жогорулатууга уруксат берилди

12-ноябрь 2019, 15:33 Айдар Нуралиев

Кыргыз өкмөтү айдоочуларга эл аралык жана республикалык маанидеги жолдордо саатына 110 чакырым ылдамдыкта жүрүүгө уруксат берди. Жол кыймылынын эрежесине тийиштүү өзгөртүүлөр 2019-жылдын 31-октябрында киргизилген. ИИМден түшүндүрүшкөндөй, ылдамдыкты көбөйтүү эл аралык маанидеги жолдордун унаа өткөрүү жөндөмдүүлүгүнүн жогорулашына байланыштуу. Анда сырткары, жогорку ылдамдыктагы коопсуз унаалардын паркы көбөйүүдө. Бирок азырынча кайсы тилкелерде жана трассаларда мындай ылдамдык менен жүрүүгө боло турганы так айтыла ...

0 136

ФОТО - Дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлери сыйланышты

12-ноябрь 2019, 13:22 Айдар Нуралиев

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, дипломатиялык кызматтын бир катар кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси дипломатиялык рангы берилди: — Жунусов Ибрагим Коджоназаровичке — Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси.  Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси дипломатиялык рангы берилди: — Ниязалиев Нуран Садыровичке — Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басарына; — Алымкулов ...

0 325

ФОТО - Президент Жээнбеков "понт" дегенди билбейт экен

12-ноябрь 2019, 13:16 Аман Аскаров

Президент Сооронбай Жээнбеков “Манас” аэропортунан чыгып бара жатып шурудай тизилген кортежден баш тартыптыр. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын башчысы Улан Жумаков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты. Ал “ишене албай турам. Жакында президент кайсы бир өлкөдөн иш сапары менен келип конгондон кийин, аэропорттон аны коштоп жүрүүчү кортежден, атайын үн коштоочу жабдыктардан, ар кандай “понттордон”, күзөтчүлөрдөн баш тартты. Акырын келди, кетти. Эч ...

Жарнама үчүн орун!
600 x 50
0 162

Премьер кайда - казы, карта, чучук, мискейде, спикер кайда - капсула куюп жүрөт лицейге

12-ноябрь 2019, 13:18 Темирлан Келдибеков

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында курулушу башталган №47 кесиптик лицейдин филиалынын жаңы имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына жана аш-чарасына катышты. Аталган долбоор Катар мамлекетинин кайрымдуулук фонддору тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Кесиптик башталгыч билим берүү агенттиги ишке ашырууда. 120-150 орунга ылайыкташтырылган имаратта веб-дизайн, системалык администрация, интернет-технология, программалоо ...

0 125

ФОТО - Жалал-Абадга 1,9 миллион евро өлчөмүндөгү грант бөлүндү

12-ноябрь 2019, 13:40 Айдар Нуралиев

Жалал-Абад облусунун жергиликтүү экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу аракеттери колго алынууда. Бул багытта аймакта 2022-жылга чейин айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармактарында колдоо тапкан долбоорлор жүзөгө ашырылат.  Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти.  “Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасынын” алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылып, ишке ашуу алдында. Ага Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу ...

Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83