Ат сүйрөп каза болгон кыз асема токтобекова тартып жаткан тасмада иштеп жаткан

Ат сүйрөп каза болгон кыз Асема Токтобекова тартып жаткан тасмада иштеп жаткан

Ат сүйрөп каза болгон кыз актриса, режиссёр Асема Токтобекованын тасмасынын тартуучу тобунда иштеп жаткан. Бул тууралуу Токтобекова социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазып чыкты.

"Хадижа… Бир тууган болуп калдык эле баарыбыз. Биздин киногруппабыздын администраторун жоготтук…", — деген ал баракчасындагы билдирүүсүндө. Асема Токтобекованын жакын адамдарынын бири кырсыктын чоо-жайын айтып берди: "Хадижа тасманын үстүндө иштеп жаткандарды толуктап, алардын тамак-ашын камдатып, уюштуруу иштерин аткарып жүрчү. Ал күнү тартуучу топ менен тасма тартылып жаткан аянтка барган. Топтогулар тасма тартууга алаксып кетишкен. Бир учурда аттын ээси "ат келди, кызыңар жок" деп келгенде, тартуучу топтогулар Хадижаны издеп таап, ызы-чуу түшүп, "Тез жардамды" чакыртышыптыр, бирок ал жолдон кайтыш болуптур".

1992-жылкы Хадижа Исмаилова кечээ, 25-майда Сокулукка жерге берилди. Эскерте кетсек, 24-майда Чүй облусунун Панфилов районунда тасма тартуучу топтун мүчөсү Хадижа Исмаилова каза болгону тууралуу маалымдалган эле.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Назар Новости